АЙПЕРИ КУБИК КЫЗЫ: «ӨЗҮҢДӨН КИЧҮҮ ЖИГИТТЕР КОЛУҢДУ СУРАСА, УЯЛАТ ЭКЕНСИҢ»

№801 9-март -15-март, 2018-ж.

«Адашкандан корком, азырынча жаңы мамиле курууга даяр эмесмин» деген Айпери Кубик кызы акыркы жаңылыктары менен бөлүшүп, кызык маек курду. Энергиясы ашып-ташкан ырчы бүгүн биздин апта каарманыбыз.

– Кандайсың, Айпери? Майрамың менен! Качан көрбөйүн иштеп эле жүргөн болосуң...
– Рахмат, сизди да куттуктайм. Ооба, аз уктап, көп иштеп, ишке тойбой турган учурум. Учурда кубалык эки жигиттен турган топ менен бирге жазылган ырга клип тарттыруунун үстүндө иштеп жатабыз.

– Былтыр башка улуттун ырчысы менен дуэт жаздырып, эл тарабынан катуу сынга кабылдың эле. Кайрадан терс пикирлер айтыларына даярсыңбы?
– Ооба, Хосе деген ырчы менен «Дани» аттуу ырды аткарып чыкканда дарегиме «кыргыз жигити калбай калдыбы?» деген өңдүү сын-пикирлер көп айтылган. Андай сөздөргө даяр болчумун, күткөм. Бул жигиттер да сунуш кылышты, жок дебей, дароо макул болдум. Жаңыланууну жакшы көрүп, жакшы идеяны колдойм. Бирөөгө жакса, экинчисине жакпай калышы мүмкүн. Сындашса капа болбойм.

– Уулуң чоңоюп жатабы? Бала үчүн жалгыз эненин тарбиясы жетиштүү болот бекен?
– Даян жайында үчкө чыгат. Мен жалгыз эмесмин, балага ата-энем каралашат. Атамды «ата» деп чоңоюп жатат. Колумдан келишинче эне катары милдетимди аткарганга аракет кылуудамын. Уулумдун апасынын жетегинен чыкпаган бала болушун каалабайм, ошондуктан мырза катары калыптансын деп спорт менен машыктырам. Кыскасы, элден кем кылбай өстүргөнгө аракет кылып жатам.

– Аялзатынын бактысы деп эмнени билесиң?
– Аялзатына бул жашоодо сүйүү, үй-бүлө, бала, жумшак мамиле керек экен. Кадырыңа жеткен адам болсо, баркталсаң, ошол бактылуу аял деп ойлойм.

– Ошентип кадырлап, барктай алган жакын адамың барбы?
– Бир адашкандан кийин кайрадан мамиле түзгөнгө толук даяр болбой, бирөөгө ишене албай калат экенсиң. Экинчи жолу жаңылгым, өкүнгүм келбейт. Эгер жеке жашоомдо жаңылык болуп калса, сөзсүз кабарлайм.

– Ошентсе да колуңду сураган жигиттер бар болсо керек?
– Мактангандай болбоюн, бирок эмнегедир өзүмдөн кичүү жигиттер «сүйөм, эч нерсеңе карабайм, балаңа өз баламдай мамиле кылып ата болуп берем» дешет. Минтип өзүңдөн кичүү жигиттер баш кошуу сунушун киргизип жатышса, уялат экенсиң. Айрымдар балам барына ишенбей, «жаш көрүнөсүң» деп да айтышат. Балким, жүрүм-турумум жаш кыздардыкындай болсо керек. Өзүмдү дайым 18 жаштагыдай сезем.
Бирок сүткө оозум күйүп, айранды үйлөп ичип калгандан кийин жигиттин турмушка канчалык туруштук бере аларына, тиричиликке тыңдыгына карап калат экенсиң. Экинчи түгөйдү тандоодо кеп жаш-куракта эмес, эки адамдын ою туура келип, бирине-бири чыдаса, бирге умтулса жана жашоого бирдей көз карашта болсо, ошондо бекем үй-бүлө курулса керек. Азыр адамды жаныма жолотпой, кооптонуп, этияттап калдым. Айланадагы жигиттер менен дос, ага же ини катары эле сүйлөшүп турам. Маңдайга эмне жазылса, ошону көрөбүз.

– Сыртыңдан күчтүү көрүнөсүң. Жашоодо ыйлайсыңбы?
– Менин жан дүйнөм таш болуп катып калган окшойт, канчалык бук болсом да, капа болсом да ыйлай албайм. Капа болгонумду, сырымды, бугумду сыртка чыгарбай ичиме сактайм. Анткени бирөөгө ишенүү кыйын болуп калбадыбы, достор, тааныштар, жадакалса коюнуңдагы адам деле сатып кетет.

– Жаңы жолтандабас айдап жүрөсүң, майрамга деп алдыңбы же бирөө белек кылдыбы?
– Жок, мага ким белек кылмак эле (күлүп)? 3 жылдан бери Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа айдап жүрчүмүн. Анан жаңы унаа алсамбы же акча топтой берсемби деп көп ойлондум. Ата-энем менен кеңешип, бир жума мурда ушул Фольксваген Туарегди сатып алдым.

– Инстаграм баракчаңа балаңды алдыңа алып отургузуп, унаа айдап бараткан видео жүктөдүң эле. Жол эрежесин эскерткендер көп болду.
– Жаңы алган унаамдын кубанычын уулум менен бөлүшүп, биринчи жолу чогуу айдайлы дегем. Менде деле акыл бар, баланын коопсуздугун ойлойм. Өзүбүз жашаган Ак-Өргөөдөгү көчөгө эле айдаганбыз. Анын эмнеси бар экен? Алдыма баламды алып, бир колума телефон кармап, рулга отуруп чоң көчөгө чыгып кеткен жерим жок.

– Маегиңе рахмат. Ийгилик!

"Уулум таятасын "ата" деп чоңоюп жатат".


Алтынай Тынышова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Айпери Кубик кызы: "Жашы кичүү жигиттер колумду сураса уялып кетем"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(52)
13.03.2018. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бакыт тилеп коелу неси болсода
13.03.2018. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Супер, Сыймык Бейшекеевден интервью алыныздарчы?
13.03.2018. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Айперинин баласы 131 садикке барат. Менин балам да ошол жакта. Баласын дайыма атасы барат. Бир да жолу Айперини коро албадым. Ушинтип Ата энесине баласын тапшырып койгондой.
17.03.2018. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
asemanur,сенин ишиниң эмне ким барсада! Ошентип алысыраак болгону да жакшыго концерт койуп көпкө кетсе эрге тийип кетсе бири-бирине куса бөлүшпөй! ТайАта ТайЭнесине үйрөнгөн да жакшы
13.03.2018. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аа
13.03.2018. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам
13.03.2018. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Пугачевадай 30жаш кичуугө тий
13.03.2018. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Atyrgul84, saga jakpasa ukpa myshyk mayga jetpey sassyk deptir degendensingo. Ayperi saga iygilik jonokoilugundon jazba.
13.03.2018. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакпаса окубай эле койгулада. Негативный комментарияларды калтырбай.
14.03.2018. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Суйомго ушу кызды
14.03.2018. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айпери азаматсын алга
14.03.2018. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушу кыз дайым ХХХХХХХ. Стиль деген нерсени билбей койду. Такыр стилист мн иштешпейт. Азыркым кийими кантет кокуй.
Модератор admin_media түзөттү 2018-03-14 09:24:33
14.03.2018. 03:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын Айпери. Ийгилик сага!!!!
14.03.2018. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айпери, сени бардык тараптан ийгилик коштосун. Сен сулуусун, таланттуусун, кучтуусун. Мен сени аялзаты катары баалайм Жана колдойм чыгармачылыгынды да сыйлайм. Аялзаты катары бактылуу бол сен ага татыктуусун. Баландын омуру узун болсун. Эч качан алга умтулуудан токтобо. Сени ар дайым угуудан тажабаган куйорманын бар))))
14.03.2018. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мага расса жагат бул кыз сулуу назик адам мн кандай мамиле кылганды билет
16.03.2018. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
SALMANCHIK24,озбекче расса дебей абдан,аябай деп жазсан кыргызча эле!
14.03.2018. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ишине ийгилик, бактылуу бол!
14.03.2018. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аябай сонун маек болуптур. Ийгилик сизге Айпери эже
14.03.2018. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айпери башка ырчылардан айырмаланып турат, дайым изденуунун устундо иштейт,клиптери да эч бир бири бирине окшошпойт. Алга Айпери!!!
SUPER.KG видео
14.03.2018. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
жаш жигиттер сураптыр жашы чондор сурабай жатабы бизде бай чиновниктер андып еле турушчу еле
14.03.2018. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менда талантынды сыйлайм.Акылдуу ,сулуу,таланттуу кыз.Жакшы адамга туриушка чыгып бактылуу болушуна тилектешмин.
SUPER.KG видео
14.03.2018. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жасалма талант же өнөр көп болсо 10 жыл созулат, убакыт көрсөтөт чыныгы өнөрпоз болсо тарыхта калат .
15.03.2018. 08:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айпери бактылуу бол
15.03.2018. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Азыр өзүң менен теңдер же улуулаактардын баары үй- бүлөөлүү да,ал эми жаштар бойдок анан да өзүнүн теңи жетпеген кадырыңа мен жетем деп ойлойт. Мага да ушундай сунуштар түшүп турат,хотя куник болсом да)))))) сулуу,пери болуп калсам Кудай эле бермек да))))))
16.03.2018. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
AykaMer,куник эмес туру суук,серт деп жаз кыргызча!
SUPER.KG видео
15.03.2018. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаш балдар колунду сураса конечно уяласын да анан чон эле ажырашкан катын болсон. эртерээк эрге тийип ал эми мвндай журбой. ХХХХХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-03-15 14:41:29
15.03.2018. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Молодец! Ажырашып алып эле тырактап башка жигит таап, анан ата-энемен озумчо жашайм дебей, тиги бироого окшоп.
15.03.2018. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мынча жамансынар ажырашып корсонор билесинер эрсиз журсо эмне болуптур озу билгендей жашайберсин озунун турмушу
16.03.2018. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айпери онорун оркундой берсин! Изденуудон талыкпа,дайым алга гана кадам таштай бер! Биз сени менен!
16.03.2018. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айпреи чыгармачылык ийгилик каалайм, ырчылыктын жолу менен уй-булонун жолу башка тилекке каршы.Экоо тен татаал,оор. Бирок эсин болсо, А.Жетигенова,А.Иманалиева эжекелерибизге окшоп, акылдуу болуп, турмуш менен чыгармачылыкты бирге алып кетууго аракет кыл.Уй-булоо менен ырчылыктын тараза ташын туура кой. же экоо тен болуш керек же уй-булонун таразасы оор болушу керек,болбосо аялдык бакытты сезе албай каласыны.Алина,Айчурок эжелериндей акылдуу бол чырагым.
16.03.2018. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул кыздын жана уй-булоосунун жонокойлугу жагат.
17.03.2018. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
таятаны тайата эле дегени жакшы негизи. Атасы менен эмитендеп мамилесин кур да баландын. Кыргыздын мырзасы кылгын келет.
19.03.2018. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айпери сага ийгилик каалаймын бардык жагынан топ келишкен жонокой кызсын
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо