Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Анжелика Бекболиева, ырчы: «ЖОЛДОШУМ ЭКӨӨБҮЗ ЖАКШЫ МАМИЛЕБИЗДИ САКТАП КАЛАБЫЗ»

№803 23-март -29-март, 2018-ж.

Анжелика учурдун эң көп талкууга алынган ырчысы. Анын жеке жашоосун сөз кылышат, сындашат, кызыгышат, ар бир жүктөгөн сүрөтүнө жакшы да, жаман да комментарий жазышат. Ар бир баскан кадамын коомчулукка жарыялап турган Анжелика менен бүгүн биз көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан суроолорго ырчы жаңы ырына клип тартып жаткан жерден жолугуп, жооп алдык.

– Кандайсың, Анжелика? Бул жаз сага кандай белектерди камдаптыр?
– Саламатсыздарбы, жакшыбыз, буюрса. Кечээ эле кичинекей кыздардын курамынан өзүм түзгөн «Kids stars» тобунун алкачкы клибин тартканбыз. Топто кызым Айыма да ырдайт. Бүгүн өзүмдүн сүйүү тууралуу ырыма клип тартып жатам. Билбейм, негедир сүйүү темасында ырдагым келбей жаткан. Бирок бул ырдын клибинин сценарийи кызыктуу болгондуктан жумушту аягына чыгарыш керек болду.

– Жаңы эле клип тартып жаткан жигиттердин бири «Жаз келгенде жүрөккө сүйүү келет эле, сеники эмне, тоңуп калдыбы?» деп образга кире албай жатканыңды тамашалап өттү. Сүйүүдөн көңүлүң калдыбы?
– Билбейм, сезимдер тууралуу китебим алыскы жакта баракталбай жабылып жаткандай эле. Учурда мага эргүү бере турган китептерди окуп жатам. Мына, 29 жашка чыкканы турам. Ушундай бир курак болот окшойт. Азыр мен «сүйүү – бул жаштар үчүн» дегендей эле ой жүгүртө баштадым. Сүйүү да жаш куракка бөлүнөт, сыягы. Азырынча мага бул сезим тааныш эмес. Азыр бир эле сүйүүнү билем, ал – кыздарыма жана жакындарыма болгон сүйүү.

– Жеке жашооң талкууга алынып, сен тууралуу түрдүү кептер айтылып келет. Көңүл кирдеткен сөздөрдү кантип көтөрөсүң?
– Аябай көп талкууга алынып жатканымды эми сезип жатам. Ооба, азыр менин жеке жашоомдогу суроолор, андагы өзгөрүүлөр адамдарды тынч койбой жатат. Себеби баары көз алдына сонун картинаны элестетип алышкан. Анан ошол сүрөттүн өңү өчүп же жаан тийип бузулуп баратса айрымдары ошону каалашат, кээ бирлери каалабай жатышат, айтор, баары ошону талкуулап калышат. Ушундай сыноо менин жашоомдо болушу керек эле деп ойлойм. Ар бир адамдын турмушунда аны сынай турган мезгил болот эмеспи. Бирок бул мезгил менде көптөн бери эле уланып келе жатат. Ошентсе да биз аны амандыгыбыз, сабырдуулугубуз менен жеңүүнү билишибиз керек. Балким, өзүм ушуну каалагандырмын, анткени атактуулукка бара жатып баарына даяр болуш керек экен. Медалдын эки тарабы бар дегендей, бир тарабы сени канчалык кастарлап турса, экинчи тарап ошончолук жүрөгүңдү оорутуп, сындырганга аракет кылат.

– Ошол сен тууралуу бүтпөгөн талкуулардын аягы үй-бүлөңдүн урашына таасирин тийгизди деп ойлойсуңбу?
– Бул эми кырсык сыяктуу нерсе да, кайсы бурулуштан кырсык болуп кетери белгисиз. Өткөн нерсеге өкүнгүм келбейт. Биздин үй-бүлөнүн баштапкы жашоосунда андай ушак-кептер жок деле болчу. Менин жеке жашоомду эч ким талкуулачу эмес. Себеби эч нерсе ачыкка чыга элек эле. Качан үй-бүлө ичиндеги маселе, көйгөйлөр сыртка чыкканда эл кызыгып талкуулап, андан ары өздөрү жомокторду токуп көркөмдөп башташты. Коомчулук «Анжелика ажырашууга арыз жазыптыр» дегенде дүң этти. Өзүм да туура эмес кадам жасап алдым. Туура эмес убакта эски сүрөттү жүктөй калам деп, аны «Анжелика бирөө менен эс алып жүрөт» деп айтып чыгышты. Кандай жагдай болбосун жолдошум экөөбүз кыздарыбыз үчүн жакшы мамилебизди сактап калабыз. Анткени ушунча жыл чогуу жашап, экөөбүз бир туугандай эле болуп калдык. Азыр деле чалышып, кеңешип турабыз. Ал эми ажырашуунун себебин жалгыз ал билет жана мен билем, ошол жетиштүү.

– Сенден «жарашып эле жашап кетчи» деп сурангандар көп болууда, алардын суранычын эске алып жатасың да?
– Ооба, мен деле толтура ажырашуу жолунда жүргөн түгөйлөрдү жараштырып жүргөм. Алардын кээ бири азыркыга чейин жашап жатса, айрымдары болбой эле эки айрым жолго түшүштү. Учурда мага ушундай сөздөр көп айтылып жатканы чын. Бирок ажырашуу бул кагаздагы эле сөз, никеси бар же никеси жок деген. Менимче, адамдар чыныгы никеде жашаса ошол маанилүү. Мен эч качан качандыр бир күнү ажырашам, анан ал нерсе талкууга алынат деп ойлогон эмесмин. Бул жашоодо элдин сөзүнөн коркпой башкалардын ою менен эмес өзүм каалагандай жашайм. «Эл эмне дейт?» деп жашай турган болсом мага кыйыныраак болуп калат.

– Инстаграмда «Анжелика антифанат» деген баракча ачылып, сен жөнүндө түрдүү терс пикир жаратуучу маалыматтарды таратып жатат, мындай аккаунттар менен күрөшүп жатасыңбы?
– Жогорудагы сиз атаган баракчада мен тууралуу жалаң ыплас сөздөр жазылып жатты. Бул баракча башында башка аталышта болчу, бирок кийин аталышын өзгөрттү. Кээ бир тастыкталбаган маалыматтарды жазганда «айта берсин» деп көңүл бөлгөн эмесмин, бирок акыркы күндөрү кыздарыма, ата-энеме асылганына чыдай албадым. Мен жөнүндө эмне десе мейли, бирок жакындарым ыйлап жатса, кыйналып, алардын калп сөздөрүнөн жабыр тартып жатса карап тура албадым. Укук коргоо органдарына кайрылып, баракчанын ээсин таап берүүнү сурандым. Алар табылды. Ал баракчанын артында башка улуттагы беш мырза аныкталды. Мени караласын деп акчасы көп адам буюртма бергенин сезип турам. Кыздарым Инстаграмга кирип аларды окуй элек, окуулары менен алек. Кыздарым чоңойгондо өздөрү туура түшүнүп алышат деп ойлойм.
Менин ордумда башка бирөө болсо өз өмүрүнө кол салышы мүмкүн эле. Мени каралагандар менин жок болуп кетишимди каалашат. Мен аларга андай ырахат тартуулай албайм. Ушул баракчада таратылган маалыматтарды менин тааныштарым окуп алып азыр кээ бири мага мамилесин кадимкидей өзгөртүп ишенбегендей түр көрсөтүп жатышса, айрымдары аябай жакын болуп кетишти.

– Сага Баян Есентаеваны Бишкекке алып келүүгө көмөк көрсөткөн ишкер Марат Назарбековдун жубайы Айжан деген айым «Анжелика антифанат» баракчасын андан көрүп жатканыңды, мындан улам ал тергөөчүлөргө сурак бергенин жазып чыкты. Ал айымдын сени каралаган баракчага кандай тиешеси бар?
– Мен ал айым, анын жолдошу жана үй-бүлөсү жөнүндө такыр сөз кылгым келбейт. Алар өздөрүнүн үй-бүлөлүк чечилбеген маселелерин мени аралаштырбай чечип алышса жакшы болот эле. Менин үй-бүлөмдүн ичиндеги карталар ачылып, сүрөттөр баяндалып турат. Ал эми анын үй-бүлөсүндөгү күнгөй-тескейлерди, ал айымдын чыныгы жүзү кандай экенин эч ким териштирген жок да. Мен ал айымды көргөн эмесмин, сүйлөшкөн да эмесмин. 790 миңден ашуун окурманыма көрүнүп турган Инстаграмда номерим бар, ошого чалып мени менен сүйлөшкүсү келсе мен даярмын. Анан ары жакта отуруп алып мени элге жаман көрсөтөм дегени туура эмес. Ал айым мени кышында «жолдошум ушул ырчыга демөөрчү» деп айыптаган, ошол сөзү үчүн сотко бердим. Мага далилдеп берсин, качан, кантип мага жолдошу демөөрчү болгонун. Мен бирөөнүн акчасына муктаж эмесмин, мен керек болсо эң байдын байымын, эң кедейдин кедейимин! Мен акча тапканды, акча төлөгөндү жакшы көрөм. Намысыма тийген сөздөрү үчүн жооп берсин!

– Инстаграмды, социалдык тармактагы баракчаларды өчүрүп, жөн эле иштесе болбойбу деген ой болду беле?
– Жок, андай ой келген эмес. Мен белгилүү, атактуу адамдардын тренингдерине көп барам. Ошолор менен баарлашып калганда «сен кантип атактуулукка жеттиң, 2-3 адам жаман сүйлөп койсо эле токтотпошуң керек» деген сөздөрүн айтышкан. Чын эле жаман сөз келет, кетет, бирок жакшылыгың эч качан унутулбайт. Канча өмүрүм калса, ошончо жакшылык кылгым келет. Мен атактуулугумду туура багытта пайдаланып жатам деп ойлойм. Инстаграмда эң көп катталуучулар менде болгондуктан ал жакка туура, позитивдүү нерсени жүктөгөнгө аракет кылам. Канчалык сына турган абалда болсом да, мен жылмайып жатам, алар да жылмайышын каалайм. Көбү менин сүрөтүмдү көрүп тамактанат, кала берсе канчалык жаман көрсө да менин баракчама кирип карап өтөт (күлүп).

– Маегиңе чоң рахмат!


Лунара Бекиева
star@super.kg


Анжелика: "Мени каралаган 5 сайтты сотко бердим"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -3 
Комментарийлер(90)
27.03.2018. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оой жакпаса карабай, көрбөй койбойсунарбы. Косягын барда деп, кармап алгансып. Может күйөөсүндо күнөөнүн баары. Анжелика эч нерсеге караба, алга
27.03.2018. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Коммент жазгандар! Анжеликанын озун жаман корсонор да кыздарына боорунар оорусунчу. Кайсы эле бала болбосун ата-эненин мээримине муктаж го. озунор деле бала-чакалуу адамдар болсонор керек.Ушундай тагдырды озунорго деле каалабасанар керек. Таба эмес тообо кылгыла!
27.03.2018. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
менин сүрөтүмдү крап тамактанат дегени неси??? Сенин сүрөтүңдү карап башка нерсе кылса болот.
29.03.2018. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
qursy,олдум го кулоо берип
27.03.2018. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мен озумчо ойлойм Анжеликанын куйоосу уул торобойсун деген создорду айткан болушу керек деп себеби биз мусулманбызда уул созсуз болуш керек деген мээбизге синип калган
28.03.2018. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Aseltay,болуш керек деген ишенминизди эртен бироо ошентип айтыптыр деп ушак чыгарат. Ушак ушундай имиштерден жаралат
28.03.2018. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Aseltay,Билип билбей эле суйлой берсе болотда тооба.Каерде жазылып турат мусулмандар созсуз эркек балалуу болуш керек деп?!
27.03.2018. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Анжелика акылдуу кыздарына жолдошуна ыйманду айал заты болчу, башка болгондо эрим бай деп талтайып жатыпалбай озуно керекду нерселерди 29 жашында ачып Busnees women болду, ушакдын айынан ажырашты. Эми кыздарын менен бактылуу бол сен кучту айалсын
27.03.2018. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
790 мин окурманы болсо, анын ашып кетсе 10-12мини гана лайк баста го
02.04.2018. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maybach99,сага мин адам басабы хот ага он еки мин басат екен
27.03.2018. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Тооба тооба мени карап Эл тамактанат мени карап жашайт сурот киргизбей койсом ыйлайт дейтго Сен Ким Элен озунду кудай сезип алгансынбы.Атамбаевке окшоп ойлонбой эле суйлоп кое турган болуп капсын э.
29.03.2018. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
dinar-87,ошону айтсан ,соз деп эле суйлой берет экен да ээ
27.03.2018. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Aijana luchshe tebya, krasivaya, umnaya,zabotlivaya mama troih detei. Koroche ona devushka s chestyu.
27.03.2018. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эч нерсеге карабай ар дайым алга Анжелика. Сенин озундун куйормандарын бар. Эл эмне десе дей берсин.
27.03.2018. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Өзүнө кошуп Урматында жалганчы кылып бутуруптур.Откондо эле күйөөсү башкача интервью бербеди беле, ажырашпайм,ушактарга даярмын деген мааниде.
27.03.2018. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эч бир бала өксүк болуп жарты үй-бүлөдө чоңойбосун. Жалко периштедей үч кызына. Бир жалганын жабам деп улам жаңы жомокторду токуп отуруп ашмалтайы чыгып жатып калды. Негизи жакпайт бул аял, бирок үй-бүлөсүнүн урашына ичим ачышып жатат.
27.03.2018. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
super info jalan ele Anjelika bolup kaldi go Anjelika toi beriptir,mashina aliptir ,ajirashiptir dep ele
28.03.2018. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Элге баскан кадамыны жарыя кылбай тынч жашоонду жаша да.Элдин жазган жаман пикиринен эле озумду таштагым келбейт деп...Бул Анжеликага жаккан жашоо...Ит ... жебесе башы ооруйт болуп, созсуз эл назарына тушуп турбаса бул адамдын башы ооруйт.Бироого тынч жашоо,бироого элдин борборунда болгон жашоо жагат.
28.03.2018. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Озунор ангелсинерда ээ?Жазган ар бир жаман соз,тамга менен анын акысына кирип жатасынар....Аллах баарын билуучу коруучу.Ушул создорду озунор ажырашканда же ойлонбой тантый берген нерсенер оз башынарга МУШ болгондо тушунуп,тилинерди тишинерге катасынар....
28.03.2018. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Урматта Анжеликада эмнеси болсода бакттылуу болушсун адашпаган адам жок
28.03.2018. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки учоо бар жадатмайлар энчилеп алгансып чыга берет ар жума. Оздоруну озу жемге салат. Эл талкуулайт, суйлойт, мактап коколотот, жакпаса тушурот эл менен адамсынар. Элдин созу жакпай жатса баскан турганынарды коз коз кыла бербегиле бироо суктанат, бироо жек корот. Сизди коруп мен чарчап кетем башы оорубай бекен деп.
SUPER.KG видео
28.03.2018. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сотошубеле журотекенда
28.03.2018. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Откондоле акыркы интервьюм дебеди беле )))
28.03.2018. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Анжелика сиз аябай ажарлуу бактылуу энесиз эл оозунда элек жок ар ким оз максаттарына жетуу учун омур сурот Аллахым сизге сабыр куч кубат берсин 3 кызды жакшы тарбиялап остуруп турмушка узатсаныз бейиштик болосуз Иншаалах.
29.03.2018. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Анжелика чындыкты суйлочу. Ар интервьюда озунду озун алдап,озунду озун соротуп кетесин. Масканды чечип чыныгы жузунду корсотчу. Жалгыз эле озун арабаны тартып келе атканын билинип турат. Алдоонун да чеги болот. Кыргызда жакшы соз бар оруну жашырсан олум ашкере деген. Сен просто аябай эрте турмушка чыккансын эрте эне болгонсун. Взрослый жашоонун кыйынчылыгына куттуусуз кабылдын. Куйоон сулуулугуна жаштыгына озунун акчасына таянып сага уйлонгон. Эми элдин таламына таштап койду.
29.03.2018. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жаштык кылып анча мынча каталык кетиргенсин бирок бироонун куйоосу менен мамиледе болгонуна ишенбеймин эч качан. Анжелика бул кундор отот. Азыр сага сыноо болуп атат. Сенин бактынды коро албаган бир экоо сени жакшылап туздап коюшту сен болгону байкабай калдын ошол убакты. Оз жашоонду жашай бер убакыт озу сен учун иштеп коет. Бактылуу бол....
29.03.2018. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Djal1987,тура , уялбайбы жалган айткандан
29.03.2018. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мурда анча жакчу эмес. Акыркы кездери Анжеликаны аячу болдум. Чын эле өзү айткандай анын ордунда башка болсо ушунча сөзгө чыдабай өлүп эле алмак. Күчтүү айым. Үйбүлөөңүздү сактап калыңыз. Чымчыктын да уясы бузулбасын.
29.03.2018. 08:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ажырашканы окунучтуу. Уй-булоосуно жарака кете баштаганын Айжеликка байкабай калды ондонот жаштык кылып, андып турган карт борулор биротоло сынышына салым кошушту. Айчурок да ХХХХХХХХХХХХ Анжеликка да Айчуроктун жашына жеткенде ХХХХХХХХХХХХ, жашоону уйронот. Анжеликкага ийгилик, бакыт, ден соолук каалайм.
Модератор admin_media түзөттү 2018-03-29 09:07:15
29.03.2018. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Анжелика ажырашпа. Айчурок эже ажыраштырып тынам деген деп айтпадын беле эми анын каалоосун ишке ашырып жатасын.
29.03.2018. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ainagul94,катуу жел чыгарса да Айчурок куноолуу
29.03.2018. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кучтуусун, акылдуусун Анжела, дагы сабырдуу бол.Бул кундор да отуп кетет, эмне болгодо да, чакан мамлекетинди сактап калгыла Урмат экоон. Аллахым жашоо сыноонорду женилдетсин. Садаканы коп бер дейин десем, сен кээ бир эр-азаматтарга караганда кобуроок бересин деп ойлойм. Намаз оку.
29.03.2018. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кучтуу акылдуу болгондо уй булоосу бузулмак эмес.
30.03.2018. 02:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Себеби эч нерсе ачыкка чыга элек эле дейби? Азыр үтүк сайсаңар Говорит Анжелика)) деген үн чыгат
30.03.2018. 08:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
аа элим аман болгула! Бироонун жашоосун сындаганга жетишип калыпсынар,демек жакшы жашапатасынар.
31.03.2018. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айчурок Эже здесь причём?!
31.03.2018. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чырагым сени тойго эч ким чакырбай калды, уят болобуз деп.
01.04.2018. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Анжелика сен кучтуу айымсын жаман создорго конул бурба кыздарын менен уйбулон менен аман бол иттер уро берет кербен журо берет сабырдуу бол сага ийгилик каалайм чымчыктын да уясы бузулбасын
jazy түзөттү 2018-04-01 01:22:28
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо