№802 16-март -22-март, 2018-ж.
Клипмейкер Эрнист Сыдыков менен актриса Кымбат Асизова 3-ирет уулдуу болушту. Бул тууралуу клипмейкер: «11-март күнү күндүзгү саат 11:40та уулубуз 3800 грамм салмакта төрөлдү. Кыз бала болот дедик эле, эркек бала болду. Уулубузга Айдар деп ысым ыйгардык. Учурда эне-баланын ден соолугу жакшы, төрөт үйүнөн үйгө чыгарып келдик»,- деп кубанычы менен бөлүштү. Чыгармачыл үй-бүлөнүн бешик боосу бек болуп, ымыркайы келечекте кыргыздын керегине жараган жигит болушун каалайбыз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |