ӨЗБЕКСТАНДЫН ДЕМИЛГЕСИ МЕНЕН БОРБОР АЗИЯНЫН ӨЛКӨ БАШЧЫЛАРЫ ЧОГУЛУШТУ

№802 16-март -22-март, 2018-ж.

Президент Сооронбай Жээнбеков 15-мартта Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу менен Астана шаарына барды.
Жээнбеков аталган сапарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын алгачкы консультациялык жолугушуусуна катышты. Аталган иш-чараны жыл сайын өткөрүп турууну буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев демилгелеп, чөлкөмдөгү башка өлкөнүн лидерлери колдоого алышкан. Жолугушууга Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Кыргыз өлкөсүнүн өлкө башчылары катышты. Жыйын учурунда аталган өлкөлөрдүн үзгүлтүксүз консультацияларды жүргүзүү маселелери жана эл аралык, аймактык өнүгүүнүн эң орчундуу көйгөйлөрү каралды. Жээнбеков аталган жыйында Кыргыз өлкөсү сууга бай экенин айтып, бул тармакта кошуналар менен кызматташууга даяр экенин билдирди. Жолугушуунун аягында өлкө башчылар кайрылуу жасашары күтүлүүдө. Иш-чаранын алкагында Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев жолугушту. Анда Жээнбеков бул жолугушуу инвестиция, мигранттар, жарандардын кирип-чыгышы жана жалпы эле Борбор Азия аймагына сырттан кирген коркунучтарга каршы туруу үчүн жемиштүү кадам болорун айтты. Ал эми Назарбаев Борбордук Азия өлкөлөрү өз маселелерин үчүнчү тарапты кийлигиштирбей чечиши зарылдыгын билдирди. Ошондой эле Кыргыз-Казак мамлекеттери ортосунда чечилбеген маселе калбагандыгын кошумчалады.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо