Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

МЫРЗАЛАР ҮЧҮН РЕЦЕПТТЕР: 8-МАРТТЫН ДАСТОРКОНУ

№800 2-март -8-март, 2018-ж.

8-Март. Гүлдесте, шоколад, атыр... Албетте, жакшы белек деңизчи, бирок өз колуңуз менен даярдалган даам жакындарыңыздын эсинде узакка калары талашсыз. Сиз үчүн көп эмгекти жана убакытты талап кылбаган даамдардын рецепттерин сунуштайбыз.


ПУДИНГ

Керектелүүчү азыктар:
Сүт – 1 литр
Жумуртка – 2 даана
Кумшекер – 4 аш кашык
Картошка крахмалы – 6 аш кашык
Мөмө-жемиш, жаңгактын түрү – 200 грамм

Даярдоо ыкмасы:
1.
Сүттүн жарымын мискейге куюп, кумшекерди кошуп аралаштырып, жай отто кайнатабыз.
2. Башка бир идишке жумуртканын сарысын, крахмалды жана сүттүн жарымын кошуп жакшылап аралаштырабыз.
3. Эми бул аралашманы кайнап жаткан сүткө чуурута куюп, жай аралаштыруу менен дагы 2 мүнөттөй кайнатып, оттон чыгарабыз. Аралашма муздаган соң муздаткычтын тоңдургуч бөлүгүнө 1 саатка салабыз. Пудинг даяр! Пудингди тууралган мөмө-жемиштер, жаңгактын түрлөрү менен кезектештирип бокалга салып дасторконго берсеңиз болот.


БАНАН ДЕСЕРТИ

Керектелүүчү азыктар:
Банан
– 2 даана
Шоколад – 100 грамм
Каймак май – 30 грамм
Жыгач же желим таякча – 4 даана

Даярдоо ыкмасы:
1.
Банандын кабыгын аарчып, тең ортосунан бөлөбүз. Эми түп жагына таякчаны сайып, муздаткычтын тоңдургуч бөлүгүнө 5-7 мүнөткө салып коёбуз.
2. Шоколадды майда бөлүктөргө бөлөбүз да ага каймак майды кошуп эритип алабыз.
3. Эриген шоколадга бананды малып, глазурдан же майдаланган жаңгактан себелеп, тоңдургучка 10 мүнөткө салабыз. Десерт даяр!


ШИРЕЛҮҮ ТООК ЭТИ

Керектелүүчү азыктар:
Тооктун төш эти
– 500 грамм
Болгар калемпири – 1даана
Каймак – 1 чай чыны
Сыр – 50 грамм
Сарымсак – 2 тишче
Татымына жараша туз, мурч

Даярдоо ыкмасы:
1.
Тооктун этин аягына жеткирбей тилип, чөнтөкчө жасайбыз да, бир аз туз себелеп тыныктырып коёбуз.
2. Болгар калемпирин тазалап, ичке туурайбыз да, эттин тилинген жерлерине салып чыгабыз.
3. Каймакка майда тууралган сарымсак, сүргүчтөн өткөрүлгөн сыр, татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырабыз.
4. Электр мешинин табасына тоок этин салып, үстүнө каймак соусун куюп, 180 градуста 40 мүнөт бышырып алабыз.


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(4)
06.03.2018. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
8-март аты эле аялдардын майрамы болбосо эле кобунчо эркектер майрамдашат.Эч кандай десерттин деле кереги жок эле мага,жок дегенде ушул куну эртэрээк келсе жакшы болмок
07.03.2018. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
sasik,ичпей, майрамдабай десениз. Ооба, мен да кошулам сизге!
06.03.2018. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Муну жасабай эле кайра, "бүгүн майрамга эмне тамак жасайсың?" , дешсе керек
07.03.2018. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jemile,туура айтасыз)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо