КЫРГЫЗСТАНДА АЛГАЧКЫ ЖОЛУ 1000 КИЛОГРАММ БЕШ БАРМАК, 100 МЕТР ЧУЧУК ЖАСАЛАТ

№800 2-март -8-март, 2018-ж.

Кыргызстанда алгачкы жолу эң көп салмактагы беш бармак жасоо боюнча дүйнөлүк рекорд коюу үчүн «расмий аракет» өткөрүлмөкчү. Бишкек шаарында 11-мартта «АЮ Гранд Комфорт» соода борборунда чоң иш-чара болуп өтөт. Эл сүйгөн, салмагы 1 тоннаны түзгөн беш бармакты маңызын чыгарып жасоо үчүн 50дөн ашуун ашпозчу кызмат кылып, 5-6 жылкынын эти жана 500 килограмм камыр керектелет.
Эң башкы демөөрчү жана уюштуруучу болуп ири, ар тармактуу «Аю Холдинг» компаниясы жана «Кыргыз тилектештиги» коомдук уюму болуп саналат.
Ойдогудай кыргыз беш бармагын жасоо үчүн ТМ «Алия» жана «КазГрейн» 15 кап ун менен камсыз кылып, камырды бышыруу технологиясына ашпозчуларын катыштырат.
Ал эми аралаштыруу аземи үчүн «Аю Курулуш» компаниясынын усталары беш бармак баткыдай өлчөмдөгү табагын жасоо жоопкерчилигин өз моюнуна алышкан. Аны даярдоо үчүн атайын дат баспаган материал жана коопсуз азык-түлүк өндүрүшкө жараган табак жасайт. «Аю Гарант» камсыздандыруу компаниясы кандай гана кырдаал болбосун камсыздандырууга жоопкерчиликти алды. Ал эми «Артезиан» компаниясы улуттук суусундуктар менен коноктойт.
Тамакты даярдоодо адистер тарабынан коопсуздук чаралары көрүлөт. Беш бармактан сырткары уюштуруучулар 100 метр узундукта кыргыздын деликатеси аталган сыйлуу чучугун дагы жасашат. Белгилей кетсек, беш бармак 2015-жылы "Гиннесстин рекорддор китебине" Казакстан тарабынан кирген.
Анда Астананын көз карандысыз күнүндө ошол мезгилдеги дүйнөдөгү эң чоң көлөмдөгү беш бармак жасалган. Тамактын көлөмү 736,5 килограммды түзгөн. Кыргызстандыктар бул рекордду артта калтырып, 1 тонна беш бармак даярдаганы камданышууда.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(8)
06.03.2018. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туугандар аш жасашкан эле
06.03.2018. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ogo sonun go
06.03.2018. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кай жерде отот экен, жонокой жарандар барса болот бекен?
06.03.2018. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Грант комфортдо
08.03.2018. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Беш бармак жасалдыбы, ким жеди оой))ким көрдү дегеним?
08.03.2018. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Киргизбейт биздикин анда. Казактар киргизсе менюбузда Беш бармак бар дейт андан коро чучугунарды билбедим аны кабыл алышса кк
09.03.2018. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анын дареги каерде биз да жеп келели
09.03.2018. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zainidin96,Аю грант комфортто Чокан Валиханов кочосу мурдагы Чолпон Ата кочосу 137 марш отурсан дал озуно алпарат конечный
mr.ulan89 түзөттү 2018-03-09 01:17:00
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо