№800 2-март -8-март, 2018-ж.
Алып баруучу жана тамада Манас Алыкулов 27-февралда 25 жашка чыгып, туулган күнүндө жаңы салынып бүткөн үйүнө көчүп киргенин билдирди.
«Бул үйдү атам (ред.: Жаныбек Алыкулов) 2013-жылы куруп баштап, пайдубалын тургузуп, чатырын жаап берген. Бирок үй салынып башталгандан бир жыл өтпөй атам бул дүйнөдөн кете берди. Ошондон бери тойлорго, гастролдорго чыгып, чакан бизнесимди иштетип чогулткан каражатты үйдүн бүтүшүнө жумшап, толук бүтө элек болсо да кирип, үй-бүлөбүз менен бактылуу болуп турабыз. Буюрса, короого бассейн орнотуп, көк шибер төшөп, арча-карагай тиксем, экинчи кабатка терраса жасаттырсам деген пландарым бар»,- дейт Манас.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |