№800 2-март -8-март, 2018-ж.
Кыргыз кинематографиясында порнографиялык эпизоддорду чагылдырууга тыюу салынды. Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга 27-февралда кол койду. «Фильмдердин концепциясы учурдагы конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырууга; согушка, зомбулукка жана ырайымсыздыкка; улуттук, этностук, расалык, социалдык, диний кастыкты тутандырууга; улуттук же тектик артыкчылыкка, сабырсыздыкка үгүттөбөшү керек. Фильмге порнографиялык мазмундагы көрүнүштөрдү киргизүүгө жол берилбейт»,- деп жазылат жаңы мыйзамда.
Эске салсак, Жогорку Кеңеш аталган мыйзам долбоорун 2018-жылдын 10-январында кабыл алган. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирет.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Талкуу жабык.
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |