Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БАРКСЫЗ ЖООЛУК

№802 16-март -22-март, 2018-ж.

(Башы өткөн сандарда)

Айжандын дарты эмне? Ал эмне үчүн ооруган дартын жашырып турмушка чыгып алган? Эмесе окурманга кайрадан келиндин баянын сунуш кылабыз.



– Атамды билбейм, апам мени таякеме калтырып Орусияга кетиптир. Аларды өмүрү көргөн жокмун. Ар кимдин колунда жүрүп өпкөмө суук тийген. Өпкөнүн өнөкөт поликистозу. Эс тартканы ооруканадан башым чыкпай келе жатам. Менде жашоо үчүн максат да жок эле. Эмилге жолукканча... Андан кийин жашагым келди. Эгерде адам мүнөт сайын өлүмүн күтүп жашаса, баарына кол шилтеп аз убакыт болсо да бактылуу жашап алайын дейт экен. Аз калган убактымды кимдир бирөөнүн жубайы болуп өткөргүм келди. Моюнума алам. Мен адамдардын тагдыры менен ойнодум. Акмакчылык кылдым. Өзүмчүлдүк кылдым. Бирок боюмда болуп калышы менин эмес, тагдырдын планы эле.



– Эмил «ажырашам» деди. Мен болсо, тескерисинче, эч качан күрөшпөгөндөй бул дарт менен күрөшүүгө бел байладым. Анткени мен эне болдум. Кайненем уулунун кыйналганын көрүп кошо кыйналды. Баарынан кызыгы, ал өзү да байкабай мен жакка өтүп кетти.

– Апам (кайненем) мени эч качан кызым деп айткан эмес. Ошол күнү мага кызым деп кайрылды.

– Наристемди оор көтөрдүм. Бир жагынан оорум кыйнап жүрдү. Эгерде апам болбосо мен бул абалдан жалгыз чыга албайт элем. Өзү да дарыгер болгондуктан мени мыктылардын баарына көрсөттү. Айыгып кетишиме үмүт бар, боюмдагы балага да зыян келбесин айтышты.

– Эмил мага көпкө таарынып жүрдү. Бирок акыры ал дагы кечирди.



– Апам бир күнү экөөбүздү отургузуп алып менин дартым дагы деле кооптуу экенин, 36 жума болору менен баланы операция менен төрөтүш керегин айтты.



– Наристем үчүн күрөштүм. Бирок жолум узак эмес экенин, операцияны көтөрө албай калышым мүмкүн экенин билип турдум. Эч нерсеге карабай мен бактылуу болчумун. Апалуу болдум, сүйүктүүм менен аз убакыт болсо да бактылуу болдум, наристем... Аз эле убактым болгондо эмне? Бир көз ирмем менен эле баламды колума алсам...

– Бала аман калса болду дедим. Ошол күнү Эмил коркуп менден качып жүрдү. Апам өзү күчтүү адам. Көз жашын мага да, уулуна да көрсөтпөй ыйлап жатканын билдим. Рахмат сизге, мээримдүү эне. Эне кандай болуш керек экенин сизден билдим, энелик мээрим көрдүм. Небереңиз сизге аманат.

– Бала төрөлгөнүн сездим. Алыстап бара жаттым...
Мен азыр алыстамын. Ошентсе да силердин жаныңардамын. Мисалы, уулум кантип ойгонгонун, чоң энеси ага тамак бергенин, атасы аны кантип ойнотуп жатканын көрөм. Уулум, чачыңды уйпалаган шамалмын, жамгырга колуңду сунсаң тамган тамчымын. Мен сенин күлкүңдөмүн, түшүңдөмүн. Болгону мени сез. Апа-а, Эми-ил, Амана-ат деп кыйкыра албайм. Бирок мен силер мененмин! Бир дагы бала ата-энесиз чоңойбосун, мендей ооруга кабылбасын.

(Аягы)



Айжан
– Нуриза Бектурова
Эмил – Эмил Жусупбеков
Кайын эне – Гүлжан Абдылдаева

Каармандардын окуяга тиешеси жок.


Нуржамал Жийдебаева
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Башка сандарда:
БАРКСЫЗ ЖООЛУК 800-сан
БАРКСЫЗ ЖООЛУК 801-сан
Комментарийлер(6)
20.03.2018. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каза болуп калдыбы ((((
20.03.2018. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
"Тияктан" жазылган чыгарма турбайбы
21.03.2018. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
novayariga,тоообо. чын. эээ.ичимди жардын го хаааа
20.03.2018. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыйладым
21.03.2018. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Admin tuwunurok kylyp jazsanar bolmok eken Aijan tiruubu je oluubu egerde oluu bolso oz jawoosu turaluu kantip aityp bermek ele
25.03.2018. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыктуурак болсун деп жазыптыр да автор. Жакшы эле Аман калса экен деп аттым эле. Апалар Аман болушсун. Силер уйдун кутусунар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо