№395 28-май - 3-июнь, 2010-ж.
Ийгилик сыры
Жума – мусулман дүйнөсү үчүн ыйык күн. Бул күн биздин жамаат үчүн да өзгөчө. Анткени ар жума сайын «Супер-Инфо» гезитинин жаңы саны чыгат. Бул күнү таң эрте гезит күркөлөрүнө чуркап, гезиттин жаңы санын алып, кайра шашыла бири окуусуна, бири жумушуна же үйүнө жөнөгөн окурмандарыбызды кубануу, урмат-ызаат менен карап узатабыз. Ошентип, жума күнүн күтүп жана кубануу менен узатып жүрүп, сегиз жылды өткөрүптүрбүз. Учурда «Супер-Инфо» сегиз жашта.
КЕП ПАЙДУБАЛДА
Учурда жалпы кыргыз журтчулугунун сүйүктүү гезитине айланган «Супер-Инфо» 2002-жылдын май айында негизделип, алгачкы саны ушул жылдын 31-майында жарык көргөн. Замандын талабына ылайык, гезит ал кезде баш катырмаларга, тактап айтканда, сканворд, кроссворддорго басым жасап, маалыматты өтө аз камтычу.
Заман менен кошо кадам шилтеген гезит улам жаңыланып, пайдалуу, кызыктуу, заманбап жаңылыктар менен толукталып отурду. Көңүл ачуучу, маанайшат багытка басым жасап, кыргыз шоу-бизнесинин жаңы тепкичке көтөрүлүшүнө салым кошту. Окурман журтчулугу «Супер-Инфо» гезити аркылуу сүйүктүү ырчы-бийчи, өнөр ээлеринин жашоосунан кеңири кабар алып, жаңылыктары менен тааныша башташты.
«Супер-Инфо» муну менен гана токтолуп калган жок. Гезит түстүү жана сапаттуу басылмага айланып, шоу-бизнестен тышкары коомдогу көйгөйлүү, актуалдуу маселелерге кеңири орун бере баштады. Ошентип, күн сайын изденүү артында жүрүп жүз миңдеген окурмандын сый-урматына татып, Кыргызстандагы номур биринчи гезит атагына ээ болду. Бирок жаңылануулар муну менен гана токтолбой, дагы улана бермекчи.
ЖАКШЫ БОЛУУ АСТА-АСТА…

Шаиста Шатманова
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |