Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Гүлзат Мамытбек: «ТУР, КЫРГЫЗЫМ, ТУРАГОЙ, АЛДЫДА СЕНИ ЧОҢ МАКСАТТАР КҮТҮП ЖАТАТ»

№804 30-март -5-апрель, 2018-ж.

Бүгүнкү маектешим интернет айдыңы аркылуу көпчүлүккө тааныла алды. Анда сөз каарманымда: «Кыргызым, берекем! Турагой, тур. Миллионер эмессиңби, колуң көккө жете элекпи? Чоң иш кылышыбыз керек, алтыным. Кыргыздын жаңы деми Гүлзат Мамытбек сүйлөп жатат...»

– Саламатсызбы, Гүлзат эже? Учурда улуу-кичүүнүн оозунан «турагой, кыргызым, турагой» деген сөздү көп учуратып калдык. Сизди интернет жылдызына айланткан видео тууралуу кеп салсаңыз.
– Саламатсыздарбы? Мен «Тур, турагой» деген кыргыз үчүн жакшы чакырык таптым. Чын эле кыргызым турушу керек, 2030-жылга чейин №1 өлкө болушубуз керек. Тур, кыргызым, турагой, алдыда сени чоң максаттар күтүп жатат. Бизге аны ишке ашыруу оңой эле, мендей, сиздей, Сапар Исаковдой уул-кыздар турганда кыргыз бат эле оңолот. Тарткан видеолорум аркылуу мен жакшы гана нерсеге үндөйм: билим алууга, өсүүгө, сабаттуу болууга.

– Сиздин видеороликтериңизге жооп иретинде тартылган пародиялар көбөйүп кетти. Аларды кандай кабыл алдыңыз?
– Өзүм кыргызмын да, мени жакшы деп колдоп айтабы же мазактап айтабы, мага кыргыз айтып, жазып жатат. Мен үчүн кыргыздын ар бир уул-кызы баалуу. Андыктан бардык ой-пикирлерди туура кабыл алдым. Мени колдоп пародия тарткандарга ыраазычылыгымды билдирем, анткени менин оюмду, идеямды элге жеткирип жатышат. Анан да «кара пиар баары бир пиар» дейт го, андыктан кандай болсо да пиар болуп жатам (күлүп).

– Шайыр, дайыма активдүү жүрөсүз, бала чагыңызда да тың болсоңуз керек...
– Менин балалыгым Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1-Май айылында 5 бир туугандын арасында өттү. Кичинемден бетке айткан, тың кыз болдум, ата-энем туура эмес иш кылса аларга батынып айта алчумун «мобуну туура эмес кылып жатасыңар» деп. Ата-энем да менин шагымды сындырбай оюмду угуп, мени менен эсептешчү. Бул тарбиянын келечекте менин ийгиликке жетүүмө чоң жардамы тийди. Мектепти бүткөндөн кийин КУУнун журналистика факультетин кызыл диплом менен бүтүрүп, өз кесибим менен аз эле убакыт иштедим. Ошол учурда жарнама агенти болуп иштеп жакшы каражат табууга болот эле. Андан ары англис тилин үйрөнүп, тилди үйрөтүү боюнча атайын ыкма иштеп чыгып, анан англис тили мектебин ачтым.

– Ширин балдарыңыз тууралуу кеп салсаңыз?
– Бар байлыгым болгон 3 балам бар, жолдошум менен 2 жыл мурун эки башка жолго түшкөнбүз. Анын «үйдө отур» деген талабын аткара албадым. Мен активдүү адаммын да, үйдө отуруп чөктүм, толдум, эч нерсени жактырбай негативдүү болуп кеттим. Анан «мен үйдө отура албайм, максаттарыбыз башка экен» деп айттым. Ошентип ажырашканбыз. Ал кишини аябай сыйлайм, ортобузда сонун балдарыбыз бар. Жолдошум кийин үйлөндү, жакшынакай жубайы бар, менин балдарыма да каралашып турушат. Бактылуулук каалайм аларга.
Өзүмдүн бактымды Голливудда деп эсептейм, балким, Том Крузга күйөөгө чыгам (күлүп). Тамаша, өзүмдү келечекте Голливуддан көрөм. Мен Голливудда Манас тууралуу тасма тартышым керек. Атактуу «Гладиатор», «Александр» сыяктуу дүйнөдөгү мен-мен деген кинолордун катарында турчу тасма тарткым келет. Мен аны тарта алам, көзүм жетет, күчүм да, духум да, билимим да жетет.

– Сиздин мусулман-саентологмун деген билдирүүңүзгө көптөгөн сындар айтылып жатат...
– Эми бул ар бир адамдын өзүнүн иши деп ойлойм. Ооба, мен саентологмун. Болгондо да мусулман-саентологмун. Аны жашырбайм. Мусулман саентолог боло алат, анткени саентология Алла жок дебейт, сенин диниңди бурбайт, бардык диндерди сыйлаган илим. Египеттеги «Аль-Асхар Эль-Шариф» ислам илимий изилдөө академиясы саентология билиминин негиздөөчүсү Лафайет Рональд Хаббарддын «Бакытка карай жол» китебин изилдеп чыгып, анда эч кандай динге каршы келе турган нерсе жоктугун, акыл-насаат, этикалык баалуулуктар тууралуу туура ойлор камтылганын айтып чыгышкан. Саентология – жашоо тууралуу илим, секта дегендер жаңылышат.

– Маегиңизге рахмат!

P.S. Саентология уюму Кыргызда 2001-жылы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын каттоосунан өткөн. Бирок аталган комиссия 2012-жылы каттоо күбөлүгүн кайтарып алган. Ошол жылдан тартып саентология уюму Кыргыз өлкөсүндө ишмердүүлүк жүргүзүү укугунан ажыратылган.


Асыл Орозбекова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(27)
03.04.2018. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Башкасын билбейм бирок коздору жылдыздуу экен....
03.04.2018. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чыпалак баатыр экөө пара болушча. Кур жарашчуудай.))
03.04.2018. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Эрин аттап откон жакшылык келбейт колунан
03.04.2018. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жакшы идеялары бар экен.
03.04.2018. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Позитивдуу аял молодец!!!
03.04.2018. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Саентологбу башкабы сектага киреби кирбейби эми ал өзүнүн иши да главный башкага зыяны тийбесе болду башкача айтканда кыргыз элине. Бул кыз да өзү туура деп эсептеп тандап алган жолунда бара жатат. Эмне кылат кылбайт ал өз эрки. Главный балдары бактылуу болсун өзү да бактылуу болсун тилегине жетсин
03.04.2018. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Видеолору кадимкидей алдыга умтулууга уйротот.жаман эч нерсе айтпайт.дем,куч берет.ишенбесенер коргуло
03.04.2018. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Бул айымдын видеолорун коргондон бери,кечинде 00:00до жатып, эртен менен 5:00до тура баштадым.Эх
08.04.2018. 07:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
madrid7000,)))
03.04.2018. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жакшы чакырык мотивация айтып популярдуу болду го дейм сын айтыштын кереги жок менимче анан муну аны бизден талашпасын государство толоп берет зима не будет дебеди ар адамдын жакшы максаты болуш кк алдыны коздой
03.04.2018. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менда эрте менен ушул эжени сүйлөп атканын элестетип турчу болдум
03.04.2018. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул айымдын видеосун кайдан корсом болот
04.04.2018. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Zainidin96,
Инстаграмдан Гулзат Мамытбек деп издесениз.
04.04.2018. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Энергиясы ашып ташып аткан го
04.04.2018. 04:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кээ бир видеолоруна аргасыз жылмайчумун(кыз кичине эпкиндеп калганбы деп),бирок озу айткандай кыргызымдын ар бир инсаны баалуу мага,айткан создору баары туура,болгону кичине бир аз озгортуу киргизсе,бир аз даярданып,создорун камдап,эмоцияларына да конул буруп дегендей...
Тур,тура гой деген видеосу эн мыктысы,чынында эле эффективдуу,чынын айтсам уйкумду азайта баштадым ошол видеодон кийин,рахмат айтам,ийгилик каалайм!
04.04.2018. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен видеосун корбодум. Бирок боенгону жакпады.

Сапар Исаковду улгу корсотсо, анда бул катындан улгу алчу нерсе жок экен... Же кыргыздын уул-кыздарын коррупционер болууга ундойбу?!!
04.04.2018. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Саентологунуз эле жакпай калды(а так жагасыз эжеке, сизди сыйлайм
04.04.2018. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сапар Исаковго бут тосуу болбосо жакшы эле иштерди баштады. Аллахым озу колдосун.
08.04.2018. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kydyrova_71, кайсы иши жакшы?!! Ар бир иши чуулгандуу!!! Сапарын башканы коюп 2 жолу отуп 2 жолку кочмондор оюнунда изи табылбай калган миллиондогон долларлардын эсебин же дайнын берсин элге!!!
05.04.2018. 08:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Том Круз озу саентолог, бул жаман дин, Америкада жаман корушот.
06.04.2018. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда жалан сиздей жамандар болсо кр онукмок
06.04.2018. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
саентолог россияда да запрещенный секта.
08.04.2018. 03:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
таң атпай турганды үйрөттү, тур эле тур деп атып, эми туалет жууганды үйрөтө баштадыго..
08.04.2018. 03:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
күн сайын атын атагандан тажаган жокпу бу
08.04.2018. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Илгерки мода го чачы...мага воопще жакпады...
09.04.2018. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tushunuktuu, demek sektant turbaiby, oshondoi, suilogondoru ne to bolchu. Ozunuz tatynakai aiym ekensiz bashkalardy da al jakka tartpai ozunuz baktyluu bolsonuz boldu.
01.05.2018. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Ойлон ойгон" деген китепти окуп, жаттап, өзүнө сиңирип алгандай туйулду...))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо