Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Жанета Баялиева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «МАГА БЕРИЛГЕН СЫНООНУ ТАГДЫР ДЕП КАБЫЛ АЛДЫМ»

№804 30-март -5-апрель, 2018-ж.

Жанета Бобкова фамилиясын Баялиева деп өзгөрткөнүн көпчүлүк эле байкаса керек. «Мен жаңы жашоону баштадым. Балдарымдын кең келечеги үчүн болгон аракетимди жумшайм» деген ырчы айым учурда балдарын жалгыз тарбиялап жатканын айтат. Ырчы буга чейин айтылбай жүргөн сырларын, жеке жашоосундагы тагдыр бурулушун ачыктады.

– Жанета айым, саламатсызбы? Сиз менен көп жылдан бери кабарлаша элекпиз. Ал аралыкта жашооңузда кандай өзгөрүүлөр болду?
– Туура айтасың, бир топ жыл өтүп кетиптир. Мен чыгармачылык менен алекмин. Чет өлкөлүк фестивалдарга чакыруу менен барып турам. Былтыр КМШ өлкөлөрүнүн арасында Түркмөнстанда өткөрүлгөн фестивалга баргам. Ал жактан менин ырдаганымды жактырышып, Азербайжандын Гянджа шаарына фестивалга чакырышты. Ал фестивалга 15 мамлекеттин алдыңкы ырчылары чакырылдык. Азербайжан Эл артисти Полад Бүлбүл оглы грамота тапшырып өзүмчө сыймыктанып калдым. Андан сырткары былтыр Кайрат Примбердиев экөөбүз Орусиянын федералдык жыйынынын федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко кол койгон күбөлүккө татыдык. Ал күбөлүк маданият жана искусствонун өнүгүүсүнө кошкон салымыбыз үчүн берилди. Убакыттын өткөнүн кара, билинбей эле сахнада жүргөнүмө 20 жылдан ашыптыр.
Ооба, ортодо «Супер-Инфо» гезити менен таарынычтар болгон. Бирок анын баары артта калды. Баарыбыз бир чөйрөдө жүргөндүктөн, өткөн-кеткен нерселерди унутуп койгонубуз оң деп ойлойм. Мына эми, буюрса, жаңы дем менен чыгармачылыкка кириштим.

– Туура чечим. Сиз «Даңк» орденин да алыптырсыз. Учурда мамлекеттик сыйлыктардын баркы кетти деп көп сындашат. Сиздин пикириңиз кандай?
– Азыр кесиптештер менен жолугуп сүйлөшүп калганда да бул тема козголот. Ортодо сыйлыкка жетпеген канча таланттар жүрөт. Бирок аларга эл мурун эле наамды берип койгон. Албетте, менин оюмча деле сыйлыктардын баркы кетип бараткандай.

– 20 жылдан ашык сахнада жүрүп, ишеничтүү курбу күтө алдыңызбы?
– Мен дээримден шайыр, боорукермин. Бирөөгө арам оюм жок. Ойлоп көрсөм, курбуларыма ишенип сырларымды айта берчү экенмин. Кийин ошонун баары чогулуп келип, далымдан бычак болуп өзүмө сайылганда гана туура эмес кылып жүргөнүмдү түшүндүм.

– Сахнада элдин маанайын көтөргөн ырчылардын деле көшөгө артында өз турмушу, кайгы-кубанычы болот эмеспи. Кайгы, кыйынчылыктарды кантип жеңесиз?
– Убакыт өткөн сайын адам такшалып, турмушка болгон көз карашы өзгөрөт экен. Ар бир үй-бүлөдө, ар бир адамда маселе болот. Биздин жүрөгүбүз канчалык канап, ыйлап турса да сахнага чыкканда аны билдирбешибиз керек. Элдин маанайын көтөрүп, позитив тартуулашыбыз кажет. Мен сахнага чыгып элди көргөндө баарын унутам, ырдаганда эмоцияларымды чыгарып алам. Сахнадан көшөгө артына өткөндө баягы эле көр оокат башталат (күлүп). Үйдө болсо балдарыма алсыздыгымды көрсөткүм келбейт. Алар мени күчтүү аял катары гана билиши керек. Аябай оор учурда үйдө жалгыз отуруп, баарын таразалап туура чечим чыгарганга аракет кылам.

– Балдарыңыз деле чоңоюп калыптыр. Жалгыз тарбиялап жатасызбы?
– Ооба. Бала чоңойгон сайын кийим, окуусуна көп каражат кетет. Колдон келишинче татыктуу билим алышсын деп тытынып иштейм. Улуу кызым Арина 16 жашка чыкты, келечекте психолог болом дейт. Уулум Максим программисттик кесипке кызыгат, 14 жашка чыкты. Кызымды турмушка бышсын, апасы кантип акча табат, көрсүн деп дайым жаныма алып жүрөм. Менин ишеничтүү жардамчым. Экөөбүз курбудай жакшы сырдашабыз.
Балдарым баарын көрүп-билип, турмуштун оош-кыйышын түшүнүп калышты. Кыйын күндөрдө кызым «апа, кайгырбаңыз. Бизде баары жакшы болот» деп мага колдоо көрсөтүп турат. Балам болсо «үйлөнгөндө сиз менен чогуу жашайбыз, сизди эч жакка кетирбейм» дейт.

– «Маңдайга жазылган» дегенге ишенесизби?
– Маңдайга кандай нерсени жазса, канча аракет кылбагын, өзгөртө албайт экенсиң. Мага берилген сыноонун баарын тагдыр деп кабыл алдым, Кудайдан деп билдим. Тагдырга баш ийдим.

– Жеке жашооңуз тууралуу өйдө-ылдый сөздөр айтылды. Чындыкты өз оозуңуздан уксак...
– Жашоо ушундай экен, эртең кандай болуп кетерин билбейт экенбиз. Жолдошум менен түтүн булатканыбызга 16 жыл болуптур. Тилекке каршы, экөөбүз эки жыл мурун расмий түрдө ажырашканбыз. Бул нерсени элге жарыя кылбай эле коёлу дегенбиз. Интернетке жагымсыз маалыматтар тарап кетти, чындыкты айтууга аргасыз болдум. Кайнатам да биз тууралуу айтыптыр, ал акылдуу киши эле, айланасындагылардын таасири болду окшойт.
Акыркы кезде жолдошум экөөбүздүн ортобузда түшүнбөстүктөр болуп, көп таарынышып жүрдүк. Акыры бири-бирибизди кыйнап жашабай эле коёлу деп чечкенбиз.

– Жубайлар ажырашканда көпчүлүк аялзатын күнөөлөшөт. Сиз эмне дейт элеңиз?
– Эки алаканды чапса анан үн чыгат. Турмуш татаал экен, аны алып кетүү да оңой эмес. Экөөбүз сүйүүбүздү бакпай ушул жыйынтык болду окшойт.

– Сиздин дарегиңизге да жагымсыз кептер айтылыптыр.
– Мен балдарыма тарбия берип чоңойттум, алар мени тандап мени менен калышты. Бала жаман энени тандамак эмес да, туурабы?
Атактуу болгондун бир кемчилиги – ушак көп. Аял кишинин үй-бүлөсү бузулгандан кийин ажырашкан деген статус жаман экен. Ар кимди жабыштыра беришет. Башында аябай жаман болуп жүрдүм. Тийишкен мырзалар да көп. Сүйүүсүн билдирип, турмуш курууга чакыргандар көбөйдү. Бирок эркектерден аябай көңүлүм калды.

– Мезгил дарылайт дешет. Кийин сиздин кадырыңызга жеткен мырза табылса, өмүрүңүздү байлашыңыз мүмкүнбү?
– Аны убакыт көрсөтөт. Эгер маңдайга жазылса, эки баламды өзүнүкүндөй кабыл алса, нике кайып болсо, балким, ал нерсе да болуп калар...

– Кыялкечсизби? Эмнелерди көп кыялданасыз?
– Мен реалистмин. Кыялданып отурбай бир максат кылдымбы, түз эле ошону багындырганга аракетимди баштайм. Куру кыялдарга убактымды коротпойм.

– Эгер мүмкүнчүлүк болсо жашооңузду кантип өзгөртмөксүз?
– Бул суроону кечээ кызым берди эле. Мен «өзгөртмөк эмесмин» дедим. Эгер башка жашоону тандасам силер жок болот элеңер, силердин барыңарга рахмат, ошого ыраазымын дедим.

– Маегиңизге рахмат.

«Балдарым баарын түшүнүп калышты. Апалап оорумду колдон, жеңилимди жерден алып турушат».
«Азербайжан Эл артисти Полад Бүлбүл оглынын колунан грамота алдым».


Гүлжамал Абылкасымова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Жанета Баялиева: "Жолдошум өз жашоосу менен жашап жүрөт, эки бала менин колумда"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(30)
03.04.2018. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Балдары ата журтуга окшойтко. Жанетага окшобойт.
03.04.2018. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
aszyma,атасына окшош болгондун эмнеси жаман
03.04.2018. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Nanei,жаман деген жок го?
08.04.2018. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aszyma,жанетта озу башкача сулуу го и жап жаш экен кызы оундой эле бп калыптыр суктандым жаштыгына балдарынын жакшылыктарын корсун.
03.04.2018. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биринчи суроттогу кызы эместир аа
03.04.2018. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кызы окшойт.....
03.04.2018. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кандай болсо да Бакыт каалап коелу,кошо жатып жургондой суйлобой. Биринчи суротто кызы эле. Мен Жанетанын кайын синдисин таанычым,кызы ошол эжекесине окшош экен.
03.04.2018. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жанета,аял катары сизди тушуном,балдарыныз бактылуу болушсун.
03.04.2018. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
азамат балдарындын келечегин ойлогон аял ,ал бактылуу.
03.04.2018. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жанета азаматсыз башыныздан ушунча нерсе отуптур бир жаман созунуз жок ширин соз аял жерде калбайт
03.04.2018. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Анжелика ушул аялдан улгу ал
03.04.2018. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мен да айтайын деп жургом Бек мн да жарашкыла Эми коп болдуго. Азыр ражаб айы сооп болот
03.04.2018. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
lady_91,кайсы Бек???
03.04.2018. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бакыт каалайм негедир акыркы кундору ажырашкандар ото коп же мага ошондой сезилип атабы.окунучтуу ортодо балдаргале кыйында
03.04.2018. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
vangolu, Djal1987, Dilbaranurdinova, Dina.janym, Shahrizaada,
Саламатсыздарбы! Сунуштарды эске алабыз.
Темадан алыстабай билдирүү жазгыла!
03.04.2018. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азаматсыз... Кайнатасына соз тийгизбептир да озу... Ал болсо жамандап алыптыр эмес беле... уялатго эми..
03.04.2018. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болсун!! Жашоо бумеранг!
SUPER.KG видео
03.04.2018. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Уну бар ырчылар ушинтип озуле ырдап берет,
а уну жок ырчыларды суранып атып да ырдата албайсын.
Интерью кыска болуп калганго, кобуроок коргум келди.
Бир кызыбыз ушундай эжелерден улгу алса пайдасы тиймек,
актанып атып бутмой болду
03.04.2018. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ошондо кыргызча маек болдубу же...
03.04.2018. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Колунан келсе балдарынды мусулман кыл.
04.04.2018. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Балдары озуно окшобойт экен
04.04.2018. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Балдары Бобковдорго аябай окшош экен го
04.04.2018. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Көз көрүнөө ХХХХХХХХХХхх Жанетаны
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-05 09:11:27
04.04.2018. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
bazarkyl,мен ХХХХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-05 10:03:01
05.04.2018. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Muratmipa, bazarkyl,
Такталбаган маалымат жазып, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат!
05.04.2018. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанета эже, мен сизди озумдун эжемдей жакшы кором. Жердеш синдиниз болом. Сизге бакыт-таалай каалайм. Сахнадан мукам ундуу ырларынызды угуп, айдай сулуу жузунузго суктанып журо берейли. Бар болунуз!
06.04.2018. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азамат Жанетта кыйын аялсын, унун сонун
07.04.2018. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жанетта мага аябай жагат. Ото сонун аял мен буну баскан турганынан эле байкайм. Барды бар жокту жок кылса керек деп ойлойм. Анча мынчага башын оорутуп ииий деп эзилбесе керек. Ушундайы мн жагат мага. Бешене Денис мн ажырашса куну отпой калат беле. Балдарына ынсап берсин бактылуу болсун. Дениске да бакыт
07.04.2018. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызы данкыяткооо...
08.04.2018. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ай иий жап жаш экенсиз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо