Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«МЕН СИЗДИ ЖАШООМДОН ЧИЙДИМ»

№800 2-март -8-март, 2018-ж.

2015-жыл. Күз айлары. Жогорку Кеңештин депутаттары ант берип жатышат. Зал толо эл, журналисттер андан бетер көппүз. Бир маалда сиздин атыңыз аталды. Тим эле залды жаңыртып бакырып кубанып мен отурдум. Ант берип, мандатыңызды алдыңыз. Жубайыңыз кубанса менчелик эле кубангандыр. Мага эмне жок десеңиз.
Анан сиздердин фракцияда майрам башталды. Чогуу иштешкен журналисттер, алардын катарына мен да кошулдум. Ананчы, жаңы эле түзүлүп, ошого карабай алдыңкы орунду алып жатсаңыздар. Жакшы ырдап, укмуш бийлеп, шаңдуу жүрдүңүз. Бардыгы жубайлары менен келиптир. Сиз гана жалгыз келдиңиз. Бул кечеде жалгыздар көп болчу. Сулуу кыздарды кучактап бийлеп, жашооңуз керемет. Көзү күйүп, бир эле жолу бийлеп алууга курсант болуп жаткан мени карап да койгон жоксуз. Кеченин аягында бутуңузга тура албай мас болуп калдыңыз. Жардамчыңыз жок, досторуңуз машинаңызды айдап кетишти. Мас болсоңуз жыргап эле калат экенсиз. Жыргап жүргөнүңүздү көрүп өзүм да кубанып калдым.
Бирок сиз менен таанышканыма өкүнөм. Депутат эмес, коомчулук тааныбай турган кезиңизде мен сизди сүйүп калгам. Эсимде, Ош шаарында чоң иш-чара болуп баргам. Кайра келе жатканда учак кармалып, аэропортто турсам басып келдиңиз. Мурда тааныш болгондуктан бат эле сүйлөшүп кеттик. Ошол убакта бир адамдан көңүлүм калып жүрөгүм ооруп турган. Жамгырда калган менин көйнөгүм аябай суу болчу. Бишкек шаарына учак конору менен жардамчыңыз айдап келген машинаңызга отуруп сапар тарттык. Сыртта жамгыр төгүп жатыптыр. Үйгө кирип баратканда гана акырын кучактап чекемден өөп койдуңуз. Мен аялдык кылдым, мээрим издеп жүргөн жаным кучагыңыз бейиш сезилип кетти. Табият мага ошондо «көзүңдү ач, кийин ыйлайсың» деп боору ооруп көз жашын төккөн турбайбы. Жок, мен келесоо тартылып туруп алдым. «Карындашым» деп жакшы сүйлөп жатсаңыз ким сизди жаман көрсүн, кайсы гана аялзаты болсун тартылмак.
Экөөбүз кээде жолугушуп тамак ичип калганда максаттарыңыз менен бөлүшүп келгенсиз. Сиз мансапкор элеңиз, жалаң гана көкөлөп турууну кыялданчусуз. Пенделик кылчусуз, мен ошол жогорулап турууңузду аябай каалачумун. «Ийгиликке гана жетип турсаңыз болду» деп мактап жүрүп сизди өзүм учуруп жибердим окшойт. Бир адам бүт айтканың менен болуп турса көөп кетпей анан.
Арадан күндөр өттү. Айланаңыздагы досторуңуз четинен сатып кете башташты, баары жогорку кызматтарды ээлеп. Сиз кала бердиңиз. Сиз таштап басып кеткен лидериңиз сизге бардык жактан бут тосуп жатты.
Мандат алганга чейин сиз жакшы элеңиз. Менин сүйгөн депутатым башка эле. Ооруп калсам учуп келчүсүз, майрамдарда калбай куттуктачусуз. Жакшы мамиле мага гана жасалчу. Анан эмне болду? Шайлоодон утуп чыккан күнү куттуктайын деп телефонуңузду ала албайм. Бир жолу чалам, эки жолу, төртүнчү, бешинчи жолу... Жооп жок. «Мейли, кармалып жаткандыр» дедим. Алдадым өзүмдү. Сизге күнөө койгум келбей алдастап, үйдө тамагын жасап балдарын төрөп күтүп жаткан жубайыңызга суктанчумун. Мага келсе кандай болмок деп кыялданып алганымды кантейин.
Мандат алганыңыз менен ишиңиз таптакыр алдыга жылбай койду. Мен билчү «төрага болом, фракцияга лидер болом» деген кыялдарыңыз чекесинен кыйрай берди. Ийгиликке жетишпей калууңуздун баарына күнөөлүү мен баштанып ачык эле мага орой мамиле жасап, кабинетиңизде кабыл албай, СМС-каттарга жооп бербей калдыңыз. Жүрөгүмдүн тээ түпкүрүндө сизди кыя албай, балким, бир күнү оңолуп кетер деп жүрдүм, күттүм кайтып келериңизди. Ийгиликке жетсе экен деп сагынып уктаган адам апаңыздан кийин мен эмес белем. Бир туруп чарк айланып кам көрүп калган, анан эле кагынып калган мүнөзүңүздү түшүнө албай жүрөм.
Эсиңиздеби, мага туулган күнүмдө бир кучак аппак розаларды көтөрүп келгенсиз. Менин ушул гүлдөрдөй таза экенимди кайра-кайра айтып көчөдөгү элди көзгө илбей кучактап куттуктагансыз. Эстедим, ооруканада жатсам таң атпай учуп барыптырсыз. Өлкөгө башы көрүнгөн адам келди деп врачтар чаң-тополоң түшүп, башкы врач чуркап келди. Карындашы болорумду айтып дайындап кеттиңиз. Бакытка мас болуп, кубанып алганымчы. Алдыңызда күйпөлөктөп көпөлөк болуп айланып жаткан башкы врачты көрүп күлкүм келген.
Бир жолу чогулуш болуп жаткан залдан атып эле чыктыңыз. Кабагыңыздын ушунча бүркөлөрүн байкабаптырмын ага чейин. Көрсө, сизди фракция чоң кызматка көтөрүлүүгө макулдук бербей коюптур. «Маек алчубуз» деп күтүп жаткан журналисттердин арасында мен да бар болчумун. Чекеде турган мени сүзүп эле өтүп кеттиңиз. Анан шашкан бойдон телефон менен сүйлөшүп кетип калдыңыз. Жетим баладай томсоруп бурчта туруп калдым. Аны журналисттер байкабай деле калышты окшойт.
Өз кайгыма муунуп үйгө келсем эжем тыпырап курбусу келерин айтып, ал сиздин аялыңыз экенин, абдан жакшы үй-бүлө экенин саймедиреп даярданып жатыптыр. Аңгыча жубайыңыз келди. Кош бойлуу, бото көз, татынакай келинчек босогону аттады. Бир аз отургандан кийин эле сиз жөнүндө айтып «Ден соолугума байланыштуу төрөбөшүм керек эле. Бирок күйөөмдү кармап калайын деп улам төрөп жатам. Кудайга шүгүр, уулубуз, кызыбыз деле бар. Эмне кылам?» деп ыйлап сүйлөп да жатты. Сизди жерге-сууга тийгизбей мактап жаткан эжем да кошулуп ыйлап алыптыр. Ичимден мен да ыйлап жаттым. Бактысына суктанып жүргөн аялыңыз менден өтүп шордуу турбайбы. Мен го мен, бактымды эртең башкадан тапсам турмушка чыгып кетем, байкуш жубайыңыз кантти?
Мен сизди саясатчы катары эмес, чыныгы жигиттик сапаты бар мырза катары сүйчүмүн. Бүгүн мен сизди жашоомдон чийдим!

Каныкей


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(19)
06.03.2018. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Туура кыласыз, чийиш керек болчу илгери эле!
06.03.2018. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ошондо эмне маани болду? Ойнош болгусу келген кыздын арманыбы? Же бактысыз аялыбы? Же бийликке умтулуп адамдык сапаты жок депутаттын кайгысыбы?
06.03.2018. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Чийбей эле жашоого кошпош керек болчу,байкасам депутаттардын ойноштору кобуроок журналисттер болуп чы7ат окшобойбу?
06.03.2018. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Hanzada.sabih,
Ошону айтсаз ))))))
06.03.2018. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошондо кайсы депутат деп ойлойсунар)))
06.03.2018. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
buiga,Ойдон чынарылган депутат.
06.03.2018. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Уялчаак депутат эмеспи....
06.03.2018. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Неге эркектер ушундайсынар?! Биринчи ай,кун,жылдыз,журогум деп ыйлап аласынарда анан эле кагып силкесинер?
06.03.2018. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pandora, билбейм
06.03.2018. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балашка эмеспи
06.03.2018. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Tyty1990, билбейм, мен ошону эле элестетип окудум го...
07.03.2018. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бийликке умтулган адам жакшы адам болбой калаарын жашоо корсотуп эле келе жатат
07.03.2018. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаман болуптур каарманга, билбейм ортосунда бул жакта айтылбай калган да сыр бардай сезилип жатат,депутаттын ойношу болгонбу же жонеле сыртынан жакшы мамилесине эрээркеп мени да жактырат деп ойлоп калдыбы?)))
07.03.2018. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ойнош ойнош ойнош ушул атка татыктуу экенсин,аялы бар экенин билип туруп ортого кыпчыласын сага чала болот.ХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-03-07 14:00:18
07.03.2018. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыйраттын.
07.03.2018. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ойнош отон ысык,калса поктон сасык дечу беле
07.03.2018. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Болгон эле окуядан алынган окшойт эээ жамман бироого окшоштуруп жатам:)ушинтип эле жанында жургон адамдын тагдырынан журок сырлары жазыла берет тура ээ...тообо..тообо)))
08.03.2018. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менимче ХХХХХххххх жонундо болдуго дейм. Мурда тааныш болушса по да журналист эмес беле
Модератор admin_media түзөттү 2018-03-09 09:34:31
09.03.2018. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Нурбек Алимбеков болсо керек мурдагы лидери Бабанчик болгон. Характери мансапка умтулган, иши түшкөндө жалдырап көзүңдү карай, эшеги ылайдан өтөрү менен чапкан бойдон кетип калат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо