№799 23-февраль -1-март, 2018-ж.
(Башы өткөн сандарда)

ххх
Назиктен башка тааныштарынан да жумуш сураштырып чалып баштады. Өзгөлөргө Москвага баруунун чыныгы максатын жашырганы менен, өзү үчүн баары айкын болчу. Ал Тимурдун көзүнө тик карагысы келди. «Сенин кызың бар, эмнеге сурабайсың? Эмнеге менден бир да кабар алган жоксуң?»айтор, дагы толгон токой суроолорду бергиси келди. Бул үчүн адегенде Москвага жетүү керек.
Азыртадан Азаматтын тамырын тартып, көндүрүүгө аракет көрүп баштады.
– Азамат, балким, Москвага барып кайра иштеп келебиз?
– Айназикчи?- күйөөсү чочуп кетти.
– Эми ал бир аз торолуп калды, апам карап турат эле да. Иштеп келип дүкөн ачсакпы?
– Жай келсе короодогу чоң машина менен элдин чөбүн ташып баштайм. Акча болот. Насыя алып же мал сатып деле дүкөн ачсак болот, эгер иштетем десең. Москвага баруунун кажети жок.
– Насыя деген кооптуу нерсе да, жайында эки ай иштеп келсекчи?
– Жайында мен Москвага кетип калсам, жумуштун баары калат. Чөп жыйнаш керек, сарайды оңдош керек. Карачы, бир жыл жүрүп келгиче баары каралбай эскирип бүтүптүр.
– Үйдө бош отургандан көрө иштейин деп ойлонуп жатам. Дүкөн ачабызбы же дагы башка иш жасайбызбы? Айтор, сага жардамдашкым келип жатат. Айназик чоңоёт, балдар төрөлөт. Алар жакшы жашоодо жашашы керек да.
– Аның туура, аракет кылышыбыз керек,- Азаматтын бул сөзүнөн кийин Айсулуу жым дей түштү. «Муну көндүрүүгө болот» деди өзүнчө.
ххх
Айназик жөрмөлөгөндү үйрөнгөндөн кийин жаны тынбай калды. Бир туруп столдун астына кирет, бир туруп сыртка чыгып кетет. Жадакалса үйдөгү кара мышыкты да тажатып бүттү. Бүрүшүп уктап жаткан жеринен барып куйругунан тартып, качса калбай ээрчип, жеткен жеринен мыжыгып айласын кетирет. Бала экенин сезгендей кээде кара мышык да анын ою менен болуп көнүп берет.
Үйдүн ичинде жүрүп Азаматтын үнүн эшитчү болсо, тыпылдап босогону көздөй жөнөйт. Бир чыңырып алып колун өйдө көтөрүп күтүп турат. «Кел, мени көтөр, алып кет» дегени. Андайда Азамат да дароо жетип келет. Кылып жаткан жумушун азга болсо да таштап коюп, бир сыйра кызын көтөрүп жыттагылап анан апасына берет. Бирок Азаматтын колунан түшүшү өзүнчө машакат, кээде тырышып кичинекей колдору менен атасынын көйнөгүнө жабышып алганычы. Эч эле андан ажырагысы жок. Атасына жагалданып жаңы өскөн эки тишин көрсөтүп күлө бергени да бар.
Мунун баары Азаматтын кызына болгон мамилесинен болсо керек деп боолгойт Бурул. Айназикке атасы селкинчек, ойноткуч, кечке эзиле берген, кечке эркелете берген, көзгө сүйкүм көрүнгөн нерсенин баарын көрсөткөн, аны менен тажабай ойногон, көңүлү менен болгон адам. Анан кантип ал жакпасын? Уулуна караганда келини бир аз токтоодой. Ал деле үзүлүп түшүп жакшы көрөт кызын, бирок баары бир Азаматчалык эмес. Балким, атасына жакын өссүн деп ошентеби, белгисиз? Айтор, келини кээде башка дүйнөдө башка ойлор менен алышып жүргөндөй элес калтырат.
Негизинде Айсулуунун «Москвага кетсем» дегенде ак эткенден так этип жүргөнүн Бурул кайдан билсин. «Жок, Азаматты таштабайм. Кызыма мындай ата табылбайт. Болгону мен тиги акмактын көзүнө бир карагым келет» деп Айсулуу өзүн алдап жүрөт. Тимурду сагынганын, аны көргүсү келип жатканын ойлогусу келбейт. Бирок Тимурга ишенүүгө болобу? Сылаң короз, бир орунда турбай ойдолоктогон неме дагы талаага таштап кетсечи? Ошондуктан Азаматтан кол үзбөй туруу керек. Ооба, мунун баары Айсулуунун ойлору, болгону булардын баарын моюнуна алгысы келбейт. Жан дүйнөсү бул ойлорду жерип жатат, бирок кыздын кыялында Тимур дале ханзаада бойдон.
ххх
ххх
ххх
(Уландысы кийинки санда)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Башы жок учун Тимурга этегин ачкан да бала ашырып отуруп калган,Берки абийирин жаап койсо ыйлаган кундорун унутуп кайра барып этегин ачат бул шуркуя.Бар да ушундай катындар,эркектер баткактан чыгарсан баткакка тыгылат.
Тууп мээрим бере албай таштап кеткен үкү сымал аял дегим келди.