ЭРНЕСТ АБДЫЖАПАРОВ ӨКМӨТТӨН БӨЛҮНГӨН 11 МИЛЛИОН 500 МИҢ СОМДУ МАКСАТСЫЗ ПАЙДАЛАНГАНБЫ?

№801 9-март -15-март, 2018-ж.

2014-жылы мамлекет тарабынан Шабдан баатыр тууралуу көркөм тасма тартууга 80 миллион сом каралып, анын 20 миллион сому "Кыргызфильм" киностудиясына берилген. 2016-жылы Эсеп палатасы тасмага бөлүнгөн каражаттын 11 миллион 500 миң сому максатсыз пайдаланылган деген тыянак чыгарып, "Кыргызфильм" калган каражатты мамлекетке кайтарып берген. Режиссёр Эрнест Абдыжапаровдон бул ызы-чуунун чоо жайын сурап кайрылдык.

– Эрнест агай, тартылбай калган Шабдан баатыр тууралуу тасмага бөлүнгөн 11 миллион 500 миң сом максатсыз пайдаланылган деп ызы-чуу болушууда, буга жообуңуз кандай?
– Биринчиден, ызы-чуу болушпай эле, массалык маалымат каражаттары Эсеп палатасынын 2016-жылы жүргүзгөн текшерүүсүнүн жыйынтыгын жарыкка чыгарып жиберишиптир. «11 миллион 500 миң сом максатсыз колдонулган» дегени тасма толук тартылбай калды, тартуу иштери башталбай туруп токтотулду дегенди түшүндүрөт. Биз короткон
11 миллион 500 миң сомго Red Epic Dragon үлгүсүндөгү кымбат баалуу камера алганбыз. Киного деп реквизиттер алынган, найза, зоот, костюмдар, 8 араба жасалган. Акча орунсуз пайдаланылган жок. Кеткен каражаттарга киностудияга керектелчү жабдыктарды сатып алдык, анын баары «Кыргызфильм» киностудиясында турат жана колдонулуп жатат.

– Тасманы тартуу иштерин баштабай жатып токтоп калганынын себеби эмнеде?
– Эми мен мамлекеттин атынан сүйлөй албайм да. Эмнеге токтотуп коюшканын расмий билдиришкен жок. Менин пикиримде, тасманын сценарийинин тегерегиндеги бир топ ызы-чуулар себепкер болду окшойт. Илимдер академиясынан тарыхый окуялар так болсун деп бизге 3 тарыхчы консультант бөлүп беришкен. Алар Аскар Беделбаев, Өскөн Осмонов, Дөөлөт Сапаралиев жана Шабдан баатырдын чөбүрөсү Жаңыл Абдылдабек кызы да сценарийге өз кошумча-алымчаларын киргизген. Орто жолдо коомдук активистмин дегендер «сценарийди окутуп коюңузчу, биз да сунушубузду киргизели» дегенинен аларга сценарийди жиберип койсом, алар сценарийдин кемчиликтерин таап коомчулукка жайып жиберишиптир. Ошондон баштап мага ар тараптан чабуул башталды. Президенттин алдындагы ошол учурдагы «Мурас» фондунун жетекчиси Тынчтыкбек Чоротегиндин сценарийдин биринчи вариантын жиликтеп гезиттердин бирине эки бет кылып жазган макаласы бул долбоордун убалына калды. Эгерде ошол сынчылар бул тасмага жакшы ниет менен мамиле кылганда, коомчулукка кайрылбай эле өзүбүзгө айтышса, биз ошол жерлерин ызы-чуусу жок эле оңдоп коймокпуз. Анткени алар талкуулап жаткан сценарийге кийин бир топ жолу оңдоо-түзөөлөр киргизилип, сценарийдин 7-варианты тарыхый консультанттар, көркөм кеңеш, эксперттик комиссия тарабынан жактырылып бекитилди. Бирок болбой эле баштапкы версиясын беттерине кармап асылып туруп алышты. Кала берсе, Кеминден аксакалдарды чогултуп мага нааразычылык айттырып жүрүштү. Ал убакта «Саякбай» тасмасын тартуу боюнча сунуш түшүп жаткан. «Шабдан» токтоору менен ошол долбоорго өтүп кеттим.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(11)
13.03.2018. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Озу кыла албайт,кылганды коро албайт деген ушу да.
13.03.2018. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Султан Сулайманды кандай тартыш экен ызылдап этпей эле?
13.03.2018. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
негизи Кыргызстанда жасалып жаткан чон иш-чараларды коомго б.а. элге койгон жакшы,коч бара бара онолот дейт, сын-пикир, талаш-тартыштан эфеективдуу жыйынтык чыгат
13.03.2018. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Султан Сулейман да турцияда ызы чуу жараткан. Турктор ал сериалды жактырышпайт экен. Тарых бурмаланган, бир оруска бут туркту башкартып лох кылып корсотулгон деп жаман корушот экен
14.03.2018. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эрнест Абдыжапаров болбойт эле бул ишке, токтотуп туура кылышыптыр. Кырды бычак кылып салмак Кыргыз менен Кыргызды мен билгенден
14.03.2018. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulya583,Кыргыз мн Казакты десен
14.03.2018. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир коруп кызыгы кетчу кино го миллиондору эле даяр Ушул Окмоттун
14.03.2018. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз менен Казак кырылышат эле бул кино тартылганда
15.03.2018. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jumaev0084,тактап кетесизби ? Эгер уруксат болсо,эмнеге кыргыз казак кырылышмак эле бул тасма тартылганда
14.03.2018. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер мененин коментим кана
15.03.2018. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
jumaev0084,мына туратко )))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо