Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кумар Сагын уулу, «Жебе» тобунун ырчысы: «МОДЕЛДИК АГЕНТТИКТЕРДЕН СУНУШ КӨП ТҮШӨТ»

№799 23-февраль -1-март, 2018-ж.

«Жебе» тобунун солисттеринин бири Кумарга ашык кыздар көп чыгат. Экран артында келишимдүү, келбеттүү жигит жашоодо кандай? Билгиңер келеби, анда маекке назар салыңыз.

– Кумар, байкасак, Алматыга көп каттайт экенсиң. Ал жакка чыгармачылык менен барасыңбы же эс алуугабы?
– Алматыда туугандар, досторум бар. Аларга учурашканы барып турам. Кошумча жарнамалык негизде чакырышат. Чыгармачылык жаатта болсо «Жебе» тобу менен 2-3 жыл мурун концерт коюп барганбыз.

– Инстаграмдагы сүрөттөрүңө «оозуңду үч бурчтук кылып, жасалма болуп сүрөткө түшөсүң» деген билдирүүлөрдү окуп калсаң керек. Ошол нерсе өзүңө байкалабы?
– Оозумду үч бурчтук кылып түшкөнүм өзүмө байкалбайт деле (күлүп). Балким, кимдир бирөөгө жакпай жатса, оңдогонго аракет жасайбыз.

– Моделдик кесипке кызыгып көрдүң беле? Ири компаниядан сунуш түшсө эмне кылмаксың?
– Өзүмдүн келбетимди моделдик стандартка туура келет деп эсептебейм. Бирок, кызыгы, ар кандай моделдик агенттиктерден "иштешели" деген сунуштар көп түшөт. Эмнегедир модель катары подиумда баскан мага көп жага бербейт. Чет өлкөдөн түшүп калса, балким, ойлонуп көрмөкмүн (тамаша). Мен чыгармачылык жактан өзүмдү өнүктүрүүгө аракет кылам. Ошол нерсе мен үчүн маанилүү.

– Инстаграмда жарнамаларыңды окуп калабыз. Көбүнчө сага кандай нерселерди сунушташат?
– Азыр баары эле жарнама менен жашап калышты окшойт. Мен көбүнчө кийим-кечелерди жарнамалайм. Айрымдар аябай жакшы суранышса, акчасы жок деле чыгарып коём, каражатка көп байланбайм. Былтыр белгилүү бир казинодон аябай көп сунуш түштү. Кумар оюндары өзүмө жакпайт, ошондуктан аларды жарнама кылбай турганымды айтып, баш тарткам.

– Келбетти бир калыпта алып жүрүү үчүн булчуң чыгаруучу каражаттарды колдоносуңбу?
– Булчуң чыгаруучу протеиндерге кызыкпайм, колдонбойм. Дене мүчөмдү бир калыпта кармап жүргөнүмдүн себеби, атам бала кезден спорт залга алып барып машыктырчу. Машыгуу бизге адат болуп калган.

– Денеңден тырыктарды көп байкадык. Бул тентектиктин белгисиби же башка себеп да барбы?
– Ооба, тентектиктин жыйынтыгы. Чуркап, гараждарга чыгып секирип, кулаган тырыктар денемде көп. Бирок чектен ашып балдар менен согушуп, муштум жеп тырык болгон эмес. Канчалык тентектик кылсам да атамдан, апамдан катуу сөз уккан жокмун. Эң катуу жазалады дегенде бир жума көчөгө ойногонго чыгарбай коюшчу.

– Бир тууганың Медер менен бала кезде атаандашчу белеңер?
– Биз кичинекейибизден эле эгиз козудай ынтымакта өстүк. Байкем учурда Канадада. Бул жактан Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство жана маданият университетинин кино режиссёрдук факультетин аяктаган. Азыр ошол окуусун улантып жатат. Ар дайым байкем жанымда, кеңешип турчу элем, анын жоктугу аябай билинип, жалгызсырап калдым.

– 14-февраль Махабат майрамын кандай тостуң? Ушул күнгө чейин башыңдан өткөн сүйүү баяның эсиңдеби?
– Ал күнү үй-бүлөм менен үйдө болдум. Кечинде досторум менен жолуктум. Мага сүйүү күнү билинген деле жок. Буга чейин мектепте "тоок сүйүүлөр" болгон. Бирок алар эсте деле калган жок. Азырынча Махабат майрамынын мага тиешеси жок, менин жүрөгүм бош.

– Сени Ош шаарында жашаган Алина аттуу сулуу кыз менен сүйүү мамиледе деп угабыз.
– Алина? Андай жок. Сүйүү десеңиз, кайсы Алина эле деп эстей албай жатпаймынбы. Менин Алина деген карындашым бар. Ошону айтып жатсаңыз керек. Аны менен байке-карындаш катары эле мамиледебиз.

– Кыздар менен мамиле курууга популярдуулугуң тоскоол болбойбу?
– Өзүмдү чынында атактуумун деп эсептебейм. Мени ырчы катары таанып, сүйлөшкөн кыздар болот, бирок чекти билем. Чектен чыкпаганга аракет кылам.

– Мамиле күткөндө кыз эркектен жаш болуш керек деп ойлойсуңбу же ал маанилүү эмеспи?
– Сүйүүдө ар кандай болуп калат деңизчи. Бирок, менимче, кыздар жигиттерден 1-2 жашка кичүү болсо жакшы. Андан көбүрөөк 5-6 жаш кичүү болсо кызыкчылыктары ар кандай болуп, көз караштары төп келбей калышы мүмкүн.

– Ушул кезге чейин сүйүүңдү четке каккан кыз болгонбу?
– Ооба, 7-8-класста болсом керек, өзүмдөн 2-3 жаш улуу кызды жакшы көрүп калгам. Бирок ал "сен кичинекейсиң, дагы чоңоюшуң керек" деп мени карабай койгон. Анда мен өзүмдү чоң жигит катары эсептечүмүн да, анын сөзү аябай эле катуу тийген (күлүп).

– Кесибиң юрист болгону менен, ырчылыкты аркалап жүрөсүң. Кийин өз кесибиңе кайтышың мүмкүнбү?
– Юрист болушумду атам, ырчылыкты апам каалаган. Экөөнүн тең көңүлүн калтырбайын деп ушул жолду тандагам. Бирок чыгармачылык көңүлүмө жакын. Андыктан азырынча ырдай берем го. Келечекте юрист боломбу-жопку, аны убакыт көрсөтөт.

"Жебе" тобунун солисттери азыр жеке ырчы катары да чыгып жүрүшөт.


Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(14)
27.02.2018. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бири Канадада болсо ар кимиси ар жакта ырлары деле тузуктоп чыкбай калды. Кенже эже аягына чыкбаптврда
27.02.2018. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жебе тобун эптей элек датып Булбул дуэтин тим эле койбоптур Кенже.
27.02.2018. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир актриса кыз менен суйлошчу эле го? Ал эмне болду?
27.02.2018. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эркайым Абдуллаева менен суйлошчу эле го
27.02.2018. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Калп эле суйлошкон кызым жок дей беришет, уйлонгону келгенде биз 8 жыл суйлоштук деп чыга келет))) Эркайымды эл билбей тургансып)
27.02.2018. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
pixduel1,ичти эздиңиз
28.02.2018. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
pixduel1,мен да окуп атып ушуну айтайын дедим эле...так айтыптырсыз
27.02.2018. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Саны бар сапты жок болуп калды азыркы ырчылар.Мен бул топту билбейт экен.Азыр жаш ырчы балдар бири бирине эле коендой окшош.Кобунчо корейлерге окшошуп алышкан,чачтарын ары кайрып бери кайрып эле.
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-27 14:42:38
27.02.2018. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кенже Гулшайырга атаандашып эле ушул топту караган.5-6жыл болду куралганына,кыйратышкан деле жок го.
28.02.2018. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Билбейм, Бир аз озгорсо жакшы болмок. Кыргыз балдардай эле болуп. Мужественный болуп дегендей. А то баары эле милашка болойн деп суротко тушот. Бийлегеничи короче эркектей болгула кызбурактын стилиндей болбой.
28.02.2018. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
менимче жакшы эле ырдашат мага жагат, Айрыкча "Насаат ырын" ырдагандары аябай жагат
28.02.2018. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pirim77,
Гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо gazeta@super.kg электрондук дарегине жазып жөнөтсөңүз болот.
01.03.2018. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы бир аз аракет кылышса жакшы эле жыйынтыктар чыкмак оздору чаржайыт болуп кеткендей сезилет. Мага да насаат ыры жагат. Дагы да ар тараптан чыналып сынактарга катышып жакшы жетишкендиктерге жеткиле.
01.03.2018. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ии озун тим эле шумдук сезе берет, эч жакпайт ушул бала
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо