Лутфилла Бусурманкул уулу, ырчы, продюсер: «КЭЭ БИР ЫРЧЫЛАР ӨЙДӨ КАРАП ТҮКҮРҮШӨТ. АЛ КАЙРА ӨЗҮНӨ ТҮШӨРҮН БИЛИШПЕЙТ»

№798 16-22-февраль 2018-жыл

Туулган жылы – 1985-жыл, 16-июль
Туулган жери – Ош облусу, Чоң-Алай району, Жайылма айылы
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы
Билими – Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетин, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин телерадио жана режиссура бөлүмүн аяктаган
Репертуарындагы ырлары – «Чоң-Алай», «Дилбарым», «Жылкычы кыз», «Аллах», «Сардал кыз», «Жийде жыты» жана башкалар
Учурда – «Пирамида» телеканалынын продюсери

– Салам, Лутфилла. Ысымың өзгөчө. Ошол себептенби, айтор, сени көпчүлүк «кытайлык кыргыз» деп жүрүшөт...
– Ысымым араб тилинен которгондо «бүт аалам Аллахты сүйөт» дегенди билдирет. Бир нече жыл мурун концерт коюп Кытайга барып, ал жактагы кыргыздардын арасынан атамдын туугандарын таап келгем. Ошондон улам мени кытайлык кыргыз деп ойлогондор көп. Бирок мен Чоң-Алайда эле туулуп-өскөм.

– Чыгармачылыгың, иштериң жакшы болуп жатабы?
– Баары жакшы. Өнөр дүйнөсүндөгү чоң казанга аралашып, маданият тармагында өзүмдүн алгылыктуу иштерим менен аздыр-көптүр элиме таанылып келе жатам. Алган билимдеримдин үзүрүн көрүп, бир эле ырчы катары эмес, продюсер, концерт уюштуруучу, тамада, ошону менен катар клиптерди тартып келем. Соңку ирет Султан Садыралиев менен Марсианын «Махабат дастаны» аттуу ырына клип тарттым. Мындан тышкары телевидение тармагында да көп жылдан бери эмгектенип жүрөм. Ырчылардын жеке концерттеринен тышкары буга чейин 42 кайрымдуулук концерт өткөрүп, жардамга муктаждарга кол сунуп келем. Үй-бүлөдө мыкты кожоюн, камкор атамын. Мунун баарына убакыт бөлсө, жетишсе болот.

– Жаш таланттарга да жардам көрсөтүп жүргөнүңдү билебиз.
– «Булак көрсөң көзүн ач» деген жакшы сөз бар. Кээ бир таланттар устат тандоодон, чыгармачылык чөйрөгө аралашуудан көп адашат. Мен дагы башында көп кагылдым-согулдум, алдандым. Ошондо «эгер мен өнөр дүйнөсүнөн өз ордумду тапсам, сөзсүз жаштарга жардам кылам» деп өзүмө сөз бергем. Ошол себептен көптөгөн жаңыдан сахнага аттанып жаткан таланттарга керек учурда жардам берип, өзүмдүн салымымды кошуп келем. Эң алгач Улан Осмон уулуна продюсер болуп, ал менин үйүмдө жашап, өз баламдай кам көрдүм. 5 айдай иштешип, Уланды көптөгөн жерлерге таанытканга аракет кылдым. Андан кийин Кудайберди Айтбосунов, Жоодарбешим деген ырчы жигиттер менен иштешип жакшы ийгиликтерге жеттик. Азыркы күндө Марсиана, Мурадил Данияров деген жаш ырчыларга продюсер, андан тышкары ырчылар Гүлжигит Сатыбеков, Айжамал Кабылова жана «Кыз-Бурак» тобуна менеджерлик кылып жүрөм.

– Жардамыңды билбей, «боорго тепкендер» да болобу?
– Жардамыңды баалабай, «өйдө карап түкүрүп» кеткендер да бар. Өйдө карап түкүргөн түкүрүгү кайра келип өзүнүн бетине түшөрүн билишпейт. Атам мага «Бир ирет туз таткан жериңе миң мертебе салам айт» деп көп айтчу. Андай адамдарды «сен жаман адам болгон үчүн Кудай мени сенден ажыратты» деп туура түшүнүү менен кабыл алам. Эгер сен жакшы адам болгонуңда дагы иштешип, көп ийгиликтерди багындырат элек деп изги тилектеримди ичимден айтып коём. Менден кетип эле жыргап кеткендерин көргөн жокмун. Кайрадан кечирим сурап келгендери бар. Кечиримдүү боло билүү да керек. Кээ бирөө мен аркылуу менин тааныштарым менен таанышуу максатында келишет.

– Үй-бүлөң, ата-энең тууралуу да айта кетсең.
– Атам Чоң-Алайда жайлоолорго жол салган, ак эмгеги менен акча тапкан, айыл эли урматтаган аксакал. Апам да саанчы болуп адал эмгек кылган адам. Мага талант ата-энемден өткөн. Атам комузду жогорку деңгээлде чертет. «Сен канча жыл окусаң да комузду үйрөнбөй койдуң» деп мени дайыма урушат. Апам жакшы ырдайт. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын кенжесимин. 2 эжем, 1 агам бар. Өзүм классташ кызыма үйлөнгөм, Кутман, Темурлан деген 2 уулум бар. Экөө тең чыгармачыл болот деп ишенем. Анткени азыртадан эле улуу балам камераларды кармалап, тартуу иштерине кызыкса, кичүү уулум бийчи Атай Өмүрзаковду туурап бийлегенди жактырат. Келинчегим чыгармачылыгымды колдоп, кеңештерин айтат, тапкан-ташыганымды ыгы менен колдонуп, баарына жеткирип келет.

– Ишиңе ийгилик.


Асхат Субанбеков
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(22)
20.02.2018. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Охоооо
20.02.2018. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз Лутфилла Аке чон алайдын сыймыгы
20.02.2018. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Опкосун колтуктап алган немедей элес калтырат
20.02.2018. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
radostmoya,сонун коммент го.Айдин Шерге окшошуп кетет экен.
20.02.2018. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы ийгиликтер болсун
20.02.2018. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мынча мактанган.Опкосун колтуктабай эле пакетке салып которуп алган го))
20.02.2018. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Эч коммент жазбайт элем. Интервьюсун окуп отуруп, адамдын баркын мактанчаактык кетирет деген соз эсиме тушуп кетти.
20.02.2018. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Сууга салса чокпогондордонго))) элдерге таанылганга жардам бербей эле озунуз дурустап таанылып алынызчы. Мен тааныбайт экенмин.
20.02.2018. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Улан сенсиз да чыкмак,анын артынан сен да бир аз да болсо тыйын тапканыны унутба.Кызыктайыраак киши экенсин.Денгээлини корсоттун.
20.02.2018. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
опкосун колтуктагыдай мактанбаптырго болгону кылган иштерин айтыптыр ал адамды тааныбасанар не кереги бар ал жонундо жаман суйлоп
20.02.2018. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эки бети кыпкызыл, арык эле бала эле, чымыны бар экен да. Осор Козуев жардам берсе керек. Бирок ото обу жок экен, Ошто телеканалда конок болуп отуруп Гулнара Калдарованы кучактап, бей маани эле болуп жаткан
20.02.2018. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жатып алганы жакпады ХХХХХХХХХХ окшоп, тоо ташта тушсо да бир жон
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-20 17:05:00
20.02.2018. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
жакшы ырдайт и ошончолук мактанчудай эле иштейт экен.
20.02.2018. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тааныбайткем
22.02.2018. 03:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мынтип сени эч ким тааныбаган мамлекетте мактанышын керек экен
22.02.2018. 04:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Гулжигитке менеджермин дейт го биротоло Бек Борбиевке да дебепсин мактанганга жараша
22.02.2018. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен мектепте окуп жургон до Эмил Балтагулов мн Куршап жергесине концерт койуп келген. Ошондо барганбыз 1 .2 ырын колтуктап ырдап чыккан. Ошондо еле жаккан эмес, кошого артын да суйлогондору. Мактанып. Ошол бойунча бугун коруп жатам. Мындай ырчы бар екенин унутуп да кетиптирмин. Ошончо убактан бери которулбодунбу . 12 жыл отту.
24.02.2018. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Лутфилла 2012-Жылдын башында Улан Осмон уулуну мен иштеп жаткан алмезгилде мен Тамчы газетасында иштейт элем Уланды чыгарып койгулачы деп алып келген эле алып келген. Суйлогонудон бери уйротуп жаны суроторун алып келип анада биздин колегаларга торт сок которуп келиптир. Озунун баласындай карап кам коргонун круп ичим жылыган бул жерде эч кандай мактанбай эле болгонун айтыптыр. Ичи тар коро албагандардын баары ушунтип жазат. Озумдун баламды жолдошум экообуз аран багып жатабыз Лутфилла Азаматсын!
25.02.2018. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Чон-Алайдын жайлоолоруна эмес кышында уйдон мал сарайга жол салган десен
26.02.2018. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мынча жаман кылгансынар?
05.03.2018. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болгонун болгондой эле айтыптырго, ичи тар адамдар коп Мактанды, мактанды дейсинер Лутфилла байкедей жакшылык кылгылачы бирого. Душманды алыстан издебе дейт жанында жургондор жазып жаткандай сезилди.
05.03.2018. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыймыктанабыз! бар болунуз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо