№800 2-март -8-март, 2018-ж.
Бишкек балбандар борборуна айланды. 27-февраль – 4-март аралыгында өлкө борбору Азия чемпиондугун кабыл алууда. Алгачкы күндөрү килем үстүнө грек-рим балбандары чыгышты.
27-февралда мелдештин биринчи күнүндө 55 килограмм салмак категориясында күч сынашкан Жоламан Шаршенбеков көпчүлүктү таң калтырды. Күйөрмандардын колдоосу менен ал өзүнөн улуу келген атаандаштарын жер каратып, ишенимдүү түрдө финалды көздөй бет алды. Жаш балбан финалда япон балбаны Шота Танокура менен кезигип, 4:5 эсебинде беттешти алдырып жиберди. "Кыргыз өлкөсүндө мелдеш өтүп жаткандыктан, желегибизди желбиретсем деп максат кылгам. Тилекке каршы, андай болбой калды. Бир упай айырмачылыкта утулуп калдым. Ата-энем, машыктыруучум менин жыйынтыгыма ыраазы болуп жатышса, мен дагы ыраазы болом. Бул мелдеш мен үчүн чоң тажрыйба болду".
Ошол эле күнү 63 килограмм салмак ченинде өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада чемпиону Урмат Аматов корей жана япон өлкөлөрүнүн спортчусун утуп, финалга чыкты. Анда 3 жолку Азия чемпиону, «Рио-2016» Олимпиада оюндарынын коло байге ээси өзбек балбаны Элмурат Тасмурадов менен кезикти. Тажрыйбалуу Тасмурадов биздин жаш балбанга чоң сабак өттү. Конокто болсо да өз үйүндөгүдөй күрөшкөн өзбек спортчусу бат эле ары-бери калчап, Аматовду мөөнөтүнөн мурда эле утуп алды.
(87 килограмм) Азат Бейшебеков менен Мурат Рамонов (130 килограмм) коло байге үчүн күрөштөрүн жеңип, 3-орунга татышты.
Кыргыз спортчулары биринчи күндө алтынга жетпей калганы менен, мелдештин экинчи күнү жетишти. 72 килограмм салмакта өспүрүмдөр арасында Азия чемпиону Акжол Махмудов килемге чыгып, Иордания, Индия жана япон балбандарын ишенимдүү түрдө жеңип, финалды көздөй бет алды. Анда ал казак Демеу Жадраев менен кезигип, беттеш башында 0:4 эсебинде утулуп баштады. Бирок өз күчүнө ишенген Акжол калган мүнөттөрдө упайлар санын 8:6 кылып, алтын медаль тагынды. Жаш балбан Азиянын мыктыларын чөгөлөттү!
– Жеңишиң менен куттуктайм! Кыргыз элинин үмүтүн актадың...
– Чоң рахмат! Килемдин үстүндө туруп кыргыз элимдин «Кыргызстан! Акжол!» деп кыйкырып турганы мага ушунчалык дем берди. Кыргыз эли мени ушунчалык колдойт деп ойлогон эмесмин. Мындай колдоону уккандан кийин ичимден «утулгуча ушул килемде өлөм» дедим. Ыраазымын элиме, кыргыз элинин намысын коргогонума ыраазымын.
– Көптөгөн таймаштарыңда атаандаштарды ири эсепте утасың. Мында финалдык беттеш 0:4 эсебинде жеңилүүң менен башталды. Ушул убакта кандай ойлор келди?
– Башында тактикалык ката кетирип, 4 упайды алдырып жибердим. Бирок машыктыруучумдун айтканындай күрөшүп, жеңишке жеттим. Буга чейин өзүмдүн машыктыруучум Майрамбек Ахмедов беттеш алдында үтүр, чекитине чейин даярдап, килемге чыгарган. Беттеште башкы максат жеңиш керек болду.
60 килограмм салмак категорияда да алтын медалга үмүт бар эле. Бирок чүчүкулактын жыйынтыгында Каныбек Жолчубеков алгачкы беттешинде эле «Рио-2016» Олимпиадасынын күмүш медалчысы Шинабу Отага түшүп, утулду. Жогорку деңгээлдеги күрөштү сунуштаган Шинабу Ота калган беттештеринде да мыктылыгын далилдеп, алтын медалды татыктуу түрдө жеңди. Ал эми биздин балбан коло байгеге ээ болду. Атабек Азисбеков татыктуу күрөшү менен күмүш медаль тагынды. Муну менен катар 97 килограмм салмакта Үзүр Жусупбеков 3-орун алып, коло байге ээси аталды. Кыргыз өлкөсүнүн грек-рим боюнча улуттук курама командасы 1 алтын, 3 күмүш жана 4 коло медаль утуп, Азия чемпиондугунун командалык эсебинде 1-орунду ээледи. 4-мартка чейин мелдештер уланып, килем үстүндө кыз-келиндер жана эркин күрөш боюнча мелдештер уланат.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |