Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ГҮЛЖИГИТТИН КОНЦЕРТИНДЕ САНЖАР БЕРДИБЕКОВ ЭЛДИ ЫЙЛАТТЫ

№799 23-февраль -1-март, 2018-ж.

Концерт өткөн күндөр – 19-20-21-22-23-февраль
Өткөн жери – Кыргыз улуттук филармониясы
Башталышы – 18:55 (25 мүнөт кечикти)
Көрүүчүлөр – Залдын 95 пайызы (21-февраль)
Алпаруучу – «Беш тапан» тобунун куудулу Союзбек Сейитказиев
Билет баасы – 500-600 сом
Мыкты номер – «Лейлектик кызга»


Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбеков жеке концертин берет дегенди угуп алып үйдө отура албастан филармонияны көздөй жөнөдүм. «Гүлжигиттин ырлары жеңил-желпи, «Чоңойгондо Жип болом», «Ана Москва, мына Москва», «Жүгөрүнү мака дейт» деген ырлар кантип болсун?» деп айрым өздөрүн укмуш сезген ырчылар мурдун чүйрүп айтып калышат. Бирок анын ырларына «сугарылгандарды», анын ырларынан өзүнүн тагдырын көрүп таасирленгендерди да көп көрөм. Филармония толуптур. Бул ошол өзүн укмуш сезген ырчыларга Гүлжигиттен татыктуу жооп. Анткени Эл артисттер деле жылдап жеке концертин өткөрө албай жүрүшпөйбү. Сатыбеков жыл сайын 5-6 күндөп зал толтура эл менен концерт коёт.
Сахнанын үч тарабына коюлган чоң экрандардан башка өзгөчөлүк көзүмө урунган жок. Аңгыча жарыктар жалп өчүп сахнадагы чоң экрандар жанып, Гүлжигит «Беш тапандын» балдары менен сахнага чыга келди. Алар «Ассалому алейкум, күйөрман» деп ырдап келгендери жибитип алайын дешти көрүнөт, ушундай ыр менен көшөгөнү ачышты. «Кыкемдер» көнгөндөй концерт «жарым эле саатка» кечигип башталды, Гүлжигиттен өтүп көрүүчүлөр кечигип концерт ортолоп калганча сырттан чууруп кирип жатышты.
Андан кийин сахнада жалгыз калган Гүлжигит оркестрдин коштоосунда жандуу үн менен жаңы ырларын ырдады эле көрүүчүлөр ооздоруна момпосуй салгандай тынч гана отуруп беришти. Көрүүчүлөрдүн жакшылап кол чаап коюусун сахнага чыккандар өздөрү суранып жатышты. Андан соң жигиттин гүлү аккордеонун алып чыгып көрөрмандары суранган ырларды аткарды эле эл жандана түштү.
Ортодо куудулдар Максат Тасмаев, Санжар Бердибеков, Жакут Сыдыков жана башкалар элдин маанайын көтөргөнгө жарашты. Алпаруучу Союзбек Сейитказиев «Мени Соке деп чакырышат. Азыр Сокелердин заманы да» деп тамашалап элдин эсинде калды.
Белгилүү куудул маркум Манас Бердибековдун уулу Санжар Бердибеков сахнада элге кумшекер менен мурчту аралаштырып бергендей эле болду. Алгач тамаша айтып элди күлдүрүп туруп, артынан атасына арнап ыр ырдап, угармандарын жашытты.
Башталгандан тарта «Исфананы» суранып отургандар эң акырында гана бул ырды уга алышты. «Убактыбыз бүтүп калды, концертти токтотушубуз керек» дегенине карабай эл кетпей, ырчыны дагы эки ыр ырдатышты. Саат 22:00дөн өтүп калганда концерт аяктап, эл менен кошо эшикке чыгып баратып, «жанагы жетимдер жарды, ээ» деп кудуңдап бараткан жигитти көрүп концерт максатына жетиптир деп мен да жылмайган бойдон үйдү көздөй жөнөдүм.


Толик сынчы

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  11 
Комментарийлер(12)
27.02.2018. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Сокелер заманы эрте бутуп калчудай болуп турат. Башкалар кайра шАША буша кызматка келет экен деп уктум
02.03.2018. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Tyty1990,шАША буша дениз
27.02.2018. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Азаматсыз Гулжигит ага ! Сиз мыктысыз!
27.02.2018. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Азаматсыз Гүлжигит байке ишиңизге ийгилик бекем ден соолук.
27.02.2018. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Биз дагы кубо болдук концертке, абдан жакты. Афишаны коргондо эле барсам жакшы болот эле деп койгон элем, буюурптур кыскасы. Жандуу ун менен ырдаганы жакшы экен баарынан. Оркуну оссун демекчимин!!!
27.02.2018. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
Эн мыкты бирок Гулжигиттин интерьвюларын коргондо жудоп кетем
27.02.2018. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
биздин аксы элинин сыймыктанган мырзасы сизге ийгилик чыныгы ырчы деп ушуну айтса болот
01.03.2018. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Толик сынчы аябай сындайсынго ырчыларды себебин билсек болобу
02.03.2018. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин шаарга да концерт коюп келгенде "программабыз бүттүү ушу менен" дешсе деле эл кетирбей 4,5 ыр ырдатышты эле жандуу ун менен, элдер кол чаппайт жалдырап эле отура беришет деп айткандарга тан калам, Сатыбеков ырдаганда кол озунон озуле чабыла берет себеби журокко жетет, биз жака да келип кетишинди суранабыз Каракульдан
03.03.2018. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аккордеон ойногону жагат маладес осо бер
03.03.2018. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Обондору жакшы..
04.03.2018. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Зал 40-45 пайыз эле болду го,кичине ашырып ийиптир да Токем.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо