Баястан, рэп ырчысы: «ЗУЛЬФИЯ БҮТ ИДЕАЛДАРЫМДЫ БУЗДУ»

№800 2-март -8-март, 2018-ж.

Рэп ырчысы Баястан сүйүктүүсү Зульфияга декабрь айында сөйкө салган. «Көчөдө же окуу жайда мени көрүп студенттер «теке», «Баястан», «жарашат» дей беришет» дейт Зульфия. "Окуубузду аяктап, анан үйлөнүүгө даярдык баштайбыз" деген түгөйлөр сүйүү баянын айтып беришти.


– Баястан, Зульфия, силердин мамилеңер бир көрүп сүйүүдөн башталдыбы же достук сезим сүйүүгө айландыбы?
Баястан:
– Менде бир көрүп сүйүү эле болду окшойт. Анткени Зуляны мен биринчи жолу концертке даярдык учурунда көрүп, ошондо эле көзүм түшкөн. Концертте мен ырдап, Зулялар бийлешкен. Экөөбүз социалдык тармак аркылуу жазышып, номер алмаштык. Эки айдай дос катары сүйлөшүп жүрүп, олуттуу мамилеге өттүк.
Зульфия: – 2017-жылдын 25-апрели биздин датабыз. Ошол күнү алгач ирет жолукканбыз. Баястанды жылдыз, бой көтөргөн жигит болсо керек деп ойлочумун. Көрсө, биздей эле жөнөкөй адам экен. СМС жазышып, сүйлөшүп жүргөндө кыз-жигит болуп калабыз деген ой жок болчу. Бирок экөөбүз тең бири-бирибизди жактырганыбыз байкалган.

– Экөөңөрдө тең жактыруу сезими болсо, алгачкы жолугушууда аябай сүрдөсөңөр керек?
З.:
– Албетте, биринчи жолугушууда экөөбүз тең аябай уялганбыз, толкунданганбыз, бул кадимки көрүнүш болсо керек .
Б.: – Биринчи кезиккенде эле экөөбүз ар кайсы темада сүйлөшүп кеттик. Кээ бирлер менен жалпы тема болбосо деле кыйналып өзүңдү зордоп сүйлөшө бересиң го. Зуля менен көптөн бери бири-бирибизди билген адамдай болдук. Мурунку сүйлөшкөн кыздарым өздөрүнө чек коюп, уялып кармана беришчү. Зуля болсо тартынбайт, сезимдерин жашырбайт. Болгонун болгондой айтат.

– Канча убакыттан кийин үйлөнүү чечимине келдиңер? Той күнү белгилендиби?
З.:
– Биз сүйлөшкөнүбүзгө жарым жыл болгондо үйлөнүү тууралуу ойлонуп баштадык. Бизге эрте деп деле эч ким айткан жок. Жеке жашообуз менин окуума, Баястандын чыгармачылыгына терс таасирин тийгизбейт.
Б.: – Өзүңдүн адамыңды тапканда сүйүктүүм менен бирге болсом деп калат экенсиң. Кала берсе ата-энем да "убакыт келип калды" деп айтып башташкан. Жакында мен 25 жашка чыгам. Азыр келечек, жашоо тууралуу көз карашым калыптанган, үйлөнүүгө эң жакшы курактамын. Буюрса, үйлөнүү тоюбузду жайга пландап жатабыз. Зуляны дунган салты менен узатышат. Үйлөнүү тоюбузду кыргыздын каадасы менен Ысык-Көлдө өткөрөбүз.

– Болочок кайын журтуңар менен таанышсаңар керек?
Б.:
– Зуляны биринчи үйгө алып келгенде эле ата-энем жактырышты. Мен сөйкө салардын алдында Зулянын үй-бүлөсү менен таанышкам. Бир агасы, сиңдиси, анан мен жактырбаган мышыгы бар (күлүп). Апасы Захида эже аябай жакшы аял, атасы талапты катуу койгон киши.

– Зульфия, Баястан менен сүйлөшкөндөн тартып сага кызыккандар көбөйдү. Өзүң тууралуу да айтып өтсөң.
З.:
– Баястан айткандай, биздин үй-бүлөдө көп улуттун каны бар. Атам жактан дунгандын каны болсо, апамдыкы аябай эле көп (күлүп). Ден соолугума байланыштуу апам мени бала бакчада жүргөндө эле бий ийримине берген. Ошондон бери бий менен алектенип келем. Ал эми клиптерге 2-3 жылдан бери тартылып баштадым. Учурда Юридикалык академияда 3-курста окуйм.

– Баястанды эмнеден улам жактырдың?
З.:
– Баястан аябай тартиптүү, оор басырыктуу, ак көңүл. Бир сөз менен айтканда, жигит эмес эле кыял. Баястандын менин жашоомдо пайда болгонуна кубанам.

– Сени «текенин девушкасы» деп айтышат экен. Мындай сөздөргө көнүп деле калсаң керек?
З.:
– Ооба, көчөлөрдөн угуп калам. Көбүнчө университетте жаш студенттер "теке, Баястан, жарашат" деп айта беришет.

– Сүйүшкөндөр таарынышат-табышат. Ошондой учурда ким биринчи кадам кылат?
Б.:
– Биз урушканда да аябай катуу урушабыз, "нерв" болуп кетебиз. Чоң себеп деле жок, майда-чүйдө нерселерди деле талаша кетебиз. Экөөбүздүн тең жылдыз белгибиз эгиздер, бат жинденип, бат табышабыз.
З.: – Бардык эле түгөйлөрдөй бизде да түшүнбөстүктөр болот. Андай учурларда жакшылап ойлонобуз, ачуубузду басабыз, бири-бирибизден кечирим сурайбыз.

– Аялзаты менен эркектин сезимдери ишенич менен чектелиши керекпи же текшерип туруу зарылбы?
Б.:
– «Ишен, бирок текшер» деген сөз бар го. Ортодо сезим болгондон кийин сүйүктүүңдүн ар бир кадамын билип, текшерип туруш керек. Ал адамды жактырбасаң анда баары бир болмок.

– Бойдок учурда көпчүлүк өзүнө кайсы бир идеалды түзүп алат эмеспи. Сенин кыялың Зульфиядай кыз беле?
Б.:
– Туура айтасыз, менде деле мурун идеал кылган элес бар болчу. Бирок Зуля жашоомдо пайда болуп, баарын бузуп салды. Сүйүү деген андай эмес, мындай болот деди окшойт (күлүп).


– Маегиңерге рахмат. Бактылуу болгула!


Гүлжамал Абылкасымова
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(40)
06.03.2018. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тезирээк уйлонуп бактылуу болгула
06.03.2018. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+32
Атасы талапты катуу койгону кызынан корунуп турат.Ар дайыма "жабык "кийинет го.Айткандай дунгандар кайсы динди тутунушат.
06.03.2018. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Alibay ислам динин тутунушат
06.03.2018. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Видеосу жокпу?
06.03.2018. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+37
Кыргыз кызы калбай калгансып. Биздин максат Кыргыз тилин өнүктүрүү деп коёт дагы. Аялы кыргызча билбесе кайдан өнүктүрмөк эле?
06.03.2018. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
saipi,ошону айтсан эне тил деп бекеринен айтылбаса керек.уйдо кейсы тилде суйлосо балада ошол тилде суйлотта.
06.03.2018. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Койногунун бели жыртыкбы не балээ
06.03.2018. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болушсун эмнеси болсо да.
06.03.2018. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Дунгандар аябай динди жакшы карманышат элего.Бул кыз жарым жыланач кантет.Атасы да тартипти катту кармаганы билинип турат))))
06.03.2018. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
gulperi.kg,современный дунгандарго
06.03.2018. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бул кыз жанагы Кайрат кыргыздын,эсимде деген клибиндеги ак футболка кийген кыз ээ,айтып койгулачы биз спорлошуп атабыз.
06.03.2018. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Mednur,кандай футболка кийгенин билбеймго бирок ошонун клибинде катышкан.
06.03.2018. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
NURTILEK_KG, Дал, ошол
06.03.2018. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Mednur,
Оа ошолда
06.03.2018. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Biz Musulmanbyz Baiastan Zulfianyn achyk.kiyinip denesin baaardyk erkekter korgonu saga jagat okshoit ee????
06.03.2018. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Дунгандын кыздары ушунтип жарым жыланач болуп калышты беле,жыргайт экенда кыргызга чыгып озунун улутуна же апасыныкына тийсе кайдагы бий кухнядан башы чыкмак эмес
06.03.2018. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеси болсо да бактылуу болушсун эң башкысы мусулман кыз экенго
07.03.2018. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Буттары узун аябай эле жылдыздуу кыз экен. Мага жакты ушул кыз, бактылуу болушсун!
Stervashka түзөттү 2018-03-07 01:25:41
07.03.2018. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Талапты каттуу койгон Кашинин кызынын арты корунотго шумдууугун кургууур, анда талап койбогон кишинин кыздары кантти экен ээ?
Djumaev0mur түзөттү 2018-03-07 01:31:17
07.03.2018. 07:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бактылуу болгула! Бири - бирине жарашат экенсинер. Тойду кечиктирбей эртерээк откоргуло
07.03.2018. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
кыргыздын кыздары кытай, негр, оруска тиесинер деп каралап жаткан патриоттор кана??? бакыт тилеп жатып калыпсынар го. Садага кеткиле кыргыздын кыздарынан
09.03.2018. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба,туура айтасыз! Акыркы убакта жигиттерибиз озбек,орус ж.б улуттун кыздарын алып жатышат, а куйоого тийе албай жургон кыргыздын кыздарынын саны кобойуп жатат. Бара-бара кыргыздар аралашып ар улуттун каны м.н улутубуз, маданиятыбыз жок болуп кетпесе эле.
10.03.2018. 06:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jdn11, plus basam dep minus basyp aldym sluchaina, tuptuura aitasynar, bizdin kyrgyz kyzdardy syilashpait erkekteribiz kobunchosu, ushakchy katyndardai bolup jamandap jatyp kalyshat birdeme bolso ele
10.03.2018. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
jdn11,кыргыз кыз дунганга тийгенде кормокпуз комментарийлерди
07.03.2018. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Атасы талапты каттуу койгону ушулбу дегендер эмне аталар талапты Бир гана жабык кийгиле деп коет Беле.Башкада толтура талаптар бар менин билишимче кыздарга аталары тараптан.Биз качан онугот экенбиз тообо.Качан карасан,окусан ачык кийинет,кыска деп басып жургон болобуз.Дунган болсо эле уйдо отуруп кара казан кармашкан керекпи.Кыргыздар аял затын кара казан башындан эле корушот.Эмнеси болсо да бактылуу болушсун.
07.03.2018. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
эмнеси болсо да бакыт каалап коелу.Бактынар боксорбосун.Бирок той кылганча жайбай сактап турсанар болмок ак коз кара коз дегендей.
07.03.2018. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кызы теке теке го))
07.03.2018. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улутчул болуп кетесинер да Тим эле)
Зульфия жагат. Бакыт каалайм)
08.03.2018. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
теке деген ырында бийлеген ушул кызго дейм.
08.03.2018. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баары болот теке-теке)))))
08.03.2018. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ар Ким озуно озу шеф озуно озу жакшы бирок бул реперлерди репер деп деле эсептебейм добрдан башкасын а тата улан репер дейн десен ал насыят ырларын ырдайт ар бир ырында маани бар булда бизге окшогон адам бирок кочодо озун башкада ойдо койот звезьдамын дегендей
08.03.2018. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болуш учун сахнадан жана башкадан алыс эле болуш керек бир артистердин 60p проценти бакытсыз отот озуно бактылуу корунот а негизи бакытсыз болот
09.03.2018. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баардык тугойлор бактылуу болушсун,турмуш жолдору байсалдуу болуп.Бирок,экоосунон эмнегедир суйуу сезими байкалбайт го жон гана "увлечение" сыяктуу.
09.03.2018. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баястандын тырмагы осуп кеткен окшойт, кыздын койногун жыртып кетиптир го.
10.03.2018. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дунгандар ачынып кетиптир, дунган болсо ачык кийинеби деп алыпсынар го.. Тим эле кыргыздар жабык кийинип сын такканга жарап калгансып. Ачык кийинмектен акча учун тошун жыланачтап атышат го
11.03.2018. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бу Кыз вообще пар эмес...
12.03.2018. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aiabai ele maktandinar emi.Kirgizdin kizi kalbai kalgansip
12.03.2018. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыз калбай калгансып тапканын кара, калемпирден жееп отурат экенсинерда тойунарда озунорчо кыззып
12.03.2018. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сага жарашат мага жарашат,экообузду суктанып карашат деп,суктангандар корунбойтго
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо