Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал)

№798 16-22-февраль 2018-жыл

(Башы өткөн сандарда)

Жаз Азаматтын айылына дайыма эрте келет. Күнгөй бет болгондуктанбы, айтор, март айынын башында эле кар эрип, аз өтпөй кылайып байчечекей көрүнөт. Мына, эми эле желектерин жайып, жаздын муздак желине үшүгөндөй дирилдеп турган байчечекейди Азамат көрө сала үзүп алды. Айназикке көрсөтүү керек. Жашоодо эмне кооздук көрсө, кандай жакшылыкка күбө болсо, ал кызы менен бөлүшүп тургусу келет. Бөлүшө берет. Кыз түшүнөбү, түшүнбөйбү маанилүү эмес. Бирок жарык дүйнөгө келгенине эми араң төрт ай болоюн деп турса да, Айназик Азаматтын үнүн жазбай тааныйт. Кимдир-бирөө кармап турганда ыйлап же кыжалат болуп жатып да, атасынын үнүн эшитер замат жоошуй түшөт. Аны эркелеткен бул коңур үн ага бейпилдик чакырып тургандай.
– Айназя-мазя,- сырттан кирип келип эле чоң энесинин алдында отурган кызына кайрылды Азамат.
 – Муну көрдүңбү? Жаз келди. Бул байчечекей. Сулуу гүл бекен, карачы,- апасынын алдынан кызын алып сүйлөп жатты.
– Бул деген жаз чакырган гүл. Сонун бекен? Сени көрсүн деп алып келдим,- кыз атасынын колундагы гүлдү карап жатты. Анын кабак бүркөй бергени дагы деле кала элек.
– Айсулуу кайда?- апасына карады Азамат.
– Дүкөнгө кеткен.


ххх


Бул тапта Айсулуу айыл ичиндеги жападан жалгыз дүкөндө турган. Дүкөнчү аял аны сынап карап жатты.
– Сен биз жактык эмессиң го?- деди эмне алсам деп ойлонуп турган Айсулууга.
– Ооба.
– Кимдин келинисиң?
– Апамдын атын айтпайм,- Айсулуу жылмайып койду. Тергеп жаткандагысы.
– Күйөөң ким анда?
– Азаматтын келинчеги болом.
– Апе-ей, тиги жинди Азаматтынбы?- дүкөнчү аял чочуп кеткендей түр көрсөттү. Аныгында бул ишти атайын эле жасады. Ич күйдүлүгү бар болчу бул аялдын.
– Мага айна, самын бериңизчи,- кыз ыңгайсыз болуп кетти.
– И-ий, кечирип кой, бирок чынында боорум ооруп жатат сага. Ал балага бул айылдын кызы тиймек эмес. Ачыгын айтканда, бир келесоо чалыш неме го. Аябай түнт...
– Эже, мага айна, самын бериңиз.
– Мына, байкуш десе...- дүкөнчү аял боору ооругансып койду. Ал өзүнүн келини менен батыша албай калган. Бирөөнү ушинтип басмырлап алса моокуму кана түшөт.


ххх


– Эмне, сени бул айылда жинди дешеби?- Азамат аялынын бул сөзүн укканда ичип жаткан чайына чакап кетти.
– Ким айтты антип?- ызага мууна түштү.
– Дүкөнчү аял. Жинди Азаматтын аялысыңбы дейт? Сөз таба албай калдым.
– Сүйлөй берсин. Айылга атагы чыккан урушчаак, ажаан неме. Келинин батырбай, эми башка бирөө келин алса ичи күйүп жатат да.
– Кийин Айназикти да жинди Азаматтын кызы дешеби?
– Эч ким антпейт!- жигит мукактанып кетти.
Сыртка чыгып түз эле дүкөнгө жөнөдү. «Айназикти да жинди Азаматтын кызы дешеби?» ушул сөз кулагына жаңырып баратты. Дүкөнчү аял телевизор тиктеп отурган экен.
– Шакен эже!- Азамат кирип-кирбей жатып сүйлөдү.
– Акыркы жолу эскертип коёюн. Мага, энеме, аялыма дагы бир асылчу болсоңуз, жинди кандай болорун көрсөтүп коём, түшүндүңүзбү?!
– Ий, ары жок десе, сениби азыр! Сен кимсиң мага чоң чыккыдай?- дароо албууттанды. Телефонун алып кимдир бирөөгө чалды. Азамат чыгып кетти.


ххх


– Чакыр, эй, балаңды!- көмүркананы көздөй бара жаткан Бурул үндү угуп чочуп кетти. Дүкөнчү Шакендин уулу Улан эле.
– Эмне болуп кетти?
– Эмне болгонун көрсөтөм азыр...
– Бери кел, көрсөт. Энеме эмес, мага көрсөт!- сыртта далдоо жерде отун жарып жаткан Азамат чыга калды. Ачуусу башынан ашып кетти.
– Ташта балтаны, сен эмне апамды сөккөнсүң?- Улан Азаматтын колундагы балтаны көрүп чочуп кетти.
– Мына,- балтаны ары ыргытты.
 – Жүр, эркекче сүйлөшөбүз. Сенин дүкөнүңдүн жанына баралы.
– Эй, энең.
– Сөгүнбөй тур, ошол жерге жетели.
Ээрчишип жөнөштү. Жолду катар көчөдөн жолуккандарды «жүр» деп ээрчитип алып жатты Азамат. Дүкөндүн жанында да 5-6 киши туруптур. Арыда дагы 3-4 адам басып келе жатат.
– Эй, келгиле бери,- Азамат баарын чакырып жатты. Антип минтип 10 чакты киши чогула түштү.
– Эми, Улан, эркек болсоң, жекеме-жеке чык! Апаңды мен сөккөн жокмун. Мен киши сөгүп көргөн эмесмин. "Экинчи жинди деп айтчу болсоңуз, жиндини көрсөтүп коём" деп айттым. А сен менин энеме барып далдаңдап оройлонгонуң үчүн жооп бересиң.
– Энеңди урайын, өзүңдү укмуш ойлоп алгансың го.
– Баарыңар калыс болгула, эркекче мушташасыңбы? Калганыңар угуп койгула. Ким мени жинди десе, ар бири менен мушташып маселени чечип алганга даярмын. Бирөөңөр жөнүндө жаман сөз айтпасам да, кемсинткениңерди койбодуңар. Демек, ушундай чечиш керек. Эртең ар кайсы жакка арызданмай жок. Эркекче чечишебиз, бери кел.
– Койгула эми,- арачага түшө башташты.
– Жок, биз эркекче чечишкени жатпайбызбы,- Азамат ачуусун токтото албай турду.
– Энеңди урайын, жинди болсоң жинди дейби,- Улан да жинденип кыйкырды. Анан Азаматты эч ким токтото албай калды. Ал өзүн кармап турган 3 кишинин колунан суурулуп чыгып, Уланды баса калды. Үнү өктөм чыкканы менен, Уландын колунан эч нерсе келбейт экен. Азамат аны ары-бери көтөрүп чаап эрмектеп койду. Көздөрү алайып жүрөгү түшүп калганы болбосо, бир жери көгөргөн да, канаган да жок. Бирок Азаматка каршы эч нерсе кыла албай турганы айкын болуп калды. Акыры күңк-мыңк этип, мурдунан бир нерселерди сүйлөмүш болуп тынчып калды. Сүйлөсө эле тиги эсин оодара турган. Буларды көргөнгө чогулгандар көбөйө түшүптүр. Азамат учурдан пайдаланды.
– Эскертип коёюн, дагы бир жолу жинди деп атасаңар сөзгө жооп бере ала тургандай болгула. Жөн койбойм, чечишебиз. Азыр чечишкенге даярмын! Кана, айтчу сөзүң барбы бирөөңдүн?- жигиттин үнү да коркунучтуу сезилип жатты. Эч ким үндөбөдү. «Кой эми, Азаке» деп жоошуткандар эле чыкты.


ххх


– Ай, эмне болуп кетти?
– Эч нерсе, апа.
– Сөзгө терикпей жүр. Оозуна алы жетпегендер сүйлөй беришсин.
– Апа, мейли мен жөнүндө сүйлөй беришсин, бирок эртең менин кызымды да кемсинтип башташсачы. Мен ошону ойлоп атайын кылдым. Алар дагы ойлонсун. Коркоктору коркконунан айтпай калат. Мээси барлары «ии, чын эле туура эмес кылыптырбыз» дейт.
– Ачууң менен бирөөнү өлтүрүп алсаңчы.
– Антпейм. Уланды жадакалса чапкан жокмун. Кара күчкө салып эле эмдеп койдум. Апа, мен баарын түшүнүп эле жасадым. Уланга башка жол менен жеткире албайт болчумун.
Бурулдун алдында таптакыр башка Азамат турду. Бул ата болгон Азамат эле.


ххх


Күн санап Айназик Азаматка, Азамат Айназикке көнүп баратышты. Тышка чыгып 1-2 саат жоголуп кетип кайра келсе, кыз атасын көрөр менен кыйкырып жиберет. Сагынышкандары бат. Кокус атасынын колуна барчу болсо, башка эч кимге барбайт. Анын колунда жатып уктаганды сүйөт. Бир жакка жөнөөрүн туйса, ээрчип ыйлаганычы. Мындайда Азаматтын жүрөгү элжиреп, бактысы арта түшөт. Өз алдынча отуруп, жөрмөлөгөнгө аракет кылып жаткан кези. Ар кайсыны кармалап, үн чыгарып сүйлөп жиберчүдөй оозун таптап калды. Азыр тигүүчү машинада ага чыптама тигип жаткан Бурулдун жанында отурат бойтоюп. «Шыкы-шыкы» деп үн чыгарган тигүүчү машинаны таң калып карайт.
– Ать-тя,- деп жиберди анан күтпөгөн жерден.
– Опей, кызым сүйлөп баштаган го,- Бурул кубанып кетти.
– Кана, ата дечи, а-та, а-та,- бирок кыз сүйлөбөй койду. Аз өтпөй сырттан атасы кирди.
– Ать-тя,- деди экинчи жолу. Болор болбос билинип келе жаткан жалгыз тишин көрсөтүп күлүп койду.
– Назя, кайра айтчы, ата дечи,- шашкалактап кызынын жанына жетти Азамат.
– Ать-тя.
– О-ой, кызым ата деп калган го,- бул күн Азаматка майрам болду. Бирок Айсулуунун кубанган түрү жок. Эмнегедир көздөрүн ала качат. Кечээ кечинде эле Назик менен телефондон сүйлөшкөн болчу. Курбусу Тимурду көргөнүн, бою узун бир кызды жетелеп жүргөнүн айткан эле. Ошондон бери Айсулуунун санаасы тынчыбай калды. Кызганыч көкүрөгүн өрттөп жатат. Кызынын биринчи айткан сөзүн деле элес алган жок...


(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Башка сандарда:
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 793-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 794-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 795-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 796-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 797-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 799-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 800-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 801-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 802-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 803-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 804-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 805-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 806-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 807-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 808-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 809-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 810-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 811-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 812-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 813-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 814-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 815-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 816-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 817-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 818-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 819-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 820-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 821-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 822-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 823-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 824-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 825-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 826-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 827-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 828-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 829-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 830-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 831-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 832-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 833-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 834-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 835-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 836-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 837-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 838-сан
Комментарийлер(25)
20.02.2018. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
дура!!! кээ бир эркек оз баласына узулуп тушпойт. бул жинди келин го
20.02.2018. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кээде аялдар жакшылыкты түшүнбөйбүз да,абийирин ким жапканын унуткан го Айсулуу.
20.02.2018. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
сабап койсо сооп болоор аял экен Айсуулу, уятсыз
20.02.2018. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Келесоо неме гоо? Жаманды корбой туруп жакшынын баркына жетпей жатат да
20.02.2018. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ааай мынча соонуун... Журогум элжиреп кетти... Жаштанып да алдым... Жазды айтсанаар... Биринчи байчечекейди кызына таанытканы алганын... Эх... Жакшы адамдар бар учун, дуйно оз нугунда!
20.02.2018. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматка боорум ооруп кетти, эми кантет... (((
20.02.2018. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен кыз атанын суйуусуно балкып, Айсулуунун жинди экенин деле байкабадым. Келечегин коро жатаарбыз, азырынча барына бактылуу болуп туралычы...))
20.02.2018. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айсулуу айда талаада калса экен. Каяктагы тимурун эстеп абийирин жапкан куйоосуно Жан тартпай эшек
20.02.2018. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх бир кем дуйнооо
20.02.2018. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Назик эмнеге суйунчулойт Тимурду коргонун, Айсулуунун болсо эси жок келин экен Азамат ошончолук абийирин жаап, кызына оз атасынан да артык ата болуп берди, жакшылыкты да билип журсо Айсулуу
20.02.2018. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат чынында эле азамат жигит экен,мынндай жигиттер чанда гана кездешсе керек. А Айсулууга соз жок,эси жок десе кайдагы Тимурду ойлоп журот,эсине кел Айсулуу!! тимеле жиним кайнап чыкты.Кызганып коет даагы
20.02.2018. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ызычуу болбогула эми чыгарма да
20.02.2018. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shef87,бирок жашоодо деле толтура андай жакшылыкты билбегендер айрыкча жакшы эрдин кадырына жетпегендер
20.02.2018. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы
20.02.2018. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аябай жакшы кором Азаматка окшогон аталарды... Кандай болсо да бактылуу болсун аягында...
20.02.2018. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оюмча бул чыгарманын аягында кыз менен Азамат калып Айсулуу Тимурду ээрчип кетип калат окшойт
20.02.2018. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Esin barda etegindi jyi Aisuluu kim ele boozutup tawtap ketken a9lga jakwylyk kylyp kim arkandy jap jawyryp oz kyzynan artyk korup jatyptyr deisin bawkanyn emes oz kyzyn batyrbai jatkany kancha deisin myndai erkekter Jomoktordo Chygarmalarda ele jawasa kerek jakwylyktyda biliw kerek da myndai munkunchuluk bir kelet 4ynygy jawoodo Myndai Myrzalar jok bizde
20.02.2018. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Djka,чыныгы жашоодо мындай мырзалар жок деп жазыпсыз дагы, бул чыгарма как будто чыныгыдай Айсулууга кенеш акыл айтыпсыз го, Айсулуу кирип окуйт да комментарийлерди мага ким эмне деп айтып атты экен, кандай кылсам Тимур келсе кетип калсамбы деп ойлоп элдер не деп комментарий жазышат экен бир окуйунчу деп киргендей жазыпсыз гоо :-)
21.02.2018. 05:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gul26081997,Men Eldin oi pikirin okubai elemin siz chylap men oz pikirimdi jazdym kim kandai jazat al ozunun iwi
20.02.2018. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх жиндикенда айсулуу
20.02.2018. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оз бактысынан озу качкан
20.02.2018. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
журок эзилетко окуп алып
21.02.2018. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айсулуунан башы жок экен. Оз канынан жаралбаган баланы оз баласынан артык коруп Айсулууну жан дили менен суйуп турса Айсулуунун ою талаада
21.02.2018. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айсулуунун башы жок экен, ошончолук жакшылык кылып атса эмнеге Тимурду эстейт. Айылга жашагысы келбесе кайра кетишпейби шаарга жэ Москвага
22.02.2018. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айсулуу деген акылы жок кетет бир куну кызын да,эрин да таштап,бирок тимур аны дагы пайдаланып калтырып кеткенде ортодо калат же кыздан жок же эрден жок.Азамат башка бироого уйлонот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо