Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал)

№800 2-март -8-март, 2018-ж.

(Башталышы өткөн сандарда)

Эмре өз дартын айтып жатты. Колдорун күлкүлүү жаңсагылап койду. Кичинекей эле султан! Жамиляга куду Керем алдында отуруп сүйлөп жаткандай сезилип кетти. Мурун байкабаган экен, балким, байкагысы келбегендир. Баласынын үрөйүнөн анын жүзүн көрдү да, күлүп жиберди.
– Эмне күлөсүң?
– Так атаңа окшоп сүйлөдүң, ошого күлдүм.
– Менин атам сүйлөй алчу эмес го?..
Жамиля эмне дээрин билбей терс бурулду. Ичинен чече турган маселелерин ойлоду. Нуриляны дарылата башташы керек. Алгач эле Эмреге тил үйрөтө турган курс издештирип жазыла турган болду. Өзү да жумуш караштырыш керек. Аңгыча Алибек чалды.
– Салам,- деди ал шаңдуу.
– Салам.
– Мен бүгүн сага конок алып барам, күтүп ал.
– Ким?
– Барганда көрөсүң. Жарым сааттан кийин болобуз.
Жамиля телефонун койду. Эшиктин коңгуроосу басылды. Алибек Данияр байкесин ала келген экен. Жамиля социалдык тармактагы сүрөттөрүнөн улам дароо тааныды. Данияр Жамиляны көргөн эмес болчу. Тиктеп туруп калды. Мынчалык сулуу деп элестеткен эмес эле. Кыргызстандагы моделин, актрисасын, сулуулук сынактарында көрүп жүргөн кыздардын баарын артка таштай тургандай. Чүрөктөй сулуу кызды тиктеп туруп калып оңтойсуздана кетти.
– Кандайсың, жакшы турасыңарбы?- деп карегин араң алып кетти. Насили эркек эмеспи, чындап суктанды.
– Саламатсызбы?- деди Жамиля жылмая. Жүзүндө эч бир боёгу жок, жаш баланыкындай таптаза, нурлуу жүзү бар экен.
– Карасаңыз, Стамбулда жүрүп бою да меникинен өсүп кетиптир. Мурун менден бою кичине эле,-деди Алибек күлүмсүрөп. Данияр Алибектин кызды унута албай жүргөн абалын эми түшүндү. Муну бир көргөндөн кийин унутуш кыйын го? Чай ичип отурушту. Бир аздан кийин ички бөлмөдөн Нуриля чыкты.
– Менин сиңдим...- деп тааныштырды Жамиля.
– Бул чүрөктөрдүн айланасында башыңды жоготпой кантип жүрөсүң, Али?- деди Данияр тамашалай. Эже-сиңди экөө бири-бирине окшош болчу. Болгону Нурилянын сулуулугу муздак эле.
– Силердин сүйүү тарыхыңарды угуп жеңеңер да Жамиля менен таанышкысы келип жүрөт. Ыңгайлуу бир учурда тааныштырып, катышып жүрөлү,- деди Данияр. Чындап эле аялы да жакшы адам экен, аралашып катышып калышты. Аздап жаңы жашоого көнүп бара жатышты. Нуриля кежирленип жатып дарыланганга макул болду. Эмре балдарга кошулуп ойноп, Жамиля түркчө билгендиктен бир түрк фирмасынан жумуш таап иштей баштады. Бардыгы өз ордуна келе баштаган эле. Бирок...
– Ата, Нуриляга кан беришибиз керек экен. Операция алдында канды да даярдап койбосок болбойт. Сиз, мен барып кан берели,- деди Жамиля. Мураттын эмнегедир кабагы бүркөлө түштү.
– Мен бербей эле коёюнчу, кызым.
– Эмнеге?
– Ден соолугум жакшы эмес, менин канымдын пайдасы болоруна күмөнүм бар.
– Ата?..
– Кыйнабагылачы, кыздарым, мени...- деп ордунан туруп кетти Мурат. Арзуу аркасынан ээрчий чыкты.
– Мен мурун эле кыздар менен сүйлөшөлү дегем.
– Болуптур, операция өтүп кетсин, анан сүйлөшөбүз,- деп күңкүлдөп калышканы угулуп турду. Нуриля ичи бышып кетти. Мүнөзү ушундай тарс-турс эмеспи. Экөөнү тең алып келип маңдайына койду.
– Силер бизден дагы эмнени жашырып жүрөсүңөр?
– Кызым, кийин сүйлөшөлү.
– Жок, ата, азыр сүйлөшөбүз. Мен көп жолу байкадым. Мени тиктеп апам экөөң тең бир нерсени айта албай жүрөсүңөр. Ачык айткыла. Болбосо операцияга барбайм.
Нурилянын көктүгү бар. Анын үстүнө ооругандан улам да мүнөзү такыр өзгөрүлүп кетти. Акыры ата-энеси айтууга туура келди.
– Кызым, сен менин кызымсың. Уктуңбу, ким эмне десе ошол десин, бирок мен өстүрдүм сени. Жыгылганда ата деп мага ыйладың. Азыр айта турган нерсе экөөбүздүн ортобуздагы эч нерсени өзгөртпөйт. Сен менин кызым боюнча каласың.
– Уф, ата, ансыз деле сенин кызыңмын. Ток этер жерин айтчы?
– Ток этер жери... Ошол нерсени айтуу жеңил болсо кана?! Мен чындыгында сенин атаң эмесмин...
– Мурат...
– Ата...
– Эмне-е?
– Сенин атаң мен эмесмин, кызым. Арзуу сени башкадан төрөгөн. Менин ичимдеги бороон да дал ошол менин кызым эмес экениңден пайда болгон.
Эки кыздын бакырайган көздөрү апасына кадалды. Жек көргөн, нес болгон, иренжиген, ишенбеген көздөр. Арзуу кайда барып качарын билбей далбастай түштү.
– Чынбы?- деди Нуриля маңдайына барып. Арзуу көзүн ала качты.
– Сен менин энем эмессиң. Ушул мүнөттөн баштап мен сенин кызың эмесмин!
Эшикти тарс жаап чыгып кетти. Селдейген үчөө бөлмөдө кала берди. Бирине-бири көзүн көтөрүп тиктей алышпады. Мурат сыртка чыгып кетти. Арзуу жерди тиктеген боюнча катты да, калды.
– Апа, сен эмне кылдың? Сен бизге эмне кылдың? Мени 17 жашымда Түркияга жибердиң. Эмнелер гана башымдан өткөн жок. Макул, мени сүйбөдүң дейли, сүйүктүү кызыңды да коргой албадың, апа. Нурилянын мүнөзүн билип туруп колуңдан кантип чыгардың? Ал жеңил экенин, жаман жолго түшүп кетерин билгенсиң. Боюнан алдырып өзүңө душман кылдың. Эми оор дарт менен алышып жатканда кылганың бул. Мен сенден кийин бул кызды эмне кылам? Кантип бутуна тургузам? Жүрөгүн кантип дарылап, ишенимине кантип ээ болом? Апа, сен эмнеге апа боло албадың бизге? Сен бизди кайра-кайра отко ыргыттың. Сен атамдын тагдырын талкаладың.
– Кызым, мен анда жаш элем, акылсыз элем, сулуу элем. Аны менен жакындашканга Мурат өзү себеп болду. Үйгө алып келди да, койду. Тооруп жүрүп мени торуна түшүрүп алды. Мени кыйналбады дейсиңби? Өмүр бою ушул жүктү көтөрүп жүрүү мен үчүн оңой болду дейсиңби?
Жамиля апасын тиктеп турду. Ал тургай ушул абалында да жек көрө албады. Тек боору ооруду. Уулун ээрчитип сыртка чыгып кетти.


ххх


Нуриляга операция жасалды. Дарыгерлер жатынын алып салганга аргасыз болушту. Бул ал өмүр бою эне болуу укугуна ээ боло албайт деген адилетсиз тагдырдын чечими болчу. Ого бетер жашоого нааразы, кекчил, өзүмчүл жанга айланды.


ххх


Бул арада Алибек да алапайын таппай жүргөн. Үйүнө барса Жамиляга Диананы алмаштыргандай болуп калам деп кыжалат болот. Барбайын десе карыган энеси менен кош бойлуу аялы бар. Керектүүлөрүн камдап берип бир шылтоолорду айтып түнөбөй кайра чыгып кетет. Досторунукунда, Данияр байкесиникинде жатат. Жамиляга барса анын көзүнө тике карай албай оңтойсузданат. Айтор, жаны жанчыла чарчады. Реалдуулук менен жүрөгү каалаган нерсе эч дал келбей жатты. Чытырман токойдун арасында жолун таппай калган жолоочуга окшоп түнү менен көчөдө басып жүрчү болду. Баарынан жаманы, ал баары үчүн жоопкерчиликтүү экенин сезүү эле. Ээрчитип келип Жамиляны да жалгыз таштап койгону туура эмес. Мына төрөйүн деп жаткан аялына да тагдырдын буюрганын көрөт деп кол шилтей албайт. Энеси болсо ооруп жүрөт. Баары бүткөнсүп Жамиляны кызгана турган адат таап алды. Телефонун албай калса жаны чыгып кете жаздап туталанат. Ал тургай Эмреден кызгана турган болду. Өзүнө-өзү "Токтот, Алибек!" деген сайын токтоно албай кетчү болду. Адатта токтоо, салкын кандуу Алибекти кимдир бирөө алмаштырып койгондой эле.


ххх


Стамбул. 5 жылдыздуу отелдердин бири. Керем дагы бир кыздын коюнунан туруп келе жатты. Бир нерсе болуп кетсе экен дейт. Бир керемет нерсе болуп кетсе, бир башка аялга ышкым жанса деп тиленет. Басса-турса көз алдында турган Жамиля менен Эмреден кутулсам дейт. Ар сапарында боштукту гана сезет. Акчасына, даражасына, фамилиясына кызыккан аялдар. «Мен бүттүм. Мындан ары күрөшүүгө дарман калбады» деди ал көктү тиктей...

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Башка сандарда:
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 764-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 765-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 766-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры) 767-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 768-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 769-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры) 770-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 771-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 772-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 773-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 774-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 775-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 776-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 777-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 778-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 779-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 780-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 781-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 782-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 783-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 784-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 785-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 786-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 787-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 788-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 789-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 790-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 791-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 792-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 793-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 794-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 795-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 796-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 797-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 798-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 799-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 801-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 802-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 803-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 804-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 805-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 806-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 807-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 808-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 809-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 810-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 811-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 812-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 813-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 814-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 815-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 816-сан
Комментарийлер(23)
06.03.2018. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
1
06.03.2018. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уландысы кийинки санда. Офф, дагы бир жума.
06.03.2018. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Эх керем, эми жамиля озу издейтго сени...
06.03.2018. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Алибек да бир ОК менен эки коен аткысы келди эле болбой жатпайбы.
06.03.2018. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Алибек Жамиля экөөнү тең алып албайбы
06.03.2018. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
alisha00,бироолор айтмакчы "Туркияда иштеп жургон, куйоосу олуп калган 30 жаштагы келинди алдым" - демекчиби. Ал учун Диананы чычкандын дарысын берем деп коркутуп кондуруш керек
06.03.2018. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
nurhan2702,итттей боорду эздин)))))
06.03.2018. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
alisha00,бироолор айтмакчы "Туркияда иштеп жургон, куйоосу олуп калган 30 жаштагы келинди алдым" - демекчиби. Ал учун Диананы чычкандын дарысын берем деп коркутуп кондуруш керек
06.03.2018. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мммм..... Алибекке еыйын болдуго
06.03.2018. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алибек кок мээ экенго,Жамиялага го соз жок!
06.03.2018. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кийинки санында Керем байке Кыргызстанга келет эми
13.03.2018. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bazana, ооба Керем байкенер келет :))
06.03.2018. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эххх керем... (((((((
06.03.2018. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Keremdi "kara sevda"dagy Emirdin obrazynda elestete berem))))))
06.03.2018. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aijamalkamiljan, менин оюму айтыпсыз го :). Мен дагы ошондой элестетет элем
07.03.2018. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gul26081997,Кок коздуу го Керем. Онур Туна деп интернеттен карасанар, ошонун оззу
06.03.2018. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Керем кочуп келбесе болду
06.03.2018. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ар кимдин коюнунда жатып, жакшылык колунан келбеген Керемди мынча эле аруу, конулундо кири жок Жамилияга мынча ыраа кордунор. Бул адилетсиздик. Суйуу женип чыксын
06.03.2018. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Керем Эми унутсун жамиляны. Жамиля уже болбой калдыго. Аябай намыстуу эле.
06.03.2018. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Алибек мээн менен жерге кир. Жамийланы эле алып ал. Дианага жардам берип тур болду бала чоноет
07.03.2018. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Алибектин образын ото эле ашырып ашыкча коркомдоп жиберген. Мынчалык болбойт. Айрыкча Эмреден да кызганып деген жерлери.
08.03.2018. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыйратты намыстуулардын баары
11.03.2018. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаны санында кыздуу болот Алибек)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо