Алина Жетигенова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «ӨЗГӨРҮҮДӨН КОРКПОЙМ»

№799 23-февраль -1-март, 2018-ж.

Дайыма сулуу, дайыма жаш, көпчүлүктүн сыйына, урматына татыган ырчы Алина Жетигенова SUPER.KG порталынын түз эфиринде конокто болду.


– Алина эже, саламатсызбы? Сиз мурда аткарып жүргөн ырларды жаш ырчы кыздар жаңыртып ырдап жатышат. Ырларыңыздын жаңыланган версиясына, кыздардын аткаруу чеберчилигине кандай баа бересиз?
– Жакында эле «Алина Жетигенова мурда өзү аткарып жүргөн ырларын башкаларга бербейт экен» деген сөз тарап кетти. Эмнеден улам мындай ойдо калышканын билбейм, бирок мен эч качан өзүм аткарган ырларды ырдоого уруксат сурагандарга жок деген эмесмин. Негизи ыр деген авторлордун уруксаты аркылуу ырдалышы керек, бирок Асел Кадырбекова, Айдана Дека, Чолпон Талипбек сыяктуу жаш кыздардын мага аткаруучу катары кайрылып, уруксат сурап коюшканына ыраазымын. Ыр деген аткарылышы керек, жашашы керек, кызганбайм. Ырлар алардын көз карашы менен жаңыланып чыгып жатканы кубандырат. Кыздар ырларды жакшы ырдашкан.

– Эже, сиздин чын атыңыз Алмакан экенин билебиз. Өзүңүздүн ысымыңызды атап чакыргандар барбы?
– Мен өз атымдан баш тарткан жокмун, паспортумда Алмакан боюнча элемин. Таласка барганымда Апакай, Алмаш деп калышат. Кудай буюрса, 80-90 жашка чыкканымда Алмакан деген ат жарашып калса керек.

– Алина, аял киши жашоосунда чоң өзгөрүү болушун каалаганда же депрессия болгондо чачын өтө кыскартат дешет. Имиджиңди алмаштырууга эмне себеп болду?
– Депрессияга түшүүгө себеп деле жок (күлүп). Жакындарым жанымда, сүйгөн кесибим менен иштеп, сахнага чыгып жатам, баарына шүгүр кылам. Мен табиятымдан өзгөрүүдөн коркпогон жанмын.

– Алина, 90-жылдары кыргыз эстрадасында атаандаштык 3-4 адамдын эле ортосунда болгон үчүн жылдызың оңой жанып кеткен жокпу?
– Мен 1982-жылы эстрадага кадам шилтедим. Башында филармонияда иштеп жүрдүм. Ал кезде ырчылар аз болчу. Кийин 1991-жылдары эстрадага жаңы толкун келип, ошондогу муун менен сахнага чогуу чыккандай болуп калдым. Тажрыйбам башкаларга салыштырмалуу көбүрөөк болгондуктан, ал кезде башкалар менен атаандашкан жокмун.

– 23-февралга үй-бүлөңүздөгү мырзаларга кандай белек камдап жатасыз?
– Кайын журтум абдан ынтымактуу. Ар бир майрамда белек-бечкек беришип, бири-бирибиздин көңүлдү көтөрүп турабыз. Бул жолу да ошол салт уланат. Жигиттерибиз «силер бизге жакшы сөзүңөрдү арнап, көңүл үчүн белек берип кутулуп коёсуңар да, өзүңөрдүн майрамыңарда кымбат белектерди алып каласыңар» деп тамашалап калышат.

– Эмнеге ырларыңызга клип тарттырбайсыз?
– Туура байкагансыз, чынында ырларыма клипти азыраак тарттырам. Негизи ар бир ырга клип тарта бергенди туура көрбөйм.

– Пластикалык операция жасаткан жок белеңиз? Өң-келбетти хирургиялык жол менен өзгөртүүгө кандай көз караштасыз?
– Пластикалык операция жасаткан эмесмин. Эгер адамдын кайсы бир мүчөсүн хирургиялык жол менен оңдоп-түздөтүүгө муктаждыгы болсо, жасата берсе болот го дейм. Бирок табигый сулуулугу жоголуп, жасалма болуп калганча аша чаап кеткендерди колдобойм.

– Эгерде сизге Кыргыз өлкөсүн 1 ай башкаруу мүмкүнчүлүгү берилсе, ишти эмнеден баштайт элеңиз?
– Өлкө жетектеп, жол башчы болуу өтө чоң жүк жана жоопкерчиликти талап кылган иш да, мен боло алмак эмесмин.

– Алина эже, жаңы имиджиңиз рок ырчыларынын стилин элестетет экен. Рок ырдап көрбөйсүзбү?
– Мен жай музыканы, поп, блюз, жаз жанрларын жактырам. Менимче, рокту уккан адам чарчап кетет. Анын үстүнө менин курагымда рок ырдап чыкканымды элестетиңиз (күлүп).

– Эже, бала-неберелериңиз жөнүндө айтып берсеңиз. Азиз менен Азел сахнага кайтабы?
– Азиз үй-бүлөлүү болуп, чыгармачылыктан бир аз алыстап калды. Бирок азыр да үйдөн «сынактарга катышсамбы» деп үнүнүн үстүнөн иштеп жатат. Азел да эки балалуу болуп, эми кайрадан ырдап да, бийлеп да чыксам деп турат. Үчүнчү балам Алтынбек 24 жашта. Окуу жайды бүтүп, мамлекеттик кызматта иштеп жатат. Үйлөнө элек. Жан, Айлин, Али деген үч неберем бар. Чоң апа, таене болгон сонун сезим. Мени биринен-бири кызганып, талашканы айтып бүткүс бакыт. Неберелерим – менин байлыгым.


ТҮЗ ЭФИРДЕН СОҢ

– Алина эже, түз эфирде сизге жаккан суроо кайсы болду?
– Жакшы суроолор берилди. Ырларды жаңыртып ырдап жаткандар тууралуу суроо берилгени туура болду. Учурунда жооп берип алдым. Анан балдар, неберелерим жөнүндө айтып бергенде бир жыргап алдым. Жалпысынан ачык, чын жүрөктөн жооп бердим.

– Түз эфир бүткөндөн кийин «эгер президент болсом чындап эле эмне кылмакмын» деп ойлонуп калсаңыз керек?
– Негизи менде башкаруучулук сапат жок, бирөөгө жок дей албайм, баарына макул боло берем. Бирок кээде коомдогу кээ бир маселелерди өзгөртө алсам деп ойлонуп калам. Мисалы, өлкөбүздө гүлдөп, тамырлап, бала бакчадан жогору жакка чейин жеткен коррупция маселеси жоюлса жакшы болмок. Анан балдарга карата жасалган зордук-зомбулуктарды угуп жүрөгүм ооруйт. Акыркы кезде «баласын өлтүргөн, сабаган» деген кабарларды уккандан бери өзүмө келе албай жүрөм. Адамдар мерез, көңүлкош болуп калгандай.

– «Өзгөрүүнү жактырам» дедиңиз, демек, дагы башкача Алина Жетигенованы көрүп калышыбыз мүмкүнбү?
– Ооба, чачымды кырктырганым башталышы гана. Мындан ары да имиджимдин үстүндө иштей берем.

– Түз эфир жактыбы?
– Ооба, кенен отуруп баарлашып, өткөндү бир эстеп алдым.

"Чоң апа, таене болгон сонун сезим".



Алтынай Тынышова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Алина Жетигенова: "Эч ким менен атаандашкан жокмун"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(15)
27.02.2018. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алмакан атым дер чынын айтыптыр. Жетигенова деген фамилия кайдан чыккан ошону айтып бербейби,синдилеринин мектепте фамилия лары бут Шаршенова эле го????
27.02.2018. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Моюнуна деле операция жасатып жашартып койбоптур да
27.02.2018. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
бул ырчы бизге аябай жагат,озунун сулуулугун кетирбей алып жерот,ийгиликтер каалап кетебиз
27.02.2018. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кийингени,чачы жарашпай калыптыр.Алина келет десе,супсулуу болуп мурдагыдай келет деп элестетип алыптырмын.Айтор,имиджинизди дагы озгортунуз.Шым кийбей созулуп койнок кийсениз сонун болмок.
27.02.2018. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алина эже сизге ийгилик.
27.02.2018. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи ушу Жетигеновдор жаман жаш корунушотда генинде болуш керек.
27.02.2018. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
meili,Шаршеновалар
01.03.2018. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Nanei,ой эмне мынча куйуп-бышасын?!)))Бизге баарыбир Шаршендин кыздарыбы,Жетигендин неберелериби,главное элге онорлорун тартуулап келе жатышат,ушак пушак ызы-чуусу жок..
02.03.2018. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nanei, Нам без разницы, кыйнала бербечи)))
27.02.2018. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
магада чачынын узун кылып жайып жургон прическасы жакчу
27.02.2018. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Биздин чоң аялдар качан шымын чечип,көйнөк кийишээр экен?
03.03.2018. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тооба тоба ушулда болдубу
03.03.2018. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кырктырмак тугул такыр баш да боло алам дегенинизби?
06.03.2018. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Суйлогон мимикалары ото начар экен го
SUPER.KG видео
06.03.2018. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
КРнын эмгек синирген артисти деп айтып коюш кыйынбы? чыныгы эмгек синирген артистер ушулар, ысык суукка карабай кыргыздын булун бурчуна барышчу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо