№804 30-март -5-апрель, 2018-ж.
«Style mix» тобунун ырчылары Адилет Эркинбек уулу менен Илима Дүйшөналиева 23-март күнү уулдуу болушту. Тун наристесине түгөйлөр Арслан деген ысым ыйгарышкан. Уулун кучактап, аталык бакытка мас болуп отурган Адилет сүйүнүчү тууралуу: «Уулубуздун ысымын Арслан деп менин ата-энем койду, Илима балабыз менен эми гана өзүнө келип жаткан учуру. Көбү уулумду мага окшоштуруп жатышат, бирок жаш бала чоңойгон сайын өзгөрөт эмеспи, кимге окшош болсо да аман болсун. Сезимдер толкуп-ташып, үйүбүзгө периште кирип келгендей эле сүйүнүп отурабыз»,- дейт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |