Алиша Диа, актриса, ырчы: «ЖОЛДОШУМ ЭКӨӨБҮЗ 11 КҮН ЧОГУУ ЖАШАП, АЖЫРАШЫП КЕТТИК»

№799 23-февраль -1-март, 2018-ж.

Актриса, ырчы Алиша Диа былтыр күзүндө Бакыт аттуу мырзага турмушка чыккан эле. Түгөйлөрдүн үй-бүлөлүк турмушу бир нече күнгө гана созулганын айтат актриса.

– Алиман, сени ырчылыкка караганда актрисалык кесипте көбүрөөк байкап жүрөбүз, чыгармачылыктын башка тармагында да өзүңдү сынап көрбөйсүңбү?
– Туура айтасыз, ырчылыкка караганда акыркы жылдары актрисалыкка көбүрөөк ооп жүрөм. Өзүңүздөр билгендей, мен карьерамды ырчылыктан баштагам, жан дүйнөм ырга жакын. Чыгармачылыкта жүргөндө анын түрдүү нугуна азгырылып, тасмага сунуштар түшүп, анын артынан дагы кинолорго тартылып ырчылык өнөрүм экинчи планга жылып кеткендей болду. Ыр – менин жан дүйнөмдү азыктандырган баалуулуктардын бири. Мен жумуш кылсам, көчөдө сейилдеп жүрсөм да такай музыка угам. Эми чыгармачылыгымда көбүрөөк орунду ырчылыкка берейин деп жатам. Анткени кинодо эркиндик чектелүү, бирөөнүн жазган сценарийи менен роль аткарасың, жан дүйнөңдө болуп жаткан бурганакты чыгара албайсың. Ал эми ырда каалагандай текст жазып, жашооңду, ошол учурдагы түрдүү абалыңды чагылдырсаң болот.

– Акыркы жылдары коммерциялык негиздеги тасмаларда тартылып жүрөсүң, келечекте олуттуу тасмаларда да роль жараткың келеби?
– Албетте, эл аралык сынактарга катышып, глобалдык маселени көтөргөн салмактуу роль аткаргым келет. Азырынча андай кинолорго сунуш түшө элек. Чынында буга чейин көп коммерциялык багытты көздөгөн тасмаларда тартылдым. Азыр деле киного тартылууга чакырышууда. Бирок, ачык айтканда, жеңил-желпи кинолорго тартыла бергенден чарчадым. Анан да азыр «эу», «даң-даң-даң» деген аң-сезимди бузган кинолор козу карындай жайнап кетпедиби. Ушундай бир күндүк тасмалар менен биздин келечек муун өсүп келе жатат. Анан, албетте, эстетикалык ырахат тартуулаган кинолордо роль аткарууну эңсеп каласың. Бир дублду 30-40 жолу чарчабай аткарып, берилген ролдун майын чыгарып аткаргың келет, бирок сапаттуу кинолор аз болуп жатпайбы. Ошентсе да «Шаардык келин Шарапат» тасмасындагы ролум тууралуу элден жакшы пикирлерди угуп жатам.

– Негизги каражат тапчу булагың кайсы?
– Интернет баракчамда шампундарды, кийимдерди саткан дүкөндөрдү жарнамалап жүрөм. Айрымдар бартердик негизде, кээ бирлери накталай төлөм сунушташат. Мен өнөктөштүккө абдан жакшымын. Жарнама – каражат тапчу булактарымдын бири. Мындан сырткары киного тартылам, өзүм «Алиша Диа» деген кийимдер коллекциясын чыгарам. Бул коллекция Кыргыз өлкөсүндө эмес, чет өлкөлөрдө сатылат. Биз дүңүнөн сатчу рынокко эми чыктык, акырындан ишибиз алдыга жылып келе жатат.

– Чачыңды дайым сары түстө көрөбүз, башка түскө деле боёп көрдүң беле?
– Чачымды кезинде кара түскө, күрөң түскө да боёп жүргөм. Бирок жарашкан жок. Тааныштарым да «кара түс сени улуу көрсөтүп коёт экен» деп айтышты. Көнүп калган эле сары чачым менен жүрөм азыр.

– Кеп нугун жеке жашооңо бурсак. Сен турмушка чыккандан көп өтпөй эле «жолдошу менен ажырашып кетиптир» деген кептер тараган. Мындай сөздөрдүн чындыгы барбы?
– Бул тууралуу айтардан мурун калп-чынын, уккан-билгенин аралаштырып жеке жашоом тууралуу имиштерди жазып жаткандарга таң калдым. Адамдын жеке жашоосун талкуулоодо ал нерсе чынбы, калппы, маанилүү деле болбой калган окшойт. Мен буга чейин жеке жашоом тууралуу эч кимге комментарий берген эмесмин. «Жолдошу артынан чуркап жарашканга аракет кылып жүрүптүр» деген сөздөр калп. Биз бир жолу ажыраштык, болду, ошону менен эч кимибиз артка кайрылган жокпуз.

– 8 жыл сүйлөшүп жүрүп баш коштуңар эле, ажырашуу деле оңой болбосо керек?
– Жашоодо ачуу менен таттуу чогуу жүрөт тура. Тагдыр экен, жолдошум экөөбүз 11 күн гана чогуу жашап, ажырашып кеттик. Жарым жылдан бери чогуу жашабайбыз. Баарыбыз эле үйлөнүп же турмушка чыгып жатканда ажырашып кетем деп максат койбойбуз да, түбөлүккө деп ойлойбуз. Бирок турмушта ар кандай күтүүсүздүктөр болот экен. Айрыкча биздин менталитетте тегерегиңдеги адамдар түгөйлөрдүн жашоосуна кийлигишип, ажырашуу түгөйлөрдөн көз каранды болбой калат экен. Жолдошум тууралуу жаман сөз айткым келбейт, ак көңүл, жакшы адам. Бири-бирибизге араздашуу, таарыныч сезими жок. Биз бардык таарынычтарды артка таштап эки айрым жолго түштүк. Азыр мамилебиз жакшы, дос катары сүйлөшүп турабыз.

– Ажырашкандан кийин көпчүлүк айымдар өзүн таштап коюшат, сен мындай кырдаалдан кантип өттүң?
– Албетте, жашоодогу мындай соккудан кийин ар бир эле айым депрессияга түшсө керек. Бирок мен табиятымдан түз, чечкиндүү жүргөндү жакшы көрөм. Мүнөзүңөр дал келишпей, жашооңор болбой калдыбы, болду, андан ары жашооңду улап кет. Алсыздыгымды көрсөтүп, жаш төккөндү жаман көрөм. Айымдар ажырашууну жашоосунун акыркы күнүндөй элестетишет. Жок! Жер жүзүндө 7 миллиард адам бар, биринчисинде болбой калса, экинчиси болот. Депрессия деле оор же жеңил өткөрүү даражасына бөлүнөт. Мисалы, айрым түгөйлөр 15 жыл жашап ажырашса алардын депрессиясы оор болсо керек. Ал эми мен 11 күн жашадым, өзүм деле 11 күндө эмне болуп кеткенин түшүнбөй калдым окшойт. Кээде «мен турмушка негизи чыктым беле?» деп ойлонуп кетем. Бир жарым жума бул өзүңдү толук кандуу жубай сезүүгө аябай аз убакыт. Менде азыр такыр турмушка чыкпагандай, бойдок жүргөндөй эле сезим боло берет. Аялдын жашоосундагы негизги жетишкендик – турмушка чыгып, бала төрөө дегенге кошулбайм. Аял да инсан катары өсүп-өнүгүшү керек. Мени курбуларым, жакшы музыка, кызыктуу китептер, өзүмдүн жумушум депрессияга түшүргөн жок.

– Өзүңдүн мисалыңда жаш түгөйлөргө кандай кеңеш бересиң?
– Үйлөнөбүз деп жаткан түгөйлөргө айтарым, кыз-жигиттик мамилени 2-3 жылдан ашырбаш керек экен. Биз мурунку жолдошум экөөбүз 8 жыл сүйлөштүк. Бул аралыкта баштагыдай буркан-шаркан сезимдер жок калды. Сезимдер соолуп, мамиле башка деңгээлге өтүп жаткан учур болот экен. Ошондуктан олуттуу мамиле куруп жаткан түгөйлөр көп создуктурбай үйлөнүшкөнү туура экен.

– Маегиңе чоң рахмат! Бактылуу бол!

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(57)
27.02.2018. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Жеңил желпи эле ролдорго чакырып, салмактуу роль аткарууга сунуш түшпөй атса, демек мыкты актриса катары жетиле элек болсо керек. Мыкты актриса деген ким? Актердук жаатында билими бар, театрда да роль жараткан, өз ишин чындап сүйгөн адам деп элестетем
27.02.2018. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
11кун жашап ажырашат деген эмне шумдук,мындай нерсе акыркы убакта ырчы чоорчулар учун мода болуп баратат окшойт,биринен бири ашып тушуп.
27.02.2018. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Ушинтип менин коллекциям чет олколордо сатылат деп айтпай эле койгулачы кулкуну келтирбей коллекция эмес кээ бир мамлекет кыргыз олкосу бар экенин да билишпейт. Ушинтип мактангандар нервди козгойт да
27.02.2018. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Jurokjan,оптом тигилип Россияга эле Кетет . Өзүбүздо биздин пошивди кийишпейт да
27.02.2018. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
11 кун эле жашадым деп, кок майкесин айрыптырго. Азыркы кыздарда, чыдамкайлык жок. Асмандын башын самап алышат. Эч бир сабырдуулук жок!
27.02.2018. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Айла жоктон эттим ай болуптур да,уй булоо,балалуу болуу негизги милдет эмес деп.Ушу кыз өзүн бир асманда жургондой сезет болуш керек.Гаишниктерин билбейм,шарапат деген фильми аман эле болсун,актерлук чеберчилик нөл,көрсөң кыжырың келет.Өзүн сулуу сезип,мен актрисамын деп эле чанып кеткендей куйоосун.А так ашыккан деле сулуулугу жок,ухоженная,да,но сулуу деп айта албайм.
27.02.2018. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
келиндик кызмат жакпай калганго а то 11 кун эмес 1ай кантип отконун билбей каласынго жаны куйоо тийгенде
27.02.2018. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
8 жыл сүйлөшүп жүрүп үйлөнүп анан 11эле күн чогуу жашаса муну кандай түшүнсө болот
28.02.2018. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Erbol_,Кандай болмок эле нике түнгө чейин тырылдаша берсе керек да. Анан сезими соолумак турсун куурап калат. Дегеле бул кыздын турмуштук ой жүгүртүүсү не то экен. Аялдын ролу бала төрөп үй бүлөө куруу эмес дегени таң калыштуу экен тооба. Жаштыка салып күүлүү күчтүү болуп жүрүп өмүр өтө берет анан эле каарыганда караар көрөөрү жок жалгыздыкта калат. Эми менин акылымда. А менин акылым бул ырчы актрисанын чөнтөгүндө.
Кайрат түзөттү 2018-02-28 00:40:05
27.02.2018. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Eldin jashoosu tuuraluu kep kylgandan koro, bar ozunordun jumushunardy kylgylachy, kalp chyndykty bilbeim ele ХХХХХ berbei
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-27 17:15:41
27.02.2018. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Калп олумуш болбогулачы адамды куйгузуп бул ким деп?
27.02.2018. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Баарыле кыйын баарыле чечкиндуу кино тартып ойногон,шыпыргы кармап ырдаган,жашооо бутпойт ыйлабайм озумду депрессияга алдырбайм деп кыйын болосунар?! Улгу корсотуп!!! Ажырашкан четтен чыгып жатат кыйын болсонор биринчи уй булонорду сактагыл эркегинда аялында!!! Бизбин апалар кыйын болгон эркектер ошо убактада ушундайле болгон б аялдар сабыр уяты мн жашап баарын женген!!!! Ишенбесенер апанарды карагыла атанар мн салыштырып,коп кемчилигин кечирип чыдап келди бирок азыр бактылуу небере жыттап
05.03.2018. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
raykray,+басам деп -басылып кетти. Абдан туура айтыптырсын!
27.02.2018. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Артистти аялым дебе дешет да анан
27.02.2018. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми кейибе..... Элдин оозунда элек жок дейт! Эл эмне дейт деп журуп ....оло турган болдук....
27.02.2018. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
bul dagibi
27.02.2018. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Короче эн эле бактылуу айым Расул кызы Айгерим. Тарбияны коргон экен жашап атат. Айпери Малика не болушту кыйындар озунчо
27.02.2018. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
балагада жалорубайм и Алиша Диягада бул жерде 8 жылдык убакыттын отуп кеткенине боорум ооруда да озу туура айтыптыр 2-3 жылда коп Алиша 5 ай жетиштуу азыр заман жетишкен тугойун менен бетме бет алыста туруп суйлошосун
27.02.2018. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аз эле суйлошуп турмуш кургандар "бири бирибизди жакшы билбей тушунбостук болду"-десе,коп суйлошкондор "бир-бирине болгон кызыгы кетип калса"-анда кандай жашоо? Ар киминдин жашоон оз колунарда,жашоонорду жамокко да,тозоко жа айланткан.
Башында эле не то болчу жигит "8 жылдан бери суйлошуп журобуз,4 жолу колун сурап,аран кондурдум"-дегенде эле,кумон кеткен эле.Бекер эле расход,жигиттенда анын ата энесине жаман болду окшойт.
28.02.2018. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эркекке окшош уну да жоон
28.02.2018. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ажырашуу ойунчук болуп калдыго тооба орустар көбүрөөк жашап анан ажырашат
28.02.2018. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Күйөөсү "баары бир жетем"-деген максат койсо керек . жетти анан таштады....
28.02.2018. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Аялдын бул турмушта эн башкысы балалуу болуу дегенге кошулбасан анда сенин менталитетин такыр башка экен сага соз жок антип башка суйлобо сени коруп башка кыздар да ушул ойду ойлойт супер мындай турмуштарды темага чыгарбай эле койгулачы силер да жаштарга улгу боло турган темаларды чыгаргыла 11кун жашап ажырашканды чыгарбай силер да кыргыздын салтына жараша темаларды чыгаргыла кыргыз эли ыйык эл
Jango түзөттү 2018-02-28 11:37:40
28.02.2018. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыздын чырагы кырк дейт коздуу мончок жерде калбайт бактын ачылсын
28.02.2018. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алардын жашоосуна кошо аралашып жашабаган кийин бир нерсе деш кыйын. Сизди түшүнгөн инсанга жолугуп, бактылуу болуң.
01.03.2018. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2-3 жыл тууралуу абдан туура айтыптыр
03.03.2018. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сенин "шаардык келин шарапат" деген кинон Эмилдин бир дан дан дан деген созуно жетпейт эркекче айтканда. Кордум сенин кинонду. Вообще болбойт ээ. Кийинки санда Эмилден жооп куто бер эми
03.03.2018. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
11 жолу...
03.03.2018. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ушул ажырашып алып жолдошум жакшы адам жолугуп турабыз суйлошуп турабыз дегендерге тушунбоймун. Ортодо бала болсо деле бир жон. Бала болбосо нике болбосо байланыштырган эчнерсе жок биротоло жок кылып салгылада. Жаман болсо жаман деп эле айтып. Жолдошум деп тим эле жолдошунар эмес эми озун айткандай досун.
05.03.2018. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага окшош экенсин мен болсо 25кун чогу жашагам
05.03.2018. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озуно бакыт каалайм бирок аткарган кинолорун бир коргонго татыбай турган тажатма. Шарапатынды коруп иренжидим.
05.03.2018. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уф Шарапат деген киносу конулду айлантатко,жон эле койбопсунар , кичине тарбия бере турган кино тарткылачы.Куйоосу мн тенме тен урушканын коруп , кошуна туугандар кыргыздын эркектерин кандай ойлоп калат.Аларды корсонор дадаси деп турушат
13.03.2018. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akylai_aktan,Да Да туура айтасын
13.03.2018. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Астагифируллох Куда катится люди
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо