Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Гүлжигит Сатибеков, «КӨЗ ЖАШ»

№396 4-10-июнь, 2010-ж.

Жаңы клип

Мөлт-мөлт аккан көз жаштын ар бир тамчысында муң-кайгы, таарыныч, коштошуу, өкүнүч бар. Муңдуу ырлары менен угармандардын жүрөгүнөн орун тапкан Гүлжигит Сатибеков “Көз жаш” аттуу клиби тууралуу кызыктуу маалымат берет.

Клиптин режиссёру – Данияр Шакиров
Оператору –
Надыр Шакиров
Клиптеги каармандар –
Сабира Көккөзова, Тимур Маматкулов, Солтобай Кулбаев
Сценарийди жазган –
Гүлжигит Сатибеков
Клиптин узактыгы – 5 мүнөт 2 секунд

«КӨЗ ЖАШТАН ЖАРАЛГАН ЫР»
– Кыш айларында Орусиянын бир топ шаарларында гастролдоп жүрдүм. Москва шаарына баруу үчүн автобекетте отургам. Бир маалда жакшынакай кыргыз кызы келип, “байке, мекендешим экенсиз, мага бир аз акча болсо кайрылышыңызчы?” деп жалооруду. Бир чети таң калып, бир чети боор ооруй карап, аны менен тааныша кеттим. Ал эмне болуп мындай тагдырга туш болуп калганын айтып, көз жашын төгүп бир топко ыйлады. Мен да бугун чыгарып алсын деп соороткон жокмун. Ал кыз көпчүлүк кыргыздардай эле Орусияга иштегени келиптир. Анан бир азербайжан улутундагы жигит менен таанышып, сүйүү сезимине кабылат. Бирок жигит кыздын болгон документтерин алдап алып, башка бир адамга салып берген экен. Ал адамдан кыздын боюнда да болуп калат. Кызыгы тараганда эски оюнчуктай болуп эшикке түртүлүп калган кыз автобекетте минтип кайыр сурап калыптыр.
Ушул окуядан кийин кыздын тагдыры тууралуу ыр жазууну ойлодум. Клиптин негизги сюжети кыздын көз жашы болорун ырдын текстинен мурун пландап койгом. Ошентип, Орусиядагы карындаштын көз жашы аркылуу бул ыр, анан клип жаралып калды.

«ЧЫГАШАСЫЗ КЛИП»
– Клипте кыздын тагдыры толугу менен өзгөртүлбөй берилип, Москванын ошол автобекетинен тартылмак. Бирок режиссёр менен кеңешип отуруп, клиптин негизги маанисин калтырып, кээ бир жерлерин өзгөрттүк. Клип ордолуу Ош шаарында тартылды. Чынын айтсам, тартууга корогон каражатты Дамир аттуу досум көтөрдү. Актёрлорго гонорар төлөгөн жокмун, кыргызча сүйлөштүк. Кыскасы, чыгашасыз клип болду.

«3 СААТ МУЗДАК СУУ КЕЧИП...»
– ОшМУнун 1-курсунун студенти Самара аттуу кызды көргөндө чын эле мен издеген каарман табылганына сүйүндүм.
Ал эми кыздын сүйгөн жигитинин ролун Ош драма театрынын актёру Тимур деген жигит ойноду. Тимур учурда 35 жашта экенине карабай абдан жаш көрүнөт. Клипте кыйынчылык жараткан нерсе бөлмөгө суу толтуруу болду. Суу толтурабыз дегенибизди уккандар баш тартышты. Оштогу жатаканалардын баарын кыдырдык. Акыры Нурланбек Аккаров аттуу адамдын жардамы менен изолятордон тарттык. Алгач бөлмөнү бир топ кат целлофан менен каптап чыктык. Анан шланг менен бийиктиги 35 сантиметрдей суу толтурулду. Суунун ичиндеги кадрлар 3 саат тартылды. Суу кечип отуруп тоңуп калганымды айтпа.
Кызды ыйлата албай бир топ убараландык. Акыры Сабиранын көзүнө пияздын ширесин куюп жатып ыйлаттык. Клип 3 күндө тартылып бүткөн. Жыйынтыгында клип ойдогудай тартылып, көрүүчүлөрдүн купулуна толууда.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(5)
07.06.2010. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооба мен коргом анча эмес чынында!
07.06.2010. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chyn okuyuadan alynsa, baykush Moskvadagy kyz.
10.06.2010. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атакору байкуш болду кыргызым,
тентиди ар олкодо бакыт издеп,
кор болду кыргыз нан таба албай оз уйунон!!!
10.06.2010. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байкуш кызга кыйын болуптур
10.06.2010. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байкуш кызга кыйын болуптур
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо