Эльдияр Кененсаров, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер: «АПАМ КЛОУН БОЛБОЙ БАШКА ЖУМУШ ТАПЧЫ ДЕГЕН»

№801 9-март -15-март, 2018-ж.

Кыргыздын дагы бир сыймыгы бар – Эльдияр Кененсаров. Орусиялык КВНди багындырган мекендешибиз эми белгилүү “Что? Где? Когда?” телеберүүсүнө атактуу КВН оюнчулары менен катышып, жеңишке жетишти. Эльдияр мырза менен жаңы оюн, алдыңкы пландары тууралуу маектештик.

– Эльдияр, саламатсызбы? Сизди Орусиянын Биринчи каналындагы «Что? Где? Когда?» көрсөтүүсүнөн көрүп кубандык. Жеңишиңиздер менен! Бул телеберүүгө кантип катышып калдыңыз?
– Менин КВНдин жылдыздарынын тизмесине кошулушума «АМИК» чыгармачыл бирикмесинин директору Виктор Вдовиченконун салымы чоң. Мен чынында каалаган эмес элем. Ал киши аягына чейин туруп көндүрдү, анан да жубайым Камиланын эмгеги бар. Ушул эки адамдын таасири менен ал берүүгө катышып калдым.

– КВН оюнун баңгизат сыяктуу, ойногон сайын кызыгууң арта берет дешет. Элди күлдүргөн күндөрдү сагынасызбы?
– Ооба, сөзүңүзгө кошулам. КВН мен үчүн бир кезде баңгизат сыяктуу болгон. Бирок ал азыр биз басып өткөн баскыч. Мен чемпиондукка умтулчумун, ал максатыбыз ишке ашты. Албетте, КВНди сагынам. Бирок мурункудай жеңүүчү болсок деп умтулган күндөрдү эмес, команда менен даярданган учурларды, сахнада ойногон күндөр, Александр Васильевичтин олуттуу көз карашын көбүрөк сагынсам керек. Мына эми жаңы баңгизаты пайда болду, «Что? Где? Когда?» деген (күлүп).

– «2016-жылдын КВНчиси» аталдыңыз. КВН оюнуна калыстык кылдыңыз. Мекен бул жакта турсун, Орусиялык КВНде ийгилик жаратканыңыздын да бир сыры болсо керек?
– Мен чынында бул нерселерге өзүм жулунуп, аракет кылган эмесмин. Эгер андай оюм болсо КВНде ролдордун бардыгын өзүм ойномокмун. Мен команда үчүн аракет кылып келгем, капитан катары бул менин милдетим болчу. Канча жылдан бери оюн көрсөтүп келебиз, менимче, сиз айткан нерселер адилеттүү эле болуп жатат. Бул көбүнчө оюнга берилгендиктин жыйынтыгы. Мен жашоомдо жалаң жакшы, түз жүргөн адамдар менен катышам, адамдык сапатка көбүрөөк көңүл бөлөм. Ошон үчүн да ийгиликтер жаралып жатса керек. Менимче, ким атак-даңк, ийгиликти биринчи орунга койсо, ал кыялынын туткуну болуп калат, аз нерсеге жетишет. Менин алдымда максат турду, ошого аракет кылдым, жеттим. Эми болсо башка тапшырмаларым, максаттарым бар.

– Көрүнүктүү адамдарды тасмага тартууга көп сунуштар болчу эле. Сизге да мындай сунуштар түшкөнбү?
– Киного, ар кандай теледолбоорлорго чакырышты. Бирок мен өзүмдү актёр катары көрбөйм. Эгер бул жаатка кызыксам, балким, аракет кылмакмын. Кино чөйрөсүндө жакшы тааныштарым бар. Тасмага тартылсам ал жактан деле атым чыгып калса керек. Бирок азырынча менин пландарым башка.

– Сиз командировкада көп болосуз. Үй-бүлөңүзгө жетиштүү көңүл бура аласызбы?
– Чынын айтканда, аз убакыт бөлөм. Ар жакта жүрүп күн тартип бузулат. Чарчап-чаалыгып келем, энергия жок. Тилекке каршы, үй-бүлөмө керектүү убакыттын азын бөлүп калам. Бир жактан алганда командировкасы жок да жашап болбойт. Аракет кылыш керек, иштеш керек, акча табыш керек.

– Кызыңызды КВН оюнунан көрүп калдык. Ата-энесинен өткөн өнөрү бар көрүнөт?
– Кызымдын тандоосу келечекте ден соолугуна залакасын тийгизбесе, бактысыз кылбаса, баарына макулбуз. КВН тууралуу айтсам, ойногон кызыбызга да жагат. Жакында москвалык өспүрүмдөр арасындагы КВН командасында ойнойт, өнөрүнө күбө болосуздар.

– Жубайыңыз дайыма сизди колдоорун айтып келесиз. Ошентсе да, түгөйлөр арасында түшүнбөстүктөр болуп турат эмеспи. Аны кантип жеңесиздер?
– Ооба, жубайым дайыма колдоп жүрөт. Албетте, баарында түшүнбөстүктөр болот. Анткени эки окшош адам болушу мүмкүн эмес. Ар кимдин ар кандай көз карашы болот. Мындай учурда укканды билиш керек. Чын дилден түшүнүүгө аракет кылыш керек. Эгер адамды чын дилден сүйбөсөң, демек, аны укканга да аракет кылбайсың.

– Апаңыз президенттин колунан сыйлык алды. Мурунтан эле сизге ишенчү беле?
– Апам эми менин эмгегимди түшүнүп жатат. Бир кезде "эмнеге мындай иш менен жүрөсүң, эмне клоунсуңбу? Бар, жакшы жумуш тап" деп айтчу (күлүп). Эми болсо президент менен түшкөн сүрөтү, сыйлык үйүнүн төрүндө турат. Демек, бул окуя жашоосундагы эң урунттуу окуя болду. Апам кесиби боюнча инженер-куруучу, азыр үй кожойкеси.

– Жаңы долбоор иштеп чыктыңыздар, максаты эмнеде?
– Биз азыр тест кылып жатабыз. Жаш өнөрлүү балдар-кыздарды чогултуп, кызыктуулары болсо бардык жактан колдоп, кыялдарын ишке ашырууга аракет кылабыз.

– Учурда Алматыда жашайсыз. Келечегиңизди Кыргыз өлкөсүнөн көрөсүзбү?
– Чынын айтсам, оюм эч качан мекенден алыс болгон эмес. Ооба, учурда көчмөн болуп бир жерде турбайм. Шарт, мүмкүнчүлүк болуп турганда дүйнө кезип, жер көргүм келет. Мен чет өлкөдө жүрүп өлкөбүздүн атын чыгарсам, мекениме көбүрөөк пайда алып келсем керек.

«Что? Где? Когда?» телеберүүсүнө алгач катышкым келген эмес».
«Түгөйүңдү сүйсөң кандай учур болбосун түшүнүүгө аракет кыласың».



Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(10)
13.03.2018. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Каерде болсонузда аман болунуз. Кыргыздын желегин желбиретип журо бериниз.
13.03.2018. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Жакшы аял жакшы эркекти хан кылат,жаман аял жакшы эркекти жаман кылып,жаман эркекти вабще жок кылып иет деген эле маркум Манас Бердибеков
13.03.2018. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Камила жакшы аял экени корунуп турат
13.03.2018. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
"Тыл мыкты окшойт!"
13.03.2018. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
А эмнеге Азия микс тин балдары такыр кыргызча билишпейт же билишсе да суйлошпойт
13.03.2018. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аялы болбосо мындай адам болбойт болчумун дегенин уктум эле . экөө бири бирин түшүнөт. Бир үй-бүлө бир команда
15.03.2018. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Камилла кыйын аял чындыгында.
16.03.2018. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайсы жерде болсон да жакындарын менен аман бол.Чын алып караганда сен биздин коооопчулук атка минерлерден дагы жакшы эмгек кылдын элине.Рахмат!
16.03.2018. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аял алсаң казактан,кутуласың азаптан болуптурда
17.03.2018. 02:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аялы кыйын болушу мумкун,бирок адамдын дээринде жок болсо эчтеке кыла албайсын,менимче аялынан да Эльдияр кыйын,акылдуу,таланттуу жигит,гени кучтуу,а жубайы кылган ишине тушунуу менен карап колдоп койгону жакшы.Эльдиярды торогон апасына рахмат жана жерибиздин касиети менен Кыргызга гана тиешелуу мыкты сапаттар алдыга суроп турат.Кыргызга тиешелуу дегеним:оор басырыктуу муноз,эмгекчилдик,чынчылдык,мекенчилдик,эр журоктук,сабырдуулук ж.б. сапаттар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо