№804 30-март -5-апрель, 2018-ж.
Александр Крестинин, башкы машыктыруучу:
– Биз үчүн Азия Кубогуна тандап алуу оюндары Австралия менен башталган. Бул башталгыч чекит болду. Анткени футболчулар өздөрү эмнеге татыктуу, деңгээли кандай экендигин көрдүк. Акыркы жылдары команда өсүп келе жатат, өз оюнун издеп келе жатат. Бардыгы жакшы дегенге болбойт, бирок өсүү бар.
Антон Землянухин, футболчу:
– Индия менен болгон оюндан кийин көп убакыт калыпка келүүгө короду. Мындай жаракаттардан кийин күрөштү аягына чейин улантууда коркунуч башында пайда болгон. Бирок азыр дарбазачы менен жекеме-жеке чыгуудан коркпойм. Кези келсе эми алыстан деле сокку узатып коём.
Гурприт Сингх, Индиянын дарбазачысы:
– Мен ал кагылышууну кокустук деп айтам. Улуттук курама команданын формасын кийген соң дарбазага топ өткөрбөө үчүн баарына даяр болом. Албетте, андай кагылышты атайын кылуу эч кимдин оюнда жок. Азыр артка кайтсак, жаракат алдырбаганга аракет кылмакмын.
Александр Крестинин, башкы машыктыруучу:
– Кичинге эч ким эшикти жапкан эмес. Ал өзү жаап койду. Бул анын чечими, өзүнүн жолу. Эми бул Кичиндин көйгөйү, биздики эмес. Биз аны курамда көрүүгө кубанычта болобуз.
Валерий Кичин, футболчу:
– Азия Кубогуна чыкканыбызга абдан кубанычтамын. Бул татыктуу көрсөткүч болду. Биздин улуттук курама команда жаңы тарых барактарын жазып жатат жана бул башталышы гана!
Мирлан Мурзаев, Индия менен болгон беттештин мыкты оюнчусу:
– Азия Кубогуна чыкканыбызга абдан кубанычтамын. Бул татыктуу көрсөткүч болду. Биздин улуттук курама команда жаңы тарых барактарын жазып жатат жана бул башталышы гана!
Тайпалык оюндарда Кыргыз футболчулары атаандаштарына 14 гол киргизе алышса, 8 гол өздөрүнө өткөрүшкөн.
Тандап алуу оюндарында Антон Землянухин 6 гол киргизип, улуттук курама команда үчүн киргизген голдорунун саны 12 болду .
Азия Кубогунун финалдык баскычында 24 команда ат салышат.
Азия Кубогу 2019-жылдын 5-январь-1-февраль аралыгында БАЭде өтөт.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |