МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал)

№801 9-март -15-март, 2018-ж.

– Уф, эмне кылып салдым?- Тимурдун кучагында жатып Айсулуу сүйлөндү. А жигит болсо эч нерседен капарсыз уктап жатат.
«Азаматтын бетин кантип карайм, анын алдына кантип барам?» жоопсуз суроолор көп болчу. Башы чыңалып ооруп чыкты. Өзүн-өзү жек көрүп кетти. Ордунан туруп кийинип баштады. Өзүн-өзү күзгүдөн карап чачын иреттеп жатканда Тимур ойгонуп жылмайып койду.
– Сен кайда?
– Жумушка.
– Кечинде канчада келесиң?
– Каякка?
– Каякка болмок эле меникине.
– Болду, келбейм. Жиндилик кылдым.
– Эмнеге келбейсиң?
– Менин күйөөм бар, балам бар.
– Экөөбүздүн мамилебизди эч ким билбейт.
Кекиртегине бир нерсе кептелгендей туруп калды Айсулуу.
– Эч ким билбейт дечи?
– Анан эмне дейин, ажырашып кел деп айтайынбы? Сенин эми жашооң бөлөк да.
– Ооба, жашоом бөлөк. Ошон үчүн жакындаба мага,- эшикти тарс жаап чыгып кетти. Тимур жылмайып гана койду. «Келет, кайтып келет» деп койду ичинен.


ххх


– Алло, Азамат, кандайсың?- Айсулуунун үнү дирилдеп жатты. Өзүн күнөөлүү сезип эмне кыларын билбей турду.
– Жакшы. Өзүң кандай? Кыйналган жоксуңбу?
– Жо-ок, жакшы эле баары. Айназик эмне кылып жатат?
– Уктап жатат. Бүгүн эртерээк ойгонуп алды эле. Түштө уйкусу келип калыптыр. Эшиктен кирсем эле моюнума асылган. Көтөрүп жүрсөм уктап калды.
– И-ий, жаным десе. Түндө мени издеп жатабы?
– Сен кеткенден кийин 3-4 күн издеди. Азыр көнө түштү окшойт.
– Аа. Мен жакында акча салам,- күнөөсүн ушинтип жуумакчы болду Айсулуу. Башка арга таппады. Ушинтсе аз да болсо жеңилдечүдөй болду. Башка эмне кылат?
– Айназикти сагынып жатсаң келе бер да,- Азамат эмнегедир Айсулуунун үнүнөн кызын сагынган окшойт деп болжоду.
– Кой, ушунча келгенден кийин иштеп кетейин.
– Мейли.


ххх


Тимур туптуура эле билиптир. Телефон чалып чакырары менен эле Айсулуу кайра келди. Кайрадан аныкында түнөдү. Жумушуна кетип, өзү эле чакыруусуз Тимурдукуна келе баштады. Ал өзүн-өзү жеңе албай койду. Жигиттин кучагына жеткенде ал бардык маселесин унутуп салат. Андан алыстагысы жок.
– Тимур, эмнеге биз ушинтип калдык?- жигиттин төшүнө башын жөлөп жатып сурады.
– Кантип?
– Экөөбүз тең бири-бирибизди жакшы көрөбүз. Бирок эки айрылыш жолдобуз. Эмнеге чогуу эмеспиз.
– Биз азыр чогуубуз го?
– Бирок үй-бүлө эмеспиз да.
– Эми турмушта ушундай болуп калат экен да.
– Айтсаң, эми мен кантип күйөөмдүн жанына барам?
– ...
– Эмне деген акылсыз аялмын?
– Сен ажырашып келе аласыңбы?
– Ал эмне дегениң?
– Ажырашып кел. Экөөбүз чогуу жашайлы, кызыбызды алып келели.
– Сен чын эле айтып жатасыңбы?
– Ооба,- Тимур жылмайып алып сүйлөп жатты. Ал абдан тез чечим чыгара берчү, чечимдери канчалык туура экенин ойлончу деле эмес. Кайсы бир адамга жагуу үчүн же кимдир бирөөнүн алдында жакшы көрүнүү үчүн кызыктай жоруктарга бара бермейи бар. Мына азыр да Айсулуунун көңүлүн алыш үчүн сүйлөп салды. Өзү ата болгонго даярбы? Жоопкерчилигин ала алабы? Мунун дале башында шамал ойноп турат го. Бирок бул тууралуу Айсулуу да, Тимур да ойлонушкан жок. Экөө кучакташып калышты. Кыз бул сөздөрдү канчадан бери күтүп жүрүп акыры укканына сүйүндү, жигит болсо кыздын көңүлүнө жаккан сөз айтканы үчүн өзүнө-өзү ыраазы болуп койду.
– Бирок мага убакыт керек. Мен дароо эле Азаматка чалып кызымды алып кетем деп айта албайм.
– Мейли, адегенде акча топтойлу. Барып аны Кыргызстандан алып келүү керек да. Ага чейин күйөөңдө болуп турсун. Айтпай турсаң деле болот.


ххх


Айназик ойгонуп эле атасын таппай калды. Аркы бөлмөдөн ага тааныш тамактын жыты чыгат. Томполоңдоп жөрмөлөп жөнөдү. Мына атасы электр мешине ага күндө берчү боткосун бышырып жатыптыр.
– Ой, ким туруп алган? Ким келди?- атасы уйкудан чала-бучук ойгонуп аны издеп келген кызын колуна алды.
– Жаным десе,- чоп эттире кызынын бетинен өптү. Айназик болсо бойтоюп атасынын ийинине башын жөлөй кетти. Таң эрте ойгонгондон кийин ал дайыма ушинтип унчукпай атасынын ийинине башын жөлөп кыйла убакыт өткөрөт. Жана тура калып атасын издегени да ошондон болчу. Тим эле ойлонуп жаткан кишидей мелтиреп бир топко турат. Анан бир убакта атасынын бетин кармалап баштайт. Азамат дароо түшүнөт. Өзү көндүрүп койгон, оозуна жел толтуруп бетин тултуйтуп туруп берет. Айназик бытыкый алакандары менен тултуйган бетине ургулап баштайт. Булардын таң атпай башталган биринчи оюну. Атасынын бултуйуп турган бетин алаканы менен ургулап кыткылыктап күлөт. Бул экөөнү карап алып Бурул өзүнчө бактылуу. Ал уулунан мынчалык камкор ата чыгат деп ойлобоптур. Келинчеги кеткенден бери Айназикти таптаза кылып, оорутпай карап келе жатат. Кыздын көңүлү дайыма ачык. Ага жанында атасы болсо эле дүйнө түгөл сыяктуу. Аны жарым саатка көз алдынан жоготуп жиберсе чебелектеп дароо издеп баштайт. Чоң апасынын колуна барып эшик тарапка колун сунуп чырылдап баштайт.
– Ии, акылыңдан сенин. Атаң ошол каалгадан чыкканын көрдүңбү? Келет, ээ, азыр,- небересин алаксытат Бурул. Анын жытына тойбойт. Бул үйгө Айназик келгенден бери баарынын бактысы аша түшкөндөй.
Кызын эркелетип Азамат тамагын берип жатты. Аңгыча телефонуна чалуу келди. Айсулуу болчу.
– Алло, кандайсың?
– Жакшы, өзүң кандайсың?
– Жакшы, кызым кандай жүрөт?
– Сонун жүрөт. Дагы 2 тиши чыкты. Жалпы төрт тиш болду.
– Сагынып кеттим.
– Сагынсаң кел. Деги кеткениңе 2 ай болду. «2 ай иштесем эле келем» дебедиң беле?
– Ооба, барам жакында. Бүгүн акча салганы жатам.
– Эмнеге? Бизде баары бар.
– Кызыма кийим алып бер. Айтор, керегиңерге жаратасыңар. Мейли, мен жумушта элем. Жакшы тургула.
– Мм, мейли.
Телефонду коюп Айсулуу мелтиреп отуруп калды. Келгенине чын эле 2 ай болду. Кетер маалы келди. Бирок эми ал жашоосун өзгөртөт. Азыр бир аз акча чогултуу керек. Тимур экөөнүн Кыргызстанга барып келгенине эле бир топ акча кетет. Андан сырткары бул жакта ижарага батир алып даярдап коюу кажет. Баарын жасап бүткөн соң Азаматтан Айназикти алып келүү калат. Азамат эмне дейт болду экен? Айсулуунун атасы «кызымдын чыныгы атасы бул Тимур, Азаматка жөн гана сизден чындыкты жашырып тийгем» десе кандай кабыл алар экен? Ойлор бүтпөйт. Бирок Айсулуу Айназикти алып келип, Тимур менен чогуу түтүн булатып баштаса эле бактылуу болуп каларын сезип жатат.


ххх


Биротоло Азаматтын алдына кызын алып кетүү үчүн барганга, атасынын алдына барып «башка күйөөгө, кызымдын чыныгы атасына кайра турмушка чыктым» деп айтууга даяр болгонго чейин дагы 2 ай өтүп кетти. Бул арада Айназик толук бир жашка толду.
Декабрдын жамгыр аралаш кар жаап жаткан күнү Тимур менен Айсулуу Кыргызстанды көздөй жөнөштү. Алдыда эмне күтүп турат али белгисиз болчу. Бирок алар бактылуу эле. Болгону бакыт толук болуш үчүн аларга кызы керек. Тимур Айназикти кандай кабыл алар экен? Мындан сонун ата чыкса керек. Анан калса Айназик Тимурга куюп койгондой окшош. Экөө тил табышмак, бири-бирин жакшы көрүп калмак. Айсулуу ушинтип ойлонот. Ал адаттагыдай эле Тимурга толугу менен ишенип алган. Тимур аны буга чейин алдап кеткенин ал унутуп калгандай.


ххх


– Кана, бир, эки, үч...- Азамат Айназикти колунан жетелеп бастырып, анын кадамдарын санап жатты. Кыз эми тай-тайлап басып калган чагы болчу. Эшик суук болгонуна карабай сыртка атасын ээрчип чыгып, аны убара кылып жүрөт. Кызын жетелеп жүрүп Азамат көчө тараптан келе жаткан төртөөнү байкады. Бир жигит, Айсулууга окшош кыз. Жок окшош эмей эле Айсулуу экен. Анын жанында апасы жана дагы бир аял.
«Буларга эмне болгон?» эмнегедир дароо ушинтип ойлонду. Тиги жигиттин, кайненесинин кейпи, Айсулуунун кабагы башкача болчу. Кызын шап көтөрүп бооруна кысты да аларды утурлай жөнөдү. Басып бара жатып Айназикти моюнунан жыттап койду. «Айсулуу эмнеге Айназикти көргөнгө ашыгып чуркабайт?» ушул суроо анын жүрөгүн үшүтүп жиберди. Алда нени сезгендей кызын дагы кере-кере жыттап, бекем кучактады...

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Башка сандарда:
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 793-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 794-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 795-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 796-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 797-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 798-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 799-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 800-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 802-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 803-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 804-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 805-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 806-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 807-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 808-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 809-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 810-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 811-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 812-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 813-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 814-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 815-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 816-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 817-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 818-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 819-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 820-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 821-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 822-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 823-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 824-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 825-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 826-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 827-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 828-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 829-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 830-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 831-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 832-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 833-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 834-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 835-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 836-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 837-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 838-сан
Комментарийлер(24)
13.03.2018. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Женил ой кызында сенин акын жок
13.03.2018. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бети жок Айсулуу
13.03.2018. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Тоок мээ Айсулуу. Кыжырым келип кетти. Бир баскан богун 99жолу баса берет экенда
13.03.2018. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ай кокмээ
13.03.2018. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уффф, Айсулууу
13.03.2018. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Азаматка боорум ооруйт(((
13.03.2018. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айсулуу ары жокту соз суйлотпой эле жаткыза чапкын, Азамат!
13.03.2018. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эшшек мээ Айсулуу жакшылык билбеген
13.03.2018. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ойношко ишенип эрсиз калыптыр болбосо эле болду эми
13.03.2018. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айсулуу(Ася) чын эле ХХХХХХХХХХХХХХ ит таяк жеген жерин унутса дагы тамак жеген жерин унутпайт" айсулуу болсо жакшылык ырайым кылган жерди
унутуп жанакы хххххххх болгон жерди унутпайт экен да.Ася. жанакы көчөгө чыгып хххххххх сатканда эле болду да
Модератор admin_media түзөттү 2018-03-13 14:45:29
13.03.2018. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ушул сериалга киргенден да коркуп калдым, үшүп кетем, дагы эмне балээни баштап ийет экен Айсулуу сөйрүк деп, ((((
13.03.2018. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Dina.janym, сойрук деген созун жакты
13.03.2018. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чыныгы жашоодо бар да ушундай кок мээлер
13.03.2018. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээ кое тургула тагдырдын жазымыштары али алдыда
13.03.2018. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эми кызы м.н кочодо калбасале Тимурга ишенип
13.03.2018. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматка боорум ачып кетти го бир нерсени сезгендей кайра кайра кызын жыттайт. Акылы жок Айсулуу! Ээрчишип алган апасына не жок.
14.03.2018. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уландысын кайдан окуйбуз?
14.03.2018. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айназик кимдин фамилясын алды болду экен
эгерде Азаматтын фамилясын алса кызды бербейт болуш керек
14.03.2018. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмки сериясында мен точно ыйлайм....
14.03.2018. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмки сериясы ыйлататко эми азаматтан кызын ажыратып алып кеткенин эстеп журок ооруп атат эмитен эле ((((
16.03.2018. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
журок оруйтко. байкуш азаматка кызды тартып кетсе эмне кылат болду экен
16.03.2018. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акмак кыз
19.03.2018. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жаны сериалбы башын окуй албай койдум
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо