ПАВЕЛ ДУРОВ КЫЯЛЫ ЧОРТ, ЖИНИ ЧУКУЛ МИЛЛИАРДЕР

№800 2-март -8-март, 2018-ж.

Дуров. Фамилияны окуп жылмайбай туруңуз, анткени бул фамилиянын ээси анекдоттогу апенди чалыш Дуров эмес, ал миллиардер Павел Дуров.


Аты-жөнү – Дуров Павел Валерьевич
Туулган жылы – 1984-жыл, 10-октябрь
Туулган жери – Орусия, Cанкт-Петербург шаары
Бою – 178 сантиметр
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Билими – Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин англис тили факультетин аяктаган
Билген тилдери – Орус, англис, немис, француз, испан, итальян, латын, фарс
Байлыгы – "Форбс" журналынын 2017-жылдагы жыйынтыгы менен 1,7 миллиард доллар


«САНДЫКТА» КАЛГАН ДИПЛОМ
Эки бир тууган Николай жана Павел Дуровдор мугалимдердин үй-бүлөсүндө жарыкка келишкен. Үйдүн улуусу Николай бала чагынан так илимдерге кызыгып, математика тармагында мектептеги, кийин университеттеги бир катар сынактарды жеңип, учурда математика-физика илимдеринин кандидаты. Агасы жоош, көп сүйлөгөндү жактырбаган мүнөзгө ээ болсо, ал эми Павел адамдар менен бат тил табышкан, активдүү, ошол эле учурда кыялы чорт, жини чукул, айтканын бербеген көк бет болуп чоңоёт. Ал 11-класста окуп жүргөндө компьютер дүйнөсүнө кызыга баштайт. Бул кызыгуусу анын мугалимдери тараптан колдоого алынбай, тескерисинче, «эптеп ушу бала мектепти бүтүп кетсе экен» деген чекке жеткен. Анткени Павел мугалимдердин социалдык тармактагы баракчаларына хакердик жол менен кирип же информатика кабинетиндеги болгон компьютерлердин экранына каалагандай сүрөт жайгаштырып койчу жоруктарын айтышат классташтары. Мектепти аяктаган соң өзү IT тармагына кызыкса да, ата-энесинин каалоосун четке какпай, англис тили факультетине тапшырып, кызыл диплом менен аяктаган. Бирок төрт дубалда камалып отуруп иштөөнү каалабаган Дуров дипломун университеттин «сандыгына» калтырып кете берген.


ДҮЙНӨГӨ ТААНЫТКАН «СТУДЕНТЫ.РУ» ЖЕ «ВКОНТАКТЕ»
Студент кезинде эле достору менен билдирүүлөрдү алмашуу, окууга керектүү материалдарды топтоп, китепкана түзүү боюнча компьютердик долбоорлордун үстүндө иштеп баштаган Павел 2006-жылы агасы Николайдын жардамы менен «Студенты.ру» порталын ачкан. Көп өтпөй бир гана студенттер эмес, андан чоң аудиторияга кызмат көрсөтө аларына көзү жетип, порталдын атын өзгөрткөн да, эки бир тууганга атак, ийгилик алып келген «ВКонтакте» социалдык тармагы жаралган. Социалдык тармактагы кемчиликтерди жоюу, көпчүлүккө жеткиликтүү кылуу иштерине 2 жыл корогонун айтат негиздөөчү. 2008-жылы колдонуучулардын саны 20 миллиондон ашып, «Павел Дуров – орустардын Марк Цукерберги» деген атка конгон. Бирок 2014-жылы Павел өзүнүн компаниядагы акцияларын сатып жаткандыгын айтып, бул кадамын компаниянын ири акционерлери менен пикир келишпестиктерден улам деп түшүндүргөн.


БИЙЛИККЕ ЖАКПАГАН TELEGRAM
Көптөгөн мессенджерлердин мүмкүнчүлүгүн изилдеп келген Павел бир дагы билдирүүлөрдү алмашуу кызматы купуялуулукту сактабасын айтып чыккан. Мындан улам көптөн бери ойлонуп жүргөн бизнес-планын ишке ашырып, 2013-жылы коомчулукка Telegram мессенджерин сунуштаган. Буга чейин лидерлик сапта келе жаткан WhatsApp’тын башкы директору Ян Кум Дуровдун мессенджерин плагиат атап, «өзү оригиналдуу продукт чыгара албай, биздикин копи-паст кылып койгон» дегени бар. Павел WhatsApp’тагы «ардагерлерди» Telegram'га тартуу ниети жоктугун, болгону коомчулукка коопсуз мессенджер тартуулагысы келгенин жана бул ою ийгиликтүү ишке ашканын айтат.
Учурда Telegram колдонуучулардын билдирүүлөрүн купуя сактаган жалгыз мессенджер катары саналат. Павел идея берүүчү жана демөөрчү болсо, агасы Николай мен-мен деген хакерлердин баш оорусуна айланган бекем шифрлөө технологиясын камсыздайт.
Билдирүүлөрдүн купуялуулугу баарын көзөмөлгө алган бийликтерге жакпай, бир катар мамлекеттерде Telegram'ды пайдаланууга тыюу салынган. Отко май тамызган окуя катары 2015-жылы «Ислам мамлекети» террордук тобу Франциянын Париж шаарында болгон терактты моюнуна алып, пландоо иштери Telegram мессенджери аркылуу уюштурулганын билдирген. Бул окуядан кийин гана Павел Дуров айрым чектөөлөргө барууга аргасыз болгон: мессенджерде ичкиликке, баңгиликке, терроризмге үндөгөн каналдар, адамдын өмүрүнө коркунуч жаратуучу чакырыктар дароо өчүрүлөт. Уюшкан кылмыштуу топтордун билдирүүлөрү атайын кызматтарга кабарланат, бирок жеке адам тууралуу маалымат купуя бойдон калат.

«МЕН БИР ЭЛЕ ӨЛКӨНҮН ЭМЕС, БҮТ ДҮЙНӨНҮН ЖАРАНЫМЫН»
Кариб деңизинин чыгыш жээгиндеги Сент-Китс жана Невис мамлекетинин өнөр жай тармагына
250 миң доллар кайрымдуулукка берүү менен Дуров автоматтык түрдө ал өлкөнүн жараны статусун алган. Сент-Китс жана Невис мамлекетинин жараны 130дан ашык өлкөдө визасыз эркин саякаттай алат. Павелдин туруктуу жашаган жери жок, бир шаарда ашып кетсе 2-3 жума гана жашап, бат-баттан орун которууну жактырат. Жалгыз эмес, 10дон ашык адамдан турган программисттер тобу менен. «Жаңы жер, жаңы эл, жаңы тил адамдын дүйнө таанымын кеңейтип, өнүгүүгө, жаңы идеяларга чексиз мүмкүнчүлүк берет» деген ишкер чөнтөгүнө кошумча каражат алып келген оюндардын, жана башка долбоорлордун идеясын саякат учурунда жаратарын айтат. «Мен азыр абдан бактылуумун. Мени бир орунга байлай турган эч нерсе жок. Мен бир өлкөнүн эмес, бүт дүйнөнүн жаранымын». Өзүн бүтүндөй дүйнөнүн жараны эсептеген Павел Дуровдун байлыгын «Форбс» журналы 2011-жылы 7,9 миллиард рубль деп эсептесе, 2017-жылдын жыйынтыгы менен бул көрсөткүч 1,7 миллиард долларга көтөрүлгөн.

ТELEGRAM МЕНЕН КОШО ЖЕКЕ ЖАШООСУН ДА СЫР САКТАЙТ
Колдонуучулар үчүн Telegram'дагы билдирүүлөрдү бекем сактагандай, журналисттер үчүн да жеке жашоосунун көшөгөсү жабык бойдон. Ийгиликтүү, келбеттүү мырза журналист Дарья Бондаренко, моделдер Катарина Пудар, Алёна Шишкова, Виктория Одинцова менен сүйүү романын курган деген кептер бар, бирок далил жок. «Мен үйлөнүүнү адамдын өздүгүн басмырлоо, аны бир системага камоо деп түшүнөм. Андыктан азырынча үйлөнөйүн деген оюм жок» дейт ал.


ТELEGRAM – БИЛДИРҮҮЛӨРДҮН КУПУЯЛУУЛУГУ САКТАЛГАН МЕССЕНДЖЕР
Текст түрүндөгү билдирүүдөн сырткары сүрөт, аудио-видео файлдар менен алмашсаңыз болот.
Смартфондордо гана эмес, Windows/Mac/Linux платформаларында иштейт.
Өзүңүз каалаган тематикадагы каналдарга жазылып, дүйнөдөгү акыркы маалыматтардан кабардар болуп турасыз.
Группалык чат, купуя-чат, конференцияларды ача аласыз. Купуя чатта билдирүүңүзгө таймер коюп, билдирүүңүз окулгандан кийин дароо эки телефондон тең өчүрүп коюуга мүмкүн. Ачылган аккаунт 6 ай бою колдонулбаса, өчүрүлөт.

ДУРОВДОН УЧКУЛ СӨЗДӨР:

  • Өзүн табам деген адам булардан баш тартыш керек: алкоголь, эт, дары-дармек, баңгизат, кофе, фаст-фуд жана телевизор.
  • Учурда адамзат өзүн "мамлекет" атаган уюшкан кылмыштуу топтун кулчулугунда жашап келет.
  • Коомдо өз ою барлар 10 пайыз гана. Калганы бир жерден окуганын же укканын кайталашат.
  • Бардык адамдар билген маалымат менен гана чектелсеңиз, сиздин өзгөчөлүгүңүз жоголот.


Асыл Орозбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(20)
06.03.2018. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мм кыйын экенсин
06.03.2018. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Соз жок
06.03.2018. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
кыйынды кыйын деш керек
06.03.2018. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Мамлекет деген кылмыштуу топтун уюмунда кулчулукта жашашат дегени ото туура айтылган, карасаң бийлик башына жалаң эле бай, криминалдар келип элди башкарат, оздору каалагандай законду тузуп алышат экен.
Админ Павел Дуров мн кантип байланышса болот?
06.03.2018. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
vavilon., жеке социалдык тармактары аркылуу байланышып көрүңүз! Бирок, байланышуу оор.

100дөн 1..

Супер Кг деле Павел менен байланыша албайт!
06.03.2018. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Bekboloooot, Вконтакте издесем 1000ден ашуун Павел Дуров чыкты. Бирок өзүнүн баракчасын таптым бирок жекебилдирүү жазса болбой турган кылып алыптыр. Анан суротторуно комент жазгандан башка жолу жок экен. :)
06.03.2018. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vavilon.,ооба сырдуу жүрөтда жогооруда деле жазганго.

Башка соц.тармактар аркылуу байланышканы аракет кылып көрүңүз..
06.03.2018. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Телеграмм жагат, орустардын көбү колдонотко дейм
06.03.2018. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эх, окуу окуу жана окуу деп бекеринен айтылбаган да. Сөзсүз түрдө бир кесипте окуп жогорку билимдүү болуу керек. Акыл эмгеги бардар жашоого шарт түзөт. Мына азыр отурам орто билим менен жаным кашайып, орто жашка келсек да.
06.03.2018. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Сонун макала болуптур! Жакты,рахмат. Илим-билим,ийгиликтин башы.
07.03.2018. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
карышкыр болуп бутсо керек. Молодец!!
08.03.2018. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Учкул создору 100% туура. Молодец
08.03.2018. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0

Экинчи учкул сөздөрүн эң туура айткан, мурун ар жерде тентип өз очогу, өз мекени жоктор бүгүнкү күндө өздөрүн "мамлекет "аташып , жана алардын аз гана сандагы адамдары дүйнөнү каалагандай калчап башкарууда ...
Salixa. түзөттү 2018-03-08 10:52:06
10.03.2018. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Копчулугубуз жалкообуз ээ. Шарт болсо да билгибиз, уйронгубуз келбейт
10.03.2018. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
уй булоо туурасында айтканы жакпады))) суйуктуу аялын балдарын жок болсо миллиардер болуп не пайда?
20.05.2018. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyzchek,сен тийип алда
10.03.2018. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Агып эле калдык го
11.03.2018. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Телеграммды кантип жуктосок болот?Айтып коюнуздарчы
27.06.2018. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sumaika,Play marketтен эле
14.05.2018. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дуйнону озгорткон 13 эркектин катарына кийриш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо