Өгөй атасы тарабынан зордукталган кыздын таежеси: «АПАСЫ КЫЗЫН ЗОРДУКТАГАН АДАМДЫ БОШОТУП АЛАЙЫН ДЕП ЧУРКАП ЖҮРӨТ»

№801 9-март -15-март, 2018-ж.

Ош облусунун Өзгөн районунда 16 жашар кыз өгөй атасы тарабынан зордукталып, боюна бүтүп 2017-жылдын сентябрь айында көз жарган. Ал 11 жашынан бери өгөй атасы тарабынан зордукталып, кордук көрүп, 3 ирет өз жанын кыюуга аракет кылганы белгилүү болду.

ӨГӨЙ АТА 15 ЖЫЛГА ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛДЫ
2018-жылдын 27-февралында Өзгөн райондук соту 1965-жылы туулган Жуманазар Бабышов аттуу жаранды зордуктоо боюнча күнөөлүү деп таап, 15 жылга эркинен ажыратты. Эми ал жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөмөкчү. Сот тарабынан күнөөлүү деп табылган бул жаран 5 жылдан бери өгөй кызын зордуктап келгени аныкталган. Өгөй кызынын 5 айлык боюнда бар кезинде гана аны зордуктап жүргөнү билинип, милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал эми 16 жаштагы жабырлануучу кыз 2017-жылдын сентябрь айында төрөп, баласынан баш тартып, аны төрөтканага таштап кеткен.

«БИРӨӨГӨ АЙТСАҢ, СОЮП, КАПКА САЛЫП СУУГА ЫРГЫТЫП САЛАМ»
Жаш кызды зордуктаган адамга 15 жыл жаза берүү аздык кылат. Андан көп жаза мөөнөтүн чектеп бергиле деп Ош облустук сотуна кайрылдык деген ал кыздын таежеси Зулфия Токсонбаева төмөнкүлөрдү айтып берди.
– Эжемдин мурунку күйөөсүнөн 7 баласы бар. Жолдошу каза болгондон кийин Жуманазар менен жашап, экөө бир балалуу болушкан. Зордукталган кыз эжемдин алтынчы баласы. Сегизинчи баласы төрөлгөндөн кийин кызды бала каратып үйдө отургузуп окутпай коюшкан. 5 класстык гана билими бар.
Эжем өзү базарда соода кылат. Алгачкы жолу 2012-жылы эжем жумушка кеткенде өгөй атасы мындай ыплас ишти кылыптыр. Ошондон бери кызды пайдаланып, сабап, арам ишин жасап жүрүптүр. «Бирөөгө айтсаң, союп, капка салып сууга ыргытып салсам, сени ким издейт?» деп коркутчу экен. Жаш кыз коркуп эч кимге айтпай жүрө бериптир. Бирок бир ирет апасына айткан экен. Апасы «Намыс керекпи? Шерменде болгуң келип жатабы? Оозуңду жап!» деп урушуп коюптур. Ошол окуядан кийин жээним эжесинин кичинекей кызын ээрчитип тамдын башына чыгып, өз өмүрүн кыйганга аракет кылыптыр. Уксусту бир аз ичип оозун күйгүзүп алып, иче албай коюптур. Кичинекей кызга «мени түртүп салчы» десе, тиги кыз «түртпөйм» деп экөө бир саат талашып-тартышып жатып кайра түшүшүптүр. Андан кийин да 2 жолу асынып алганга аракет кылыптыр.
Милиция өгөй атасын кармап кеткенде, кызга кабатыр болуп, кайра эле милиция кызматкерлери менен үйүнө баргам. Кыз талга чыгып алып, жипти иле албай жатканын өз көзүм менен көрдүм. Аны милиция кызматкерлери жерге түшүрүштү.


«ЧАЧЫНАН СҮЙРӨП, САБАП, ӨЗ ИШИН БҮТҮРГӨН»
– Мурун кызды музыкалык мектепте окутушкан. Ал учурда өгөй атасы ошол мектепте кароолчу болуп иштечү. Бир жолу мектептен келе жатса алдынан чыга калып, «сен эмнеге менден качып жатасың?» деп чачынан сүйрөп, сабап, өз ишин бүтүргөн экен. Мунун баарын кийин мага кыз өзү айтып берди.
Кыздын боюнда болуп калганын шекшигенде өгөй атасы УЗИге өзү алып барыптыр. Ооруканага киргизип жатып «башыңа жоолук салынып ал. Бишкек жакка турмушка чыктым эле, келинмин деп айт» дептир. Боюндагысы 5 айлык экенин билген соң бир жумадан кийин Бишкекке жөнөтүп, «Сага бөлөлөрүм жардам берет. Ошол жактан баланы алдыртып же төрөп таштап келесиң» деген экен.
Бишкектен менин сиңдим УЗИнин кагазын көрүп калып мага чалып айтып, анан билип отурабыз. Эжемден сурасам, ал билмексен болуп койгон. Апасы кантип билбесин? Эжем кайра кызын жамандап, жолдошунун таламын талашып жүрөт. Жуманазардын туугандары колунда бар, кызматтуу адамдар экен. Чыгарып алабыз деп аракет кылып жатышат. «160 миң сом акча берсе, сот өкүмдү жеңилдетип берет экен» деп элден угуп жатам. Ал кайра чыгып келсе көрөр күнүбүз кандай болот деп коркуп отурабыз.


«АПАСЫ МЕНЕН ДА, КЫЗЫ МЕНЕН ДА ЖАШАЙ БЕРЕМ»
– Тергөө учурунда Жуманазар баарын моюнуна алып, «Сотко жеткирбегиле, сураныч. Кызды жакшы көрүп калгам. Кызы менен да, апасы менен да жашай берем. Экөөнү тең багам. Экөөндө бирден бала болуп жатпайбы» деп айткан.
Учурда кыз менин колумда. Башында такыр уктабай жүрдү. Көзүнүн жашын төгүп эле отура берчү. Кээде титиреп, кээде кан басымы көтөрүлүп кетет эле. Азыр жакшы болуп баратат. Көңүлү ачылып калат. Бирок азыр деле кээде бир жерди тиктеп ыйлап отуруп калат.
Апасы болсо, кызын «ар кайсы балдар менен сүйлөшчү, бузулуп кеткен» деп жамандап жатат. Анан да эжем «кайын журтумдун баары билимдүү, бошотуп алабыз деп жатышат» деп курбуларына айтыптыр. Мен билимим жок болсо дагы бул иштин аягына чыгарам деп чуркап жүрөм.


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -3 
Комментарийлер(51)
13.03.2018. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Омур бою эркинен ажыратыш керек.
13.03.2018. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Что за мать такая ?! Смертный приговор этому педофилу казнь !!! Вы Тётя молодец, дай Аллах вам здоровья и справедливости .
13.03.2018. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Ушул нерсе билингенден кийин,ХХХХХХХХХХХХХ Айыл аксакалдары да бир нерсе десе болмок.ХХХХХХХХХХХХ мындай жанылыктар аявай кобойуп кетти
Модератор admin_media түзөттү 2018-03-13 17:43:02
13.03.2018. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Ошол карабаган апасын 15 жылга тиги адам сымал айбанды 100 жылга эркинен ажыратуу керек Соттор да адилетсиз
18.03.2018. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Targarien,чыын, апасын да соттош керек, чыгарып алгысы келет имиш. Энелик укуктан ажыратып, соттош керек. Өз баласына күйбөгөн кандай эне!
13.03.2018. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Турмодон чыкпай калсын.
13.03.2018. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Бир эле таежеси азамат экен.Кыздын бир туугандары кайда экен?Бир тууганынарды коргогула,кызга моральна жардам керек.
13.03.2018. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Абдрасулова кайда. Кыздын укугун коргобойбу.
13.03.2018. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
++++
15.03.2018. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Fatimka, Абдрасулова Сузактагы ХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-03-15 15:56:18
13.03.2018. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыздын апасы олгон экен, 7 баласы мн эрге тийбей жон журсо болмок. Огой атага кор кылып, дагы деле кызын жамандап эри тарап болгон хХХХХХ экен. ХХХХХХХх тийсин апасына, огой атасына Жана 160мин сомго жазасын женилдетип берем деген сотторго да
Модератор admin_media түзөттү 2018-03-13 17:27:43
13.03.2018. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
АПА болбой ХХХХХХХХХХ апа деген созго татыксыз ХХХХХХХХХХХХ деп койсо болот сендейди
Модератор admin_media түзөттү 2018-03-13 18:06:13
13.03.2018. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
7эмес 1баласы менен куйоого тийгенден коркушат кээ бир аялдар. Бул аял олгон неме го
13.03.2018. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыйнап кыйнап олтурсон ушуга окшогондорду
13.03.2018. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушуга окшогон педофилдерге олум же бычып салуу жазасын киргизишпейби.Биздин балдарды коргоочулар кайды карап олтурушат.
MUHLISA түзөттү 2018-03-13 21:01:14
13.03.2018. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бул киши м.н кошуна жашадык эле бир кездерде.ХХХХХХХХ Ошол музыкальный мектепте агасы директор. Ушундай балага кайдыгер караган энени кандай тушунсо болот?Ниети жаман адам менен тааныш болгондон кудай сактасын.
Модератор admin_media түзөттү 2018-03-14 10:18:30
13.03.2018. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жети баласы бар экен дагын эмнеге турмушка чыкты экен.ХХХХХХХХ.Жакшы тарбиялап канын жаралган балдарын. Бир эрди деп оз кызын намысын тебелеп уят эле.
Модератор admin_media түзөттү 2018-03-14 09:46:27
14.03.2018. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ХХХХХХХХХХХХХХХ кантип барды экен бул ишке 11 жашынан десе эсим ооп,11 жашаар кыз эмнени билет наристе го али.
Модератор admin_media түзөттү 2018-03-14 09:40:33
14.03.2018. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаш балдарын коргобой ХХХХХХХХХХХ Апасын базарга иштетип,жаш кызды пайдаланып жургон го акмак. Апасын кошо камаса болмок,жакшылык корбосун балдардын убалынан коркпогон ХХХХХХХХХХ... ХХХХХХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-03-14 09:38:57
14.03.2018. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мындайларды сурагы жок эле ХХХХХХХХХХХХ болот
Модератор admin_media түзөттү 2018-03-14 09:34:07
14.03.2018. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ХХХХХХХХХХХ мындай ХХХХХХ. Эми зонада ХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-03-14 09:25:31
14.03.2018. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
апа болбой ХХХХХХХХХХХх 7 баласы менен эрге тийген аял обу жок аял. баладан айлан. садага болуп кет.
Модератор admin_media түзөттү 2018-03-14 10:34:33
14.03.2018. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Астагфиралла!!! ХХХХХХХХХ башка жазага татыктуу эмес.
Модератор admin_media түзөттү 2018-03-14 11:32:35
14.03.2018. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эшек экөө менен тең жашай берем дейтго өлүм жазасы жок бизде бирок өмүр бою эркинен ажыратуу керек бул акмакты ал эми апасы билип туруп жашыргандыгы үчүн аны 20 жылга соттоо керек.
14.03.2018. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мындай тууганды куткарбайт болчум. Мындайга аяосуз олум жазасы керек. ХХХХХХХХХХХХХХХХ Ошондой жазага татыктуу. ХХХХХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-03-14 12:36:28
14.03.2018. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушундай нерселер аябай коп болуп жатат, окуп алып журогум ооруйт.кыргызстандын эркектерине жин тийгенби эмне, баары эле жаш кыздарга,огой балдарын зордукташат. Эхххх....
14.03.2018. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
turmodon sazaiyinin berip ХХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-03-15 09:53:02
14.03.2018. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
7 bala sy mn kuioogo tiyip balee barby
15.03.2018. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХХХХХ экен го кызды жакшы коруп калдым апасы менен да кызы менен да жашай берем дегенин ! Бир жолу зордуктаганга 4 жыл берсе деле бул зоокур кеминде 100 жолу зордуктабы да. Ошондо 400 жылга кесиш керек экен.
Модератор admin_media түзөттү 2018-03-15 15:54:54
15.03.2018. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХХХХХХХХХХ турган кылып
Модератор admin_media түзөттү 2018-03-16 10:16:40
17.03.2018. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым озун сакта.окуп эле уройун учат го.
20.03.2018. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Зонадагылардан" сураныч- жазасын бергиле!!!
08.09.2018. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Педофилдерге өлүм жазасын киргизип аны жөн эле өлтүрүп койгондо эмне? Наоборот ошолорду зонага тыгып, аяктагылар каалашынча "петух" кылып пайдаланышканда кирээрге жер таппай кыйналып, жаны көзүнө көрүнүп, кылган кылмышына өкүнүп, жадакалса ушул дүйнөгө келгенине өкүнгөндөй кылыш керек. Же акырын эле бычып коюш керек, өмүрү өткөнчө өкүнүп жүргөндөй кылып.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо