Амир Аскаров, ырчы, аранжировкачы: «АКЫЛМАНДАРДЫН» АЙТКАНДАРЫНА КӨҢҮЛ ДЕЛЕ БУРБАЙМ»

№803 23-март -29-март, 2018-ж.

Ырчы Амир Аскаров мындан туура 6 жыл мурун «эротикалуу клип тартам» деп айткан жайы бар. Ырчы өзү айткандай эле жакында «Кызганам» аттуу ырына эротикалык элементтер камтылган клип тарттырып талкууга жем таштады. Көптөн бери сахнадан көрүнбөй калган ырчы менен чыгармачылыгы тууралуу маектештик.

– Салам, Амир. Чыгармачылыгыңда бир топ тыныгуу болуп кетти, себеби эмнеде?
– 2010-жылдан 2012-жылга чейин жакшы иштегем. 2012-жылы чыгармачылыгыма бир аз тыныгуу кылып, кайра улантайын дегем. Тилекке каршы, уланта алган жокмун. 2013-жылы бир модель кыз менен сүйлөшүп, мамилем үзүлгөн соң депрессияга кабылдым. Анысы аз келгенсип автокырсыкка учурап, айтор, билинбей ортодо убакыт өтүп кетти. 2014-жылы Орусиянын Санкт-Петербург шаарына барып музыкалык студияда иштеп калдым. Мекениме 2015-жылы кайтып чыгармачылыкка киришейин десем, каражат жоктугунан оюм ишке ашкан жок. Ошентип дагы 3 жыл өтүп кетти.
– Депрессиядан чыга албай жаттыңбы?
– Депрессиядан чыккам. Болгону көп убакыт иштебесең да жалкоолук пайда болот экен.
– Былтыр үйлөндүң окшойт, ээ?
– Үйлөнгөн эмесмин. Ал кыз менен жылдызым келишкен жок. Азыр жүрөгүм бош.
– Жарандык никеге көз карашың кандай?
– Кыз-жигит мамиле куруп жүргөндө экөө бири-бирин билбейт. Себеби алар жашап көрүшкөн эмес да. Кыз менен жигиттин 10 жыл сүйлөшүүсү 1 жыл чогуу жашаганга жетпейт. Ошол жагынан караганда жарандык нике туура. Балким, мен оңой менен эч нерсени жактырбай калган куракка келип ошондой ойлоп жатам.
– «Кызганам» аттуу ырыңдын клиби талкуу жаратууда. Көпчүлүгү сени комментарийлер менен «төпөштөп» жатышат...
– Албетте, 80 пайызы негативдүү комментарийлер, мактагандар да бар. Хейтерлер сөгүштү, түшүнүктүү адамдар туура кабыл алышты. Анча-мынча «акылмандар» сүйлөй беришет, алардын айткандарына көңүл деле бурбайм. Менталитет деген адамдардын арасында деле ата-энесинен жашынып алып мындан да жаман эротикалык тасмаларды көргөндөр бар. Менталитет деген сөздү жамынып алып кылгылыктын баарын кылган эки жүздүү адамдар толтура.
Көк беттигимден бул клипти тарттым. Себеби бир канча жыл мурун «эротикалуу клип тартам» деп убада бергем. Бирок бул деле эротикалуу клип эмес. Жөн эле ачык кадрлары бар клип. Бул ар бир адамдын жашоосунда боло турган иш, ошону эле ачыкка чыгарып койдум. Кыргыз шоу-бизнесинин тарыхында 18+ алгачкы клип болду. Мага чейин ырчылардын бирөөсү тарткан, аныкы эмнегедир мынчалык талкуу болгон эмес.
– Ата-энең клипти көрүп эмне дешти?
– Эмне демек эле? Эч нерсе дешкен жок. Ата-энем менин чыгармачылыгымды түшүнөт. Алар кичинекей кезимде кандай ырларды укчумун, кандай стилде ырдагым келчү, кандай кыялданчумун, баарын билишет. Алар туура эмес көрсө да мага айтышпайт. Себеби мен баласымын да, баласынын тандоосун ар бир ата-эне колдойт.
– «Клиптеги кыз кыргызбы, кантип уялбай тартылды?» деп бүйүрү кызыгандар көп.
– Кыз чыгармачылыкка аябай жакын кыз. Түнкү клубдарда ди-джей болуп иштейт. Таза кыргыз эмес, метис. Аны сөккөндөр да, ага кызыккандар да болуп жатат. Бирок ал акылдуу, сонун кыз, анча-мынча нерселерге терикпейт. Мен 200 пайыз айта алам, клибимди көргөндө ар бир эркек, ошол эле менталитет деп сындап жатышкандар да менин ордумда болгусу келет.
– Кандай мааниде?
– Бардык мааниде. Ошол кыз менен сүйлөшкүсү же мамиле кургусу келет. Эркектердин физиологиясы ошондой да, эгер ал натуралдуу эркек болсо.
– Ага канча гонорар төлөдүң?
– Гонорар төлөгөн жокмун, бекер тартылып берди. Бардыгыбыз чыгармачылыктын жаңы деңгээлин көрсөтүү үчүн бул клипти тарттык. Бул жерде акча табуу максат болгон жок.
– Ошондо сенин клибиң кыргыз шоу-бизнесин жаңы деңгээлге чыгардыбы?
– Жок, антип айта албайм. Бирок кыргыз ырларын укпай, чет өлкөлүк ырларды угуп жүргөндөрдүн көңүлүн кыргыз шоу-бизнесине бурдум. «Атың чыкпаса, жер өрттө, кыргыздын менталитетине жарашпайт» дегендер чала-була эркектин образында чыккандар тууралуу айтышсын ошентип.
– Кайрат Кыргызды «жаш балдарга туура эмес үлгү берүүдө» деп сындадың эле. Сен бул клибиң менен жакшы үлгү берип жатам деп ойлойсуңбу?
– Биринчиден, клипти телеканалдардан чыгарган жокмун. Себеби туура эмес болуп калат. Тиги байкебиз клибин телеканалдан күчкө салып ротация кылып, кечке кайталап көрсөтүшүүдө. Экинчиден, мен клибиме эркегирээк болуп тартылдым. Эркек деген көргөндө эле «аа, эркек экен» деп дароо түшүнүп, эч кандай шек жаратпашы кажет. Тиги байкенин клибин үнү жок көрсөң кээ бир жерлеринде түшүнбөй каласың. Бир четинен аны күнөөлөй албайм. Себеби бул продюсердик долбоор. Образ дей берсек жакында Кончита Вурст сыяктуу сакалчан, юбкачан эркек ырдап чыкса эмне кылабыз?
– Кесиптештериңдин айрымдарын «үнү жок, жасалма» деп көп сындайсың...
– Ырчылардын арасында халтура менен алектенгендер көп. Мурун ырчылар «ырым элге жагып, аларга жакшы маанай тартууласын» деп чыгармачылык менен алектенишчү. Ырым хит болсо тойго чыгып акча табайын деген максат жок болчу. Азыр ырчылардын 95 пайызынын ою тойго чыгып акча табуу. Таланттуу ырчылар болсо жалкоо, кээ бирлеринин акчасы жок. Таптакыр эле ырдай албаган ырчылар да бар. Өзгөчө бирөө. Аны айткам. «1 пайыз талант, 99 пайыз эмгек» деген сөз ал жерде «0 пайыз талант, 100 пайыз эмгек». Бирок анын эмгекчилдигин аябай баалайм.
– Бетке айтасың, сындайсың. Өзүңдүн да кемчиликтериңди айтса кандай кабыл аласың?
– Бизде баары эле жасалма, элге жакшы көрүнгөнгө аракет кыла беришет. Мени деле «амбициясы асманда» дешет. Туура, мен ошондоймун. Анткени мен жашмын, жаш кезде амбиция чоң болушу керек. Өзүмдү жакшымын деп калп эле айткым келе бербейт. Анча-мынча жаман жактарымды билем. «Бабникмин», сулуу кыздарды жакшы көрөм. Тамеки чегем, анда-санда алкоголь ичимдиктерин ичем, ачуума тийген адамды сөгүп салам. Булардан уялбайм. «Кудайдан коркпойсуңбу?» дегендерге Кудайдан корком, бирок жасаган иштерим үчүн өзүм жооп берем.
– Ырчы катары өзүңө кандай баа бересиң?
– Үнүмдү өтө жакшы, аябай кыйын ырдайм деп айта албайм. Бирок анча-мынчаларга караганда өйдө. Экинчиден, ырларымды, ырларымдын аранжировкасын, үнүн өзүм жазгандыктан, жалпылап караганда, менде музыкалык түшүнүк жакшы. Албетте, Данияр Эрматов менен Нурлан Насиптин деңгээлиндей популярдуу болбосом да өзүмдүн угармандарым бар. Мага миллиондогон күйөрмандардын кереги деле жок, аз болсо да музыканы түшүнгөн адамдар болсо жетиштүү. Эгер мен жалпыга жаккан ыр жазгым келсе, эбак эле башкача ыр жазмакмын. «Тойский» ырларды ырдоомду сунуштагандар бар, бирок мен андай ырды ырдап акча табууну максат кылбайм.

"Жаңы клибим үчүн сөккөндөр да, мактагандар да болду. Түшүнүктүү адамдар туура кабыл алышты".


Асхат Субанбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg


Амир Аскаров: "Каалаган учурумда клип тарткыдай, мен бир бай кыздын ойношу эмесмин"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -3 
Комментарийлер(63)
27.03.2018. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Эми ар кимдин образы ар башка да.Мага Амир байкенин ырлары жагат.Өзү да аябай сонун ырдайт.Психилогиясы жаштыгынан ушундай калыптанса,ага өзү күнөөлүү эмес да.Сиздер байкени тилдеген менен ал өзүнүн жан-дүйнөсүн өзгөртө албайт да
27.03.2018. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ошо депрессияда журуп дайырларды кандай поп болуп атканын коруп куйуп анан чындап чыккан болчу. Озу чыгайын десе акчасы жок ошого каныкейге чейин асылган. Азыр ото ххх балакен.откондо инстадан туз эфирге чыгып алып ото Томон денгээлин корсотту. Кара балтага концерт койгондо эки эле Адам келди деп айткан болчу.кой Эми озун биринчи эркек бол. Модель кыздар сени карабайт деле. Болгону адамгерчиликтуу бол. Кайрат агабызды чыныгы эркек деп айтам.анын образы гана башкача.озу эркек.
SUPER.KG видео
27.03.2018. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Ал эми бул ырчы жигит азамат экен. Клиби, ачык айкын суйлогону, бетке айтканы, элчилеп жашырынбаганы мага жакты. Алгаааа
SUPER.KG видео
27.03.2018. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
ушинтип клипте кыздар менен видеого тушуп коюп бактылуу сезбечи брат тим эле. Дерзкий болбой кичине жонокой кыргыздын жигитине окшоп журчу орусчаны кыйратып койсонда
27.03.2018. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Вобщем,тартипсиз экенин корсоттун
27.03.2018. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
ХХХХХХХХ уну жок, ХХХХХХХ анан бироону сындап балее барбы сага
Модератор admin_media түзөттү 2018-03-27 16:12:51
27.03.2018. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Уфф! Атайы кино, клип, телеберуулор эроткикалык сценаларды киргизууго тыюуу салган мызам чыкканынагы маданият министрлиги козомолдоорун билбейт окшойт
27.03.2018. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Билбейм бирок мага жагат. Тарс тарс бетке айтканы болгонун болгондой уорсоткону. Ырлары да жагат.
27.03.2018. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жашынып алып ар кандай нерселерди коргону башкаларды ызаат кылганы. Менталитет ошондой.Сага окшоп жарыя кылбайт.
SUPER.KG видео
27.03.2018. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бир ХХХХХХХХХХХ керек экен да
Модератор admin_media түзөттү 2018-03-28 09:16:22
SUPER.KG видео
27.03.2018. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Джастин Бибердтин "What do you mean " Деген клипке окшошуп калыптыр. Бирок анда интересныйраак,закрытыйраак.Вот даже зарубежный певец Джастин Бибер да сендей жалкий клип тартпайт.
27.03.2018. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Кайрат кыргызга асылбай эле кой! Анын таланты бар,уну жакшы и позитивдуу. Клиптери сеникиндей уятсыз эмес!Сага окшоп кыйынсынбайт. Клипке тартылган кызга соз жок!
27.03.2018. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Баардык эркектерге жагат Эгер эркек болсо дептир тфу тфу ошондой эркектерге чыныгы кучтуу эркек андайды самабайт чыныгы эркек намыстуу аялды каалайт уят уят
27.03.2018. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Уят эле Амири ХХХХХХ кетсин ана сойрук кызын айтсаң,жакшвдагы кыргыз эмес экен ХХХХХХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-03-28 09:20:10
SUPER.KG видео
27.03.2018. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сени мн клиптеги кыз эртен сага окшогон балага катын болот деген ой жокко аялым андай болуш керек мындай деп элестетпей
27.03.2018. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Арадан бир топ жыл өтүп мен ХХХХХХХХХХХХХХХХх деп чыкса да таң калбайм мен бул балага
Модератор admin_media түзөттү 2018-03-28 09:20:28
27.03.2018. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Атын чыкпаса, жер өрттө болуптур. Аты чыкпай, ортодо ар кимге тийишип. Ал да болбой, анан айла жок ушундай клип тарттырып. Эл талкуу кылат деп билди да. Үй бүлөсу, кызы бар эмес беле.Ата энеден уялуу болот эле го. Туруксуз,өзүн сезген бала экен. Бирок билип кой, клибин бир жумадан кийин унутулат и сен дагы
28.03.2018. 04:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эки тоонун чобун энсеген улар ачкадан олот.
Эркектер табиятыбыздан ушундайбыз (кызжандуу) тиги бу дейсинер, бойдок убакта кызжандуулуктун кесепети коп тийбесе керек, бирок аял алгандан кийин да тыйылбагандар, аялдан аял аласынар, бала чакалуу болосунар, дагы да улам башкаларга коз артып отуруп , же биринчи аялдан жок же экинчи аялдан жок, же куйуп бышкан баладан жок, жашынар откондо ХХХХХХХХХХХХ каласынар.
Модератор admin_media түзөттү 2018-03-28 09:22:09
28.03.2018. 07:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Ээххе прям баарынар ангелочка болуп каласынарда Амир байке чынында эле башка ырчыларга Караганда если жакпаса корбой эле койгула нервинерди тратить этпей
28.03.2018. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сынчынын сыңар өтүгү майрык деген элибизде макал бекеринен айтылбаса керек. Мен өз оюмду таңуулап, жаман пикир калтыруу, акылмандык кылгым деле оюмда жок. Жөн гана ийгилик каалайм. Өзү айткандай ар бир адам кандай болсо да өз эрки жана кылган кадамына өзү жооптуу. Бирок сен Каныкейди сындабай эле койчу өзүң айткандай анын өзүнүн угармандары бар. Андай кыйын экенсиң ошол образы гана бар Каныкейге жетип алчы. Анын деле тойский ырлары жок, акчаны деле биринчи орунга койгон адамдардан эмес.
28.03.2018. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бирок Каныкей заманыбыздын супер ырчысы ал багындырган ийгиликтерди багындарыш үчүн Амирчик брат көөп иштешиң керек
28.03.2018. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бироого акылман болуп акыл уйротот экен да, озу акылмандарды укпайт экен дальше жамандабай эле коёюн
28.03.2018. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Амир Аскаров баары менин ордумда болгусу келет депсиз,ордунузда болмок тугул жазап кылып жатышат бирок публикада эмес.Кайрат Кыргызга асылыпсыз,ал инсан кийимдин устунон кленка кийип чыккан ,денем корунбосун деп( тамаша албетте). Бирок ар бир адамдын стили ар кандай ,бироону сыноого алгандан алыс болунуз жонокойлуктун белгиси.
29.03.2018. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул ар кимди сындап эле популярдуу болгусу келген гоо. Себеби жон чыкса буга эч ким конул бурбайт, а аты чыккандарды сындаса+эротикалуу клип тартса талкууга тушуп тез таанылмак оюу болсо керек деп ойлойм
29.03.2018. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Аман эле болсун" деп да айтканга татыбай турган индивид экен... "атың чыкпаса жер өрттө" дегендин даана мисалы. Ушулар анан өздөрүн "чыгармачыл" адам кылып көрсотүп жүрүшөт.
30.03.2018. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Самооценка зашкаливает. Чё за тип? Кто он вообще? " Кылган иштериме Озум жооп берем". Конечно сам будешь отвечать перед Всевышнем. Но советую сперва потянуть руку до огня , если не сможешь до 5 минут придержаться в огне, то не стоит так обобщать. И да еще Твой голос ХХХХХХХ ХХХХХХХХ)))
Модератор admin_media түзөттү 2018-03-30 10:51:32
30.03.2018. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи ырлары жакшы. Клипи кандай ийгиликке жетет аны убакыт коргозот коп деле негатив коммен. бере бербегилечи.Иши жок менен иши бар не иши бар :-):-):-)
01.04.2018. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Обооо Кыргызстанда 18+ биринчи мен болдум корсотуп койдум тигу бу деп тим эле асмандан суйлойтго...
18+ту Атабеков давно эле корсотуп койгон если что...
01.04.2018. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
0% талант 100% эмгек деп кимди Каныкейди айтып жатабы?
02.04.2018. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
0% талант 100 % эмгек деп Дайыр Исмадияровду айтып жатасынбы.ал сага караганда жакшы ырдайт жандуу ун мн.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо