Жаз жаңылыгы: КӨК ЧӨПТӨРДӨН ЖАСАЛГАН ДААМДАР

№804 30-март -5-апрель, 2018-ж.

Жаз башында көпчүлүк адамдарда чарчаңкы, алсыз абал пайда болот. Дал ушул убакта беде, ат кулак, жалбыз, чалкан, чырыш сыяктуу көк чөптөрдөн түрдүү даамдарды жасап жеш керек. Анткени бул чөптөр мөмө-чөмө, жашылчалар бышканга чейин адамдын организмин табигый витаминдер менен камсыздай алышат. Ошондой эле кан басымды калыптандырып, тиштин мүлктөрүн бекемдейт, гемоглобиндин санын көбөйтүп, кандын курамындагы канттын деңгээлин азайтат.

КӨК ЧӨПТӨРДҮ ТАНДОО
• Өзүңүзгө керектүү чөптүн дал өзү экендигин аныктап, анан териңиз. Уулуу чөптөр да бар экенин эске алыңыз.
• Чөптөрдүн жаңы чыккандарын гана терүү керек. Сөңгөгү каткан чөптөрдүн даамы ачуу боло баштайт.
• Чөптөрдү таң эрте, унаа жолдорунан алыс, мал, ит көп баспаган жерлерден терүү шарт.
• Чөптөрдү кагаз баштыкка же себетке чогултканыңыз оң. Темир, жез идиштерге салганда кычкыл тартып калышы мүмкүн.

ТУУРАМЖЫ ДАЯРДОО
1.
Алгач беде, ат кулак, жалбыз, чалкан, чырыш терип, тазалап, муздак сууга 3-4 жолу чайкап алабыз. Чырышты кайнак сууга 1 мүнөттөй салып алуу шарт.
2. Андан соң суусун сарыктырып, майда туурап, казанга салып жай отто 5-6 мүнөткө демдейбиз. Чөптөрдүн өзүнөн шире бөлүнүп чыгат, андыктан, май, суу кошпой эле койгон туура.
3. Муздагандан кийин сыгып алып, куурулган пиязды жана татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырсак, туурамжыбыз даяр болот. Айрымдар табитине жараша туурамжыга куйрук, эт, жумуртка, быштак, сыр кошуп жасашат. Бирок чөптөрдүн дарылык касиети көбүрөөк болсун десеңиз чөптөрдүн өзүнөн гана (туз, мурч да кошпой) жасаган жакшы. Камыры кадимки мантыга жууругандай жуурулат.

КАМЫРЫН ДАЯРДОО
Керектелүүчү азыктар:
Ун – 400 грамм
Өсүмдүк майы – 2 аш кашык
Суу – 400 грамм
Туз – Татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:
1.
Жылуу сууга тузду салып аралаштырып алабыз.
2. Унду элеп, өсүмдүк майын жана сууну куюп жумшагыраак кылып камыр журуп, 30 мүнөттөй тыныктырабыз.

БЫШЫРУУ
Чөптөн жасалган даамдарды казанга кактап, майга, бууга же сууга жана электр мешинде бышырууга болот. Бышыруу ыкмасына карата ысык жана суук тамак болуп бөлүнөт. Алсак, отко какталып же куурулуп бышкан токоч, чабаты жана самса ысык, ал эми сууга, бууга бышкан чүчпара, оромо, манты суук тамактын катарына кирет.

ТОКОЧ
Жасоо ыкмасы:
1.
Камырды бөлүктөргө бөлүп, субала (камыр жайымы) кылып, жука кылып жаябыз.
2. Бетине туурамжыдан тегиз салып, оройбуз.
3. Түтүктөй болгон узун камырды эми үлүлдүн уясынын формасындай кылып оройбуз да, үбөлүк менен калыңдыгы 1-1,5 сантиметр кылып жаябыз.
4. Көмөч казанды бир аз майлап, кызыган соң алгач токочтун бир жагын, андан кийин экинчи жагын кактап бышырыңыз. Ысык кезинде бетине каймактан же болбосо сары майдан сүйкөп дасторконго берсеңиз болот.

САМСА
Жасоо ыкмасы:
1.
Тыныккан камырды субалаларга бөлүп, жука кылып жайып, бетине каймак майдан сүйкөп, тыгыз кылып тоголоктоп оройбуз да, 20-30 мүнөткө муздаткычка салып коёбуз.
2. Камырды алып чыгып, чакан бөлүктөргө бөлүп, ар бирин диаметри 10-12 сантиметрден кылып жаябыз.
3. Жайылган камырдын ортосуна 2 аш кашык туурамжыдан салып, тоголок формада самса түйөбүз.
4. Узундугу 20 сантиметр болгон жыгач таякчага 3 самсадан сайып, ичине пергамент кагазы төшөлгөн электр мешинин табасына тизебиз.
5. Самсалардын бетине жумуртканын сарысынан сүйкөп, сейданадан сээп, 220 градуста ысып турган электр мешинде кызарганча бышырып алабыз.

ХИНКАЛИ
Жасоо ыкмасы:
1.
Камырды чакан бөлүктөргө бөлүп, калыңдыгын 2 миллиметр, диаметрин 12-15 сантиметр кылып жаябыз.
2. Ар бирине 2 аш кашык туурамжыдан салып, түйүнчөк формасында түйөбүз.
3. Эми кайнап жаткан сууга бир аз туз жана өсүмдүк майынан куюп, хинкалилерди 7-8 мүнөт кайнатып бышырабыз. Хинкалини ар кандай соустар, каймак, айран менен берген туура.




ОРОМО
Жасоо ыкмасы:
1.
Камырды жука жайып, бетин каймак менен майлаңыз.
2. Андан соң бетине туурамжыдан себелеп, ороп, манты касканда 30 мүнөт бышырып алыңыз.
3. Бышкан оромону кесип, каймак, айран, кетчуп жана башка соустар менен берүүгө болот.





Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(12)
03.04.2018. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Чоп жей электер Ош тарапка келгиле.Соонун кылып чоптон чучвара жеп кеткиле))
03.04.2018. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Оромо жегим келип кетт)
03.04.2018. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Даярдап жеш керек эле

04.04.2018. 04:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чоптордун орусча аталыштарын жаза кеткилечи билгендер.
04.04.2018. 04:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
билсениздер мындан башка да пайдалуу чоптор болсо да болот.
04.04.2018. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жусай менен шпинаттан дагы кандай тамак кылса болот
04.04.2018. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Беде-клевер, ат кулак-щавель, жалбыз-мята, чалкан-крапива, чырыш-билбейм.
07.04.2018. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulya583, чырыш - ширяш
05.04.2018. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аппетит ачтыго
07.04.2018. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чүкүрүнү не дейт
13.03.2019. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Krasnyi.kg,кислица дейт экен. Бир орустан атайын сурагам
08.04.2018. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каакым-одуванчик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо