Эрмек Нурбаев: «ТАМАШОУ» – ТАЛАНТТАРДЫ ТАПТООЧУ МЫКТЫ МЕКТЕП»

№804 30-март -5-апрель, 2018-ж.

Мындан 10 жыл мурун «Тамашоу» долбоору түптөлүп, элди күлкүгө сугарып баштаган. Аталган долбоордун туурунан жүздөгөн таланттар тапталып учурдун мыкты телеалпаруучусу, тамада, күлкү жаратуучулары чыкты. «Тамашоунун» атасы, негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев долбоор тууралуу кызыктар, андагы күңгөй-тескейлер менен бөлүштү.


«АФИШАЛАРДЫ ӨЗҮМ ЧАПТАП ЧЫКЧУМУН»
-2005-жылдары Кыргызстанда КВН оюндары бир гана орус тилинде өтөр эле. Негизи эле КВН орус тилинде ойнолот эмеспи. Өзүм ойноп жүргөндө орус тилин билбей КВНге катыша албай жүргөн көп балдарды көрдүм. Бишкекте жашап деле орусча сүйлөй албаган студенттер бар болчу. Ошондо кыргызча КВН ачуу оюм пайда болуп, акырын бышырып жүргөм. Ал кездеги Эрмек жаш, өрт эле. Кийин кандай болуп калат деп деле кооптонбоптурмун. Мен үчүн башкысы, башымда бышырып жүргөн оюмду ишке ашырып максатка жетүү болчу. Өзүм батирде жашачумун, менде идея гана бар эле. «Тамашоуну» ачам дегенде көбү ишенбей, «канча долбоорлор ачылып, кайра жабылып жатат, ошолордун катарында эле болуп калат. Андан көрө өзүңө иште» деп кеңеш айткандар болгон.
Ошентип жарыя берип команда чогултууга өттүм. Өзүм ошондо ийримдерге барчумун, андан чыгып алып «Сейтек» улуттук балдар борборунун жанына жарыя боюнча балдар келип калышабы деп аларды күтөм. «Тамашоуго» деп 1 бала келет, кээде 2-3төн келишет. Бир жолу бир бала турат, жанына барып «кечиресиң, «Супер-Инфодогу» жарыя боюнчабы?» деп сурасам «жок, ай, сүйлөшкөн кызымды күтүп жатам» деп коёт (күлүп). Айтор, кээ бири «ооба» десе, кээ биринен «жок» деген жоопту укчумун. Ошентип жүрүп 2 ай ичинде 14 команда чогулттум. Биринчи оюн 2008-жылдын 1-ноябрь күнү болду. Уюштуруу иштерине досторум кол кабыш кылды, бир досум калыстарга стол ташыйт, бир досум кире бериште билет айрып карап турат, бирөөсү тартипти карайт. Мирбек Сагынбеков деген спортчу досум билеттерди айрып баарын киргизип, эшикти жаап, концерт башталганда чуркап келип калыстар тобунда отуруп алганда баары таң калып карашкан эле «билет айрыган жигит калыспы?» деп. Ал учурда афишаларды өзүм илет элем. Бир күнү афиша чаптап жатсам бирөө келип «афишаларды өзүң илесиңби?» деп сурайт. «Ооба, Табылды байкебиз деле убагында шорону өзү чакалап сатчу, биз деле азыр ушинтип афиша илип туралы» деп тамашалаган элем. Анын сыңары азыр мен «Тамашоуну» ачканыма, кезинде бул долбоор үчүн кыйынчылыктарды басып өткөнүмө өкүнбөйм. Долбоордун редактору Арслан Ибрагимов экөөбүз Максим Горький көчөсүнөн Спорт ордосуна чейин 100 квадрат метр баннерди көтөрүп келгенибиз эч эсимден кетпейт. Азыр да Арслан байкеге «билесизби баннер ташыган күндөрдү?» деп күлүп калам.

«ТАМАШОУ» – ТАЛАНТТАРДЫ ТАПТООЧУ МЫКТЫ МЕКТЕП»
-«Тамашоу» – бул таланттарды таптоочу мыкты мектеп. Долбоордун эң башкы жетишкендиги деп мен жүздөгөн таланттуу балдар чыгып өлкөбүздөгү алдыңкы телеалпаруучу, тамада, актёр, режиссёр, сценарист болуп жатканын айта алам. Алардын баары жылдыз болуп, өз ордун табышты деп айта албайм, бирок көпчүлүк таланттуу жигиттер ушул долбоордон тапталып чыкканына кубанам. Анан да эң башкысы, кыргыз тилинде сүйлөөнү модага айланта алдык. Аз да болсо Казакстан, Орусиянын КВНдеринде ойноп ийгилик жарата алдык. Аймактардан таланттуу жигиттер келип, оштуктар нарындыктар менен, таластыктар жалал-абаддыктар менен мамиле түзүп, карым-катышта болуп, дос күтүштү. Таланттуу, каалоосу күч, тартипке бекем кыз-жигиттерге биздин эшигибиз дайыма ачык.

«ДОЛБООРДУН ТАРЫХЫНДАГЫ ЧЕМПИОН КОМАНДАЛАР»
-10 жыл ичинде «Тамашоудо» 9 команда чемпион аталышты. Алар: «2-рота», «Саяктар», «Ак-Өргө city», «Ак-Кеме», «Моника Беллуччи», «No name», «Позитифф», «Универсал», «Ассорти» командалары. «Ак-Өргө city» командасынын балдары бир көчөдө чоңоюп-өскөн балдар, бири-биринин үйүнө барып репетиция кылып жүрүп чемпион болушкан. Уткандан кийин балдардын ата-энелери Арслан Ибрагимов экөөбүздү коноктоп ыраазычылыгын айтышкан. Ал эми «Моника Беллуччи» командасы 4-сезондо «Ак-Кеме» командасына 0,1 упайга утулуп калышкан эле. Чынында бул команда Орусиянын КВН оюндарында аткарчу тамашаларды жаратып койчу. Жакында эле «Тамашоунун» 10 жылдыгына арналган кубок өткөрүп, ошондо баары келишти. Ар бири менен кобурашып, өткөн күндөрдү эстеп сүйлөшүп отургум келди.

Cанжар Мыкыев,
«Тамадалар» командасынын оюнчусу:
– «Тамашоу» долбоору биз үчүн эң бийик трамплин болду. Эрмек байке Кыргызстан КВНинде ойноп жүргөндө мен да ошол жакта ойночумун. Ал убакта кыргызча сүйлөө мода эмес болчу, шаардыктар менен кыргызча сүйлөшсөң сени «колхоз» деп кабыл алышар эле. Мына ошол кыргызча сүйлөө мода эмес деген стереотипти бузган Эрмек Нурбаев деп айта алам. Бул долбоордо ойногон көп балдар өз жолун таап кетишти. Анын арасында мен да бармын. «Тамашоудо» "серый кардинал" бар, ал – долбоордун башкы редактору Арслан Ибрагимов. Көрүүчүлөр бул кишини көп көрүшпөгөнү менен, анын эмгеги тоодой.

Самат Эркинбеков,
«Ак-Өргө city» командасынын оюнчусу:
– Мен «Тамашоудо» 16 жашымдан баштап ойногом. Командада эң кичүүсү мен элем. «Тамашоудо» биз 6 жыл ойнодук, көп тамашаларды аткардык, тапталдык, жашоону үйрөндүк. Жаңы келгенде «силер жылдыз болосуңар» десе эч ишенчү эмес элем. Кийин эле клиптерге, кинолорго чакыра баштаганда долбоордун таасирин сездим. «Тамашоудон» биз чоң турмуштук сабак алдык. Башында балдардын көбүнүн кесиби чыгармачылыкка тиешеси жок эле. Кийин талантыбыз ачылды. Эрмек байке атабыз болсо, Арслан байке апабыз болду.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Баш-аягы 10 жыл ичинде «Тамашоудо» 500гө жакын команда ойногон.
  • Эң жаш оюнчу – «Вукинги» командасында 4 жашынан баштап ойногон Жалюка Ибрагимов. Жалюка башкы редактор Арслан Ибрагимовдун баласы.
  • Калыстар тобунда эң көп отурган Урмат Усенов. Ырчы долбоордун 1-сезонунан баштап калыстар тобунун курамында.
  • Эң аз ойногон команданын атын атабай эле коёюн. Репетициябыздагы даярдоодон да өтпөй калган, сагыз чайнап, туура эмес жүрүм-туруму үчүн долбоордон четтеткенбиз.
  • Кыргызстанда мамлекеттин колдоосу жок миңдеген балдарды туурунан учурган жалгыз долбоор.
  • «Тамашоунун» логотиби, калпак кийген быйтыкчанын идеясы меники, ал эми аны жасап чыккан Медер Койлубаев.
  • «Тамашоунун» музыкасы Эрнест Уметалиев менен Мирлан Абдраевге таандык.
  • Калыстар арасында эң эсте калган суроо – Азамат Байматовдун «мени Роналдуга окшоштурушат» деген күлкүлүү, чындыкка дал келбеген суроосу (күлүп). Анан Максат Бегалиевдин бий суроосу аябай жаккан. Бийлеп туруп оюнчуларга уланткыла дегенде баарыбыз жарылганбыз.
"Тамашоу" долбоорун негиздеген Эрмек Нурбаев жана анын түптөлүшүнө салымын кошкон Нурзат Токтосунова, Арслан Ибрагимов, Нурлан Жаныбеков.


Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  15 
Комментарийлер(12)
03.04.2018. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ишиниздерге ийгилик.
03.04.2018. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эрмек байке чыгармачылык ийгилик
03.04.2018. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
No name komandasina ayabay kech berdiner chempionduktu. Eger adilettuuluk bolgondo no name komandasi 3-sezondo ele champion bolushmaK. Alar erte ele champion bolup alsa, tamashouga kelgen eldin sani keskin azaymak. Birok tamashounun azirki abali murdagiday emes. Komandalarm balder slabiy bolup ketishti. Murda sport sarayinda otkorushso, bugunku kundo seytekti aran tolturup kalishti.
03.04.2018. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
kyrgyz77777, тамашоу артында киносунда но нейм жок
03.04.2018. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мурункудай болбогону калыстар тобу туура чечим чыгарбаганы ,мен да кызыгып корчумун азыр жок,жакшы аткарса да баарибир бааягы упай,мурунку No name командасы жакчу,суйуп корот элек.
03.04.2018. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тамашоуну озгортсо жакшы болмок чоон апгрейд керек командаларга коюлган талап жогору болсо тамашаларында азия микстей адабияка ыкташса жаашы болмок деп ойлойм
03.04.2018. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алга Тамашоу!!! Эрмек Нурбаев жана башка негиздоочулорго терен ыраазычылык
03.04.2018. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мурункудай болбой калды.Тамашалары анча эмес.Жигиттер kg77 ak orgo city командалары ойногон убакта уктабай кутуп телевизордон корчубуз азыр кызыгып коргондордун саны аз
03.04.2018. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алга тамашоу-Алга Кыргызстан-Алга Эрмек байке
04.04.2018. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мурун кызыктуу болчу. Кутуп журуп корчубуз. Азыркылар анча эместей
05.04.2018. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир жолу кирип алып такыр куло албай жаман болгом. Бир дурт этип тез очту.
05.04.2018. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрмек байке азаматсыз уйбулодо жана жумушунда дагы ийгилик жаратып келесиз сизден сураныч оштон барган балдарга колдо корсотунуз эч бир калыс мыкты деп колдобойт ошол нерсеге капа болобуз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо