Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КОМИССИЯ ЖЭБдеги АВАРИЯГА КҮНӨӨЛҮҮНҮ ТАПТЫ

№798 16-22-февраль 2018-жыл

Бишкектин жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариянын келип чыгуу себептерин иликтөө үчүн түзүлгөн мекемелер аралык комиссия ишинин алдын ала жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, ЖЭБдеги аварияга «Электр станциялары» ишканасы менен ЖЭБдин жооптуу кызмат адамдарынын одоно эреже бузуулары себеп болгону айтылды. Комиссиянын маалымдашынча, тийиштүү кызматкерлер суу кампаларындагы тузсуз суунун көлөмүн жетекчилердин уруксатысыз кескин түрдө азайтып жиберген. Мындан улам жабдуулар иштен чыга баштаган. 24-январда суу адаттагыдан 1,5 эсе көп колдонулуп, имараттагы сууктан улам анын көлөмүн өлчөөчү жабдыктар тоңуп, насостор иштебей калган. «Тийиштүү кызматкер жабдуулардагы мүчүлүштүктү өз убагында аныктай алган эмес. Авариялык кырдаалда ар бир цехтин кызматкери өз алдынча иштеп, ишти жалпы координациялоо жүргүзүлгөн эмес»,- деп айтылат комиссиянын жыйынтыгында.
Ошентип, ЖЭБдеги аварияга бир нече жагдай себеп болгон: маселени жөнгө салууда кызматкерлер бирдиктүү аракет жасабаганы, керектүү суунун аздыгы, имараттардын күз-кыш мезгилдерине даярдалбаганы жана башкалар.
Эске салсак, 26-январда ЖЭБде авария болуп, Бишкек шаары 5 күн жылуулуксуз калган. Буга байланыштуу Башкы прокуратура «шалаакылык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, ЖЭБдин директору Нурлан Өмүркул уулу иштен алынды.
Кытайдан карызга алынган 386 миллион долларга ЖЭБ жаңыланып, 2017-жылы пайдаланууга берилген эле. 386 миллион доллар натыйжасыз пайдаланылганы айтылып жатат. Акча кантип жумшалганын учурда Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы иликтөөдө.


Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо