Кыргыз өлкөсүнүн Кувейттеги элчиси болуп САМАРГҮЛ АДАМКУЛОВА дайындалды. Буга чейин ал Индия, Бангладеш жана Непалда элчилик кызматты аркалап келген.
- 2017-жылы КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮ МЕНЕН ТҮРКИЯНЫН ортосундагы товар алмашуу 2016-жылга салыштырмалуу 26,7 пайызга, тагыраагы 356 миллион долларга өскөн.
- Жалал-Абад облусунда ЖЕР КӨЧКҮ басып калуу коркунучундагы 1190 үй-бүлөнүн 160ы коопсуз аймакка көчүрүлдү.
- Башкы прокурор ИНДИРА ЖОЛДУБАЕВА апрель айында Жогорку Кеңеште жылдык отчётун берет. Бул тууралуу парламент спикери Дастанбек Жумабеков билдирди.
- КООПСУЗДУК КЕҢЕШИНИН катчысынын орун басары Марат Төрөбеков кызматынан бошотулду.
- Япония Кыргыз мамлекетине ТЕРРОРИЗМГЕ КАРШЫ күрөшүү жана эне-баланын ден соолугун чыңдоо үчүн 6 миллион 200 миң доллар бөлдү.
- Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп ДАНИЯР СЫДЫКОВ дайындалды. Ал буга чейин Кыргыз өлкөсүнүн Өзбекстандагы элчиси болуп иштеп келген.
- Кыргыз Республикасына сырттан акыркы 25 жылда АЙЫЛ ЧАРБАСЫН өнүктүрүү үчүн 1 миллиард 127 миллион доллар алынган. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.
- Кыргыз өлкөсүндө 1500дөн ашуун жаран НАРКОЛОГИЯ борборунун тизмесинде турат.
- 2017-жылы ДОКТОРДУК жана КАНДИДАТТЫК диссертация жактагандардын саны 274 адамга жеткен. Анын 49у доктордук, 225и кандидаттык иштерин коргогон. Бул көрсөткүч 2016-жылга салыштырмалуу эки эсеге аз.
- 3-мартта Бишкектин "АЛА-ТОО" АЯНТЫНА мамлекеттик тууну кайтарган ардактуу кароол кайрадан тургузулду. Кароол тарых музейин оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 2016-жылдын май айында алынган болчу.
- Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдө ири суммадагы акча уурдоого шектелип "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары БЕРДИБЕК БОРКОЕВ жана аталган мекеменин техникалык директору АЛМАЗ ЖУСУПБЕКОВ кармалды.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg