-

Быйыл Кыргыз өлкөсүнүн жарандарын
АЖЫЛЫК САПАРГА Сауд Арабиянын «Flynas» авиакомпаниясы ташыйт. Авиабилеттин баасы 1550 долларды түздү. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.
-
2017-жылы өлкөдө РАК ИЛДЕТИНЕН жабыркаган 18 бала көз жумган.
-
Жогорку Кеңештин V чакырылышында «Республика» фракциясынан депутат КУРМАНБЕК ДЫЙКАНБАЕВ президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Буга чейин аталган кызматты Молдакун Абдылдаев аркалап келген.
-
2017-жылдагы эсептөөлөргө караганда, өлкөдө 34 443 ТОО ТЕКЕ, 1207 КАМАН, 3832 ЭЛИК, 26 728 УЛАР жана 20 МАДЫЛ жашайт.
-
Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты ЧОЛПОН ЖАКУПОВАны экс-президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВге соттон утулган 3 миллион сомду өндүрүү үчүн Ысык-Көл облусундагы коттеджин сатыкка коюуга милдеттендирди.
-
Кыргыз өлкөсүндө жаныбарларга АҢЧЫЛЫК КЫЛУУГА байланыштуу 359 эреже бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги кабарлады.
-
2018-жылдын январь айында өлкө боюнча 6 миллиард 70,5 миллион сом САЛЫК ЧОГУЛДУ. Аталган маалыматты Мамлекеттик салык кызматынан таратышты.
-
2017-жылы Баткен жана Чүй облустарында КУРГАК УЧУК менен ооругандардын саны өскөн. Бирок жалпы өлкө боюнча аталган илдетке кабылгандардын саны 3,1 пайызга азайган.
-
2017-жылы бюджеттен ЖӨЛӨК ПУЛ үчүн 6 миллиард сом бөлүнсө, 2018-жылы 7 миллиард 8 миллион сом бөлүү пландалган. Бул тууралуу каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.
-
Мектеп бүтүрүүчүлөрүн ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨГӨ каттоо 15-февралдан 5-апрелге чейин өтөт. Тестирлөө боло турган күн 14-19-майга пландалууда. Бул боюнча Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
-
Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигинде 5280 ЖУМУШЧУ ИШТЕЙТ. Аталган маалыматты премьер-министр Сапар Исаков парламент жыйынында айтты.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg