Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ВЕБКАМ-МОДЕЛИНГ: КЫРГЫЗ КЫЗДАРДЫН ЖЫЛАҢАЧ СҮРӨТТӨРҮ ИНТЕРНЕТКЕ КАНДАЙЧА ТАРАП КЕТТИ?

№801 9-март -15-март, 2018-ж.

Жакындан бери интернетте кыргыз кыздарынын жылаңачтанган сүрөттөрү тарап баштады. Социалдык тармактарда кыргыз кыздарынын вебкамера аркылуу интимдик кызмат көрсөтүп жаткан видеолору жана сүрөттөрү жүктөлгөн тайпа түзүлүп, ага катталгандардын саны бир жумада 2500 адамга жетти. Ал арада кыргыз милициясы Бишкек шаарында жайгашкан вебкам кызматын көрсөткөн студияларды ачыктап, уюштуруучу деп шектелгендерди камакка алды.

«ЖАШЫ ЖЕТЕ ЭЛЕК КЫЗДАРДЫ ИШКЕ ТАРТКАНДАРГА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ»
Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Адыл Оморов өлкөбүздө интернет аркылуу интимдик кызмат көрсөткөн кыздар иштеген 2 студия табылганын айтты:
– 2017-жылдын январь айында жумуш издеген жашы жете элек кызды эки жаран алдоо жолу менен ишке тартышкан. Алар жашы жете элек кызга «интернет аркылуу чет өлкөлүк жарандар менен маектешкениң үчүн акча табасың» деп убада кылышкан. Эч нерседен күмөн санабаган кыз чет элдик жаран менен баарлашуу учурунда маектеши андан чечинүүсүн, денесинин айрым жерлерин көрсөтүүсүн талап кылган. Анын каалоосун аткара албаган өспүрүм иштей албасын айтып кетип калган. Бул иштин негизинде анын ата-энеси милицияга арыз менен кайрылган.
Тергөө учурунда Бишкек шаарында жайгашкан интернет аркылуу порнографиялык кызмат көрсөтүү иштерин жүргүзгөн 2 студия табылган. Анда 10 компьютер, 16 вебкамера, сексуалдык мүнөздөгү буюм-тайымдар табылган. Ошондой эле батирде интимдик кызмат көрсөтүп иштеген 5 кыз бар болгон. Териштирүү иштеринин негизинде кыздардын өз каалоосу менен бул ишке барышканы, алардын өлкөнүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл аймактарынан борборго келип иштеп жаткандыгы аныкталган. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 262-беренеси (сатуу, жайылтуу же жарнамалоо максатында порнографиялык чыгармаларды, басылмаларды, сүрөттөрдү же порнографиялык мүнөздөгү башка буюмдарды даярдоо, ошондой эле аларды сатуу же сатуу максатында сактоого жашы жете элек өспүрүмдү тартуу) боюнча эки жаранга кылмыш иши козголду. Шектүүлөр 1993-жылы туулган М.К. жана 1991-жылы туулган Ж.Н. тергөө абагына киргизилди.


ТАМЫРЛАП КЕТКЕН БИЗНЕСКЕ ЭМИ КӨҢҮЛ БУРУЛУП...
Вебкам-моделинг – кардарга интернет аркылуу порнографиялык өңүттөгү виртуалдык кызмат көрсөтүү. Адатта бул иш атайын даярдалган студияларда аткарылып, ал үчүн акы төлөнөт.
Бизнестин бул түрү биздин өлкөдө бүгүн же кечээ пайда болгон жок. Жергебиздеги жумуш берүүчү сайттарда же көчөдө деле «вебкам-моделдери талап кылынат» деген жарыялар ачык эле жарыяланып келгенине кеминде 3-4 жыл болду. Алар жумушчуларга койгон талаптарынын жеңилдиги, кызматы үчүн жакшы каражат төлөнөрү менен кыздарды азгырышы мүмкүн.
Мындай иш сунуш кылган студия ээлери көбүнчө 18-35 жаштагы кыз-келиндерди кабыл алышат. Алар жумушчуларга канчалык көп көрүүчүсү болсо, ошончо көп акча табарын кепилдешет. Кыз-келиндердин суранычы менен тиешелүү сайтты алар каалаган өлкөнүн тургундары үчүн жаап салса болот. Ошондой жайнаган жарыялардын бирине телефон чалып, жумушка кандайча кабыл алышарына кызыгып көрдүк.


– Саламатсызбы? Жарыя боюнча жумуш издеп чалып жатат элем.
– Саламатсызбы? Веб-моделинг тууралуу маалыматыңыз барбы?
– Ооба, үстүртөн билем.
– Демек, тажрыйбаңыз жок экен да.
– Ооба, сөзсүз англис тилин билүү керекпи?
– Негизи билсеңиз жакшы болмок. Бирок ал негизги талап деле эмес.
– Анан акча жагы кандай болот?
– Иштегениңизге жараша. Түшкөн акчанын 30 пайызын аласыз. Жумасына болжол менен 30-35 миң сом табасыз.
– Айтсаңыз, эгер иштеп калсам, сүрөтүм интернетке тарап кетпейт деген кепилдик барбы?
– Биз келишим түзүп иштейбиз да. Эгер биз тараптан да, сиз тараптан да эч кандай пикир келишпестик жаралбаса, эч кандай сүрөт же видео интернетке жарыяланбайт. Мындан башка маалыматты ишке кирип жатканыңызда айтып берейинчи. Келериңизде чалыңыз.

Коомдун кызуу талкуусуна алынып жаткан веб-моделдер темасына укук коргоочулар менен журналисттердин аралашып жатканы «иш берүүчүлөрдү» кооптондуруп койгонбу же башынан эле кенен маалымат айтышпайбы, айтор, маектешим кыска сүйлөп эле трубканы койгонго шашты.


БИР МҮНӨТКӨ 2 ДОЛЛАР ЖЕ КЫЖЫРДАНГАН КЫРГЫЗ ЖИГИТТЕРИ
Жогоруда аталган тайпада энеден туума жылаңач кыздардын сүрөттөрү азыр да жүктөлүп, аягы азыр да сууй элек. Ага катталгандардын саны канчалык арбыган сайын, тааныш-билишин көрүп, таанып калгандар да ошончолук көбөйүүдө. Вебкам-моделинг тууралуу кенен билгендер кызмат көрсөткөн кыздар ар бир мүнөтү үчүн 2 доллар иштеп табышарын жазышууда. Тайпада катталган намыстанган жигиттер вебкам-моделдерин «улутту уяткарды» деп, ал тургай «жазага тартылсын» дегендери да четтен чыгууда. Тааныш-билишин таанып, таң калганын жашырбаган жигиттер эми кыздардын сүрөттөрүн ортого салып, териштирип-сүрүштүрүүгө өтүштү. Ал эми мындай жорукка каршы болгондор вебмоделинг – сойкулук эмес экенин, ал тургай кыздар тапкан каражатты биздин өлкөгө сырттан келген инвестиция катары баалашууда.


«ОҢОЛОТТУР, ОЙЛОНОТТУР ДЕП СҮРӨТТӨРҮН ТАРАТТЫМ»
Социалдык тармактарга кыргыз кыздардын жылаңачтанган сүрөттөрүн жарыялагандардын бири 23 жаштагы Ринат өзүнүн чет өлкөдө экенин билдирип, сүрөттөрдү кыргыздын кыздары туура жолго түшсүн деген максатта жарыялаганын айтты.
– Интернет аркылуу интимдик кызмат сунуштаган түрдүү сайттар бар. Ал сайттардын айрымдары Кыргыз өлкөсү үчүн жабык болсо, кээ бирлерине кирүүгө болот. Ошондой сайттардын биринен өзүмдүн классташ кызымдын сүрөттөрүн көрүп калдым. Анан ага байланышып, жолугуп, эмнеге мындай жолго барганын сурасам, «Бул менин кадимки эле жумушум, жумасына 500-800 доллар табам» деген жооп алдым. Бул кылыгы туура эмес экенин, токтотпосо сүрөттөрүн интернетке таратып саларымды айтып эскерткем. Оңолоттур деп 2 айттым, 3 айттым, болбой койду. «Айтканга көнбөсөң мына» деп сүрөттөрүн интернетке таратып салдым. Бардар үй-бүлөдө чоңойгон, сабакты жакшы окуган кыз болчу. Кыргыз кыздарынын ушундай жол менен акча таап жатышканы кыжырды кайнатат.


Юрист Калыйнур Батыралиев бул көрүнүштү жөнгө сала турган норма мыйзамда көрсөтүлбөгөнүн айтты.
– Кылмыш-жаза кодексинде сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштурууга, ошондой эле порнографиялык мүнөздөгү материалдарды даярдоо жана иш-чараларга катышууга жашы жетпегендерди тартууга тыюу салынган. Ал эми вебкамера аркылуу кызмат көрсөтүүгө тыюу да салынган эмес, уруксат да берилген эмес.

Алтынай Тынышова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(45)
13.03.2018. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кайдан Корсо болот суротторду
17.03.2018. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
love.me.again,Вконтакте кирип издегиле - KG Вирт знакомство деп , видеолору менен бар.
13.03.2018. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай группада фотолорду жайылды инстаграммда
13.03.2018. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Optima, Телеграмда. инстаграмда эмес
16.03.2018. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Iniesta8, телеграмда эмне деп издоо керек
13.03.2018. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага бары бир.
13.03.2018. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайда ошол суроттор? Корбой туруп эле суйлой бересинерби, балким такыр эле кыргыз кыздар эмес
13.03.2018. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
суроттогу жаткан кызды кайдан тапса болот? менин вкусум экен да.
13.03.2018. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
СИ маалыматтын башында 2017-жыл деп берипсинер, ошондо бир жылдан кийин билинип жатабы же ...............
13.03.2018. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
balzak,
Саламатсызбы, ооба, милицияга жазылган арыз 2017-жылкы окуяга байланыштуу болгон.
13.03.2018. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Патриот жигиттердин суруштургону туура иш. Антпесе мындай коп акчага азгырылып коптогон кыздарыбыз ата - энесин уятка калтырат. Тообо мындай корунуш Европалыктарда болчу эле....
13.03.2018. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Булардыкы ХХХХХХХХ аптасына палан доллар дейт го,сүрөттөрүн аты жөнүн ачык жазыш керек ошондо коркуп намыстанып тыйылышат.
Модератор admin_media түзөттү 2018-03-14 10:32:25
13.03.2018. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Эмне учун Кавказдардын кыздарын кочодо тамеки чегип жургонун корбойбуз?Же Озбек,тажиктердин кыздарын кафелерде бийлеп жургонун корбойбуз??? Биринчи кезек биз Мен Кыргыздын жигити деген балдар озубуз тын болуп,кыздарыбызды тыйышыбыз керек.Азыр кочодон бир Кыргыз кызы тамеки чегип турганын коруп ошого туура эмес кылып атканын айтсан кайра озунду согот.Качан эле Кыргыздар ушинтип :жан жерлерин;корсотуп калды эле?Курман Датканы,Таттыбубу,Бубусара эжелердин суротторун кордунор беле жыланач болгон
13.03.2018. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Farkhat07.05.89,++++пилус басам деп минус басып алдым эн туура .
15.03.2018. 06:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
MUHLISA, пилус, хаха, плюс эмесби случайно?
16.03.2018. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Farkhat07.05.89, мен коргом кавказ кыздарын да
13.03.2018. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Чындыгында буга эркектер Жана мамлекекет куноолуу. Аялзатын коргой албаган бага албаган эркек
14.03.2018. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asemanur,
Эркектер эмне ал чечинип жатканда барып,ыштанына тырмышып токтотсун дегенининби?Же мамлекет ар кыздын артынан андып журсунбу?Ал өзү барды өзү чечинди,же сүрөткө тарткан неме автомат менен алдына салып кетип,эркектер унчукпай карап калды беле,ойлонуп сүйлөсоңөр.
13.03.2018. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Интернетке жуктогон Ринаттын кылганын колдойм ,уч жолу эскертуу бериптир.Бардар эле жердин кызы экен демек бузулган.Акмактар ушулардын айынан канчалаган кыздардын бетине коо жабылып жатат.Ата эненин эл караган бетин жер караттынар .
13.03.2018. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мунун чубалжыган жиби ак уй кок уйдон чыкпаса эле болду ...
13.03.2018. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайдан корсо болот айтсанар? Баарынар эле айтып атасынар
14.03.2018. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Студент болчум 2013 жыл. Жумуш издеп журуп, мен дагы ушул жумушту тапкам. Эч нерсе жаман оюмда жок барып алган экем. Кыздардын кылган кылыктарын коруп: Кудай сактай кор деп оозум ачылган. Ал жерден чыкканча шашкам. Ишенсенер, жумуш издеп журуп ошого окшош жумуштар аябай коп чыккан. Бирок, Кудайга шугур акыр аягында кафеден жумуш тапкам...
14.03.2018. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактаптыр
14.03.2018. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аларды зордоп эч ким суротко тарткан жок да,абийири акчадан төмөн болсо түшө беришет да каалагандай.Тартса эле түшө берип эмне кыздар келесообу?Жок суйлосо тилдеринен чаң чыгат,ойлонушпайбы,Ага өздөрү күнөөлүү,сүрөткө түшкөндөн уялбаган,жайылгандын эмнесинен уялымыш болуп аттыңар экен.
14.03.2018. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мен аялдарга жагыныш эмес жеке озумун ойум
бул корунушко биринчи биз эркектер куноолуубуз себеби биз эже карындаштарыбызды биз агалары аталары кыскасы эркектер тарбиялашыбыз керек мисалы кой деер кожосу жок кыздарыбызды орусияга туркияга жиберип жатабыз биз кыздарыбызга татыктуу тарбия бере албай жатабыз динде бекер айтпаса керек айал кишини иштетбегиле деп секелек кыздар иштеп жатам деп борбордо а ал кыз кандай жумушта кантип иштеп жатат контрол кылган эч ким жок тек гана чалып сурап э
14.03.2018. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каерден корсо болот экен ссылкасын кошо берсенер админ?
14.03.2018. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ал бала озу да соо эмес го ))) кантип ал сайтка кирип классташын коруп калган )) озу да ошол сайтка кызыгып кирип, коруп анан классташын таанып калса керек ))))))
14.03.2018. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эркек деселе жаш балдар секирип чыгасынар бул деген ата болот, ага болот, ушулар башын жерге салбай кыздарын, аялдарын, карындаштарын сыртка жибербей оздору иштеп уй булоосун камсыз кылуу керек ошондо аял киши камсыз болгонун сезет мындай ыплас иштерге барбайт.
15.03.2018. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи комент окуганга эле кирип калдым супер инфого
15.03.2018. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кайсыл жерден жүдөө көрсөң зайыпты, ошол элдин уулуна кой айыпты!
15.03.2018. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эй тообо дегенден башка эмне дейбиз!
15.03.2018. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык... Тиги Ринат деген неме андай сайттарда эмне кылып журду экен???! Ар бир адамдын озуно ынсап берсин ээ Кудай. Келечегибиз кандай болот оттто карангы болуп калды. Эхх аттин....
16.03.2018. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кайсы сайт айтып койгулачы сураныч админ
16.03.2018. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин бир тааныш кызымда иштегем деп айткан эле
16.03.2018. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ассалоому алейкум кандайсыздар еми ашыкча еле тыя берген болбойт ар бир улута бар мындай нерсе
16.03.2018. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы сайттан корсо болот сайтын жазбасанар эмнеге жарыяладынар
16.03.2018. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен мисалы кормой сайын ишенбейм
16.03.2018. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Илгери иштеп коргом бир аз. Азыр билинип атканы тан калычтуу.
17.03.2018. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары Кызыгып сураптыр суротторду кайдан корсо болот деп. Вконтакте киресинер :группага кирип - KG Вирт знакомства деп жазсанар , суроттору да , видеолору да бар.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо