Тотомидин Жолдошев, «Таалай элеси» тобунун жетекчиси: «ТОЙЛОРДУН АРТЫ МЕНЕН ҮЙЛҮҮ БОЛДУМ»

№799 23-февраль -1-март, 2018-ж.

Бир кездери «Жол карап өттү күндөр, коюнумда сагыныч бар» деген ыры менен «бум» болгон, азыркы тапта «Ошко, Ошко» аттуу ыры менен ыр сүйүүчүлөрдүн купулуна толгон «Таалай элеси» тобунун жетекчиси Тотомидин Жолдошев кандай үйдө жашаары сизге кызык болсо керек. Анда ырчынын борбор калаанын четиндеги Ак-Ордо конушундагы ак өргөөсүнө саякаттайбыз.


– Мен үчүн бул гитара ыйык. Кыргыздын залкар обончусу, өзүмдүн агайым, маркум Таалайбек Бектургановдун «Назира», «Таарынба» сыяктуу ырларын жараткан гитарасын Айым аттуу эжеси «жолун улантып, ысымын өчүрбөй жүрөсүң» деп мага белек кылган.


КОРИДОР


УКТООЧУ БӨЛМӨ

– Уктоочу бөөлмөдө 2 кишилик керебет менен жүк жайгашкан. Сахна адамы дайыма өзүн каранып жүрүүгө туура келет. Ошондуктан күзгүгө да орун бар.

КОНОК ТОСУУЧУ БӨЛМӨ

– Конок тосуучу бөлмөбүзгө 25ке жакын киши батат. Бөлмөнүн ичинде чоң диван, бир капталында стенка жайгашкан. Стенкада менин сыйлыктарым, эстелик катары түшкөн сүрөттөрүм, сахнага кийчү кийимдерим турат. Костюмдарды 10 миң сомдон 25 миң сомго чейинки баада тиктиргем.
Өткөн жылы кыргыз ырчыларынын ичинен менин «Ошко, Ошко» деген чыгармамдын клиби интернетте эң көп каралыптыр. 2 миллиондон ашуун каралган клибиме 800 доллар эмгек акы алдым.

АШКАНА

– Бул биздин ашкана. Келинчегим Мээрим ар дайым түрлөп тамактарды жасап, бизди ушул жерден багат.

БАЛДАР БӨЛМӨСҮ

– Бул бөлмөдө балдарым уктайт. Үйдөгү эмеректерди көбүнчө келинчегим тандайт, баары ошонун табитине ылайык жасалат.

ВРЕМЯНКА

– Үйдүн жанында 3 бөлмөлүү времянка бар. 1 бөлмөсү жайкысын менин ырларым жаралган бөлмө.Мага көбүнчө эргүү түндө келет. Ошондо времянкага кирип «Ямахам» менен обон чыгарам.



Чай маек

«ҮЙҮМДҮ ОЙЛОНБОЙ САЛЫП, ӨКҮНҮП КАЛДЫМ»

– Тотомидин мырза, сиз дагы батир издемейди башыңыздан өткөрсөңүз керек?
– Бишкек шаарына «ырчы болом, баары жакшы болот» деп 1998-жылы келгем. Бирок келгенден кийин жашоо шарт мен ойлогондой болгон жок. Келинчегим менен 2003-жылы баш кошуп, 2 уул, 2 кыздуу болдук. 2012-жылга чейин, тагыраагы, бул үйдү салганга чейин батирлеп жүрдүк.

– Кыздар көбүнчө үйү, унаасы бар жигиттерди жактырат эмеспи. Жеңемдин жүрөгүн кантип багындыргансыз?
– Жеңең мени сүйүп калып, аркамдан кууп жүрүп араң жеткен (күлүп). «Кеңеш» тобунун жетекчиси Мүзүр Мамбетов экөөбүз 1 кафеде 5 жылдай чогуу ырдадык. Ошол жерге келишкен кыздар менен таанышып, мен Мээримге, Мүзүр Гүлмирага баш кошконбуз.

– Ак эмгегиңиз менен жеткен ак өргөөңүздүн тарыхына токтоло кетсеңиз.
– 2010-жылы Ак-Ордо жаңы конушунан 4 миң долларга 5 сотых жер тилкесин сатып алгам. 2012-жылдан 2015-жылга чейин үй курдум. Жалпы 20 миң доллардай каражат кетти. Үйүм толук бүтө элек. Буюрса, ушул жылы толук бүтүрүп, үй той берүүгө камынып жатам. Чынын айтсам, үйдү куруп баштаганда эч кандай дизайнына, архитектурасына карабаптырмын. Өзүм айылдык болгондуктан кыргызча эле салып койгом (күлүп). «Саларда жакшылап ойлонуп салсам болмок» деп өкүнүп калам. «Үңкүр да болсо үйүм бар» дегендей, бул деле жакшы. Ак-Ордо конушунан башка 8 сотых жер алгам. Кудай буюрса, ошол жерге заманбап үй курсам, бул үйгө уулум жашайт.

– Каражатты чыгармачылык аркылуу эле табасызбы же башка каражат табуучу булактарыңыз барбы?
– Каражатты чыгармачылык менен эле табам. 2005-жылдан баштап кыргызда той-топур мода болуп, артисттерсиз өтпөйт. Тойлордун арты менен көптөгөн досторум, кесиптештериме кошулуп биз дагы үйлүү-жайлуу, унаалуу болуп отурабыз.

– Үйүңүздөргө кут толсун!


Асхат Субанбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Буга чейин батирлеп жүргөм" деген Тотомидин Жолдошевдин үйүндө конокто

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(20)
27.02.2018. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Белгилуу адамдар ушинтип уйунун ичинкн бери мактанып,кррсотушот.Анан ууру кирсе арызданат Айбек Карымовго окшоп.Гулянда бир интервьюсунда аябай мактанган го уйун коргозуп.Тынч журуш керек ошого
27.02.2018. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Эл катары жашоосу бар экен молодец. Баары озуно буйрусун. Уйундо тойлор коп болсун. Жакшы адамдар кадам бассын.
27.02.2018. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Насип этсин уйу оздоруно,бактылуу болушсун.
27.02.2018. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Тайке молодец,шайыр адамсын ,бактылуу бол тайке .
SUPER.KG видео
27.02.2018. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ыймандуу келинчеги бар экен.Бактылуу болуш сун! !!
27.02.2018. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Уйу жакты ашыкча шара бура жок.жашоого ынгайлуу. Ишине ийгилик уйбулосуно тынчтык каалайм
SUPER.KG видео
27.02.2018. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эл катары эле, норм уйу бар экен. Азыркы учурда баарынын уйу коёндой окшош. Жакшы жонокой уй було экен. Бактылуулук насип кылсын ар дайым!
27.02.2018. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бишкектен бир уй алсам деп ойлоп журом
28.02.2018. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жаш аялга уйлонду деп чыгышты эле ал миш,миш экен да.Миш боюнча кала берсин ылайым,кыйынчылыкты бирге откопгон жубайыныз менен биргежакшы кундорду да откорун
28.02.2018. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
2018-жылы эжем менен жездемдин тойун аябай сонун өткөргөн элдин баары ыраазы болуп кетишкен. Аябай жакшы алып барат экен тамаданы... Ийгилик байке
28.02.2018. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Чынында жөнөкөй, үлгүлүү үй-бүлө экен. Мен да Тотомидин байкени тойдо тамада кылганына күбө болгом, аябай жакшы өткөргөн. Конокко барган журналисттерден суранарым кымбат костюмуңузду канчага тиктирдиңиз эле деген сыяктуу суроолорду бербей эле койгулачы бир аз туура эмес деп ойлойм.
03.03.2018. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
King_239622,2018-жыл..го озу азыр деле..
01.03.2018. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз Тотомидин Байке ишинизге ийгилик ак оргоонуз кут болсун Чаткалдын атын чыгарып Таалай агабыздын жолун улап журо беришинизге тилектешмин
01.03.2018. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Конуш жайлуу болсун, ушул уйдон коп жакшылыктарды корунуздор, уул уйлоп кыз берип
02.03.2018. 06:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Марина мн ырдаган ыры жагат.
SUPER.KG видео
02.03.2018. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн соонун экен!!!
03.03.2018. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Марина менен ырдаган ырдан кийин ырларын угуп калдым жакшына ырдайт
SUPER.KG видео
04.03.2018. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй булолук бакыт!!! Аябай жактыныздар!!!
05.03.2018. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми уйдун сыртын ондоп койсо болду экен)
17.03.2018. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошко деген ыры клиби жагат мага кайра кайра коро берем
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо