Дайыр Исмадияров: «БАЛАМДЫН МЕНДЕН БӨЛӨК ӨСҮП ЖАТКАНЫ МАГА АРМАН»

№805 6-апрель -12-апрель, 2018-ж.

– Дайыр, эл туш болгон көйгөйдөн улам сурагым келип турат. Бишкекте коомдук унаалардын айдоочулары иш таштап, эл барчу жерине учурунда жете албай кыйналышты. Сенде мындай маселе болгон жок да, коомдук унаага түшө элегиңе канча болду?
Cтудент кезде Орусияга мигрант болуп барып, пол жуугуч да болуп иштедим. Бир аз акча чогултуп, ага Кытайдан кийим алып келип саткам. Ал ишимди бир жолго салып алып, киреше түшө баштаганда машина сатып алгам. Ошондон бери коомдук унааларга түшө элекмин, эсептеп көрсөм 10 жыл болуптур.

– Жаңы эле гастролдон келипсиң, кайсы аймактын элине шаң тартууладың?
«Үч жылдыздан бир концерт» деген долбоор менен 2-марттан тарта түштүк жергесин кыдырып келдик. Мен, Гүлжайна Атаканова, Аваз Акимов үчөөбүз толук бир ай гастролдодук. Негизи концертибиз 1-мартта башталып, ошол күнү Аваз экөөбүз Бишкектен Баткенге учмакпыз. 1-мартта, өзүңөр билгендей, учагыбыз жолдон күйүп, Баткенге жетпей, кайра Бишкекке кондук. Ошентип биринчи концертибиз болбой калды. Бирок муну жакшылыкка жоруп, концертибизде эл батпай, зал жарылат экен деп койдук. Биз ойлогондой эле ар бир концертибиз укмуштуудай шаң менен өттү.
Концерттин өзгөчөлүгү, өзүмдү куудул катары да сынап көрдүм. Сатира жазып, анын үстүнөн көптөн бери иштеп келгем. Сахнада Аваз экөөбүз ойнодук. Концерттен кийин көрөрмандардан «силердин куудулдук да өнөрүңөр бар турбайбы, азаматтар» деген жакшы пикирлерди уктук.

– Жакында бир жакка эс алганы барам деп жаттың эле, кайсы өлкөгө сапар тартканы турасың?
– Өткөн жылы катуу депрессияга кабылдым. Ошондо өзүмө келүү үчүн Таиландга, Египетке бардым. Ошол сапарымды токтотпоюн деп тапкан акчамдын канча бир бөлүгүн чет өлкөлөргө саякаттоого бөлүп коюп жатам. Көр оокат менен алышып жүрсөк, өмүрүбүз узундай сезилет тура. Көп иш аткарууга убакыт, акча жетишсиз боло берип, өмүр өтүп кетчүдөй. Каражатым кайсы өлкөдө эс алууга жетсе, ошол жакка барам, азыр издештирип жатам.

– Жалгыз барып эс алуу кызыксыз эмеспи же мунун жакшы жактары бар бекен?
Жалгыз чет өлкөгө чыкмак түгүл, көчөгө да чыккым келбейт. Чет өлкөлөргө эс алууга чыгармачылыктан сырткаркы досторум менен барам. Бири дарыгер болсо, экинчиси банкта иштейт дегендей. Мурдагы саякатымда да ошолордун демилгеси менен кеткем. Алар «кой, Дайырды алаксыталы» дешкен эле. Бул жолу да менин гастролумду бүтсүн деп күтүштү.

– Жакшы эс алып келгиле. Негизи колунан баары келген адамдай көрүнөсүң, ырчы болбосоң ким болушуң мүмкүн эле?
Мен жаңы бир нерсе менен алектенүүнү чечсем эч нерседен коркпойм. Кичине аракет кылып баштаганда эле бир аз болсо да мөмөсүн берип баштайт. Турмуштун агымына жараша, заман талап кылган кесипти аркалап кете бермекмин.

– Депрессияга туш болдум дедиң, бул ажырашуудан келип чыктыбы?
Жыл айланбай ажырашты» деген сөз адамга катуу тийип, кимди болбосун депрессияга түшүрөт экен. Кандай сонун максаттар, тилектер менен баш кошконбуз, ошонун баары көз алдымда күйүп, күл болуп калды. Анан кантип депрессияга кабылбайм? Бирок азыр келинчегим экөөбүздүн мамилебиз ошол кездегиге караганда бир кыйла жакшырды. Балабыз үчүн сүйлөшүп жатабыз. Аталык милдетимди күндө аткарбасам да, колумдан келишинче жардам берип жатам. Балама мындай тагдырды каалабайт элем. Анткени мен дагы атасыз өскөм. Айла жок, маңдайга жазса эмне кылабыз?

– Уулуң сенин эле көчүрмөң экенин сүрөттөрдөн байкадык...
Мага караганда апама окшош го дейм. Бирок көпчүлүк апам экөөбүздү аябай окшоштурушат. Бала башкача бакыт тура. Анын кандай чоңоюп жатканын көрүп, жанында жүрсөм башкача болмок. Анын менден бөлөк өсүп жатканы мага арман.
Айрымдар кээде «качан үйлөнөсүң?» деген суроону берип таң калтырышат. Бир жараатың айыкпай жатып, кайра жаңы жашоо баштоо оор да. Убакыт-сааты келгенде үйлөнөт чыгармын.

– Мамилеңер бир кыйла оңолуптур, өзүңө окшош балаң чоңоюп келе жатат, жарашып албайсыңарбы?
Эми мүнөзүбүз келишпесе, жарашуунун деле кажети жок го дейм. Жарашкан күндө деле бүгүн болбосо эртең же бир айдан кийин кайра эки айрылыш жол күтүшү мүмкүн. Келинчегиме чаң тийгизгим келбейт. Анткени аны турган турпаты, ушул мүнөзү менен жактырып, үйлөнгөм. Көпчүлүк учурда менин мүнөзүм оор болуп калды окшойт. Ошондон улам бири-бирибизди түшүнүш кыйын болуп калды.

– Рахмат маегиңе. Бактылуу бол.

"Баламдын апасы менен менин мамилем мурункуга караганда бир кыйла жакшырды. Азыр колдон келишинче жардам берип турам".


Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Дайыр Исмадияров: “Баламдын менден бөлөк өсүп жатканы мага арман”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(38)
10.04.2018. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Иш таштаган маршрутканы сураса, жөн эле жооп бербей россия кытайга барганын айтып кымчып кетиптир. Аял болуп калса кууратмак го. Аман эле болчу
10.04.2018. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Ушу ар бир интервьюсунда Гулжайнаны кошот,Гулжайна да Дайырды айтат постоянно.
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-10 10:18:04
10.04.2018. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ушул Дайыр гастролдоп эле журо берет,уй булонду ойлоп Эми бир жерде эле отурсан,бир жакшнакай аялын уулун бар,жарашууга аракет кылсан боло,
10.04.2018. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Башка аял деле ошол биринчи аялыңдай эле болот биринчи берсин маззаны экинчи берсин сазайыңды деп коет эмеспи экөөң тең жакшылап ойлонгула бул турмушта бир мүнөт да кымбат
10.04.2018. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jazgul19802612,азыр биринчиси пробная болуп калган. Эртен эле уйлонот ьаласын да унутат бир аз.
10.04.2018. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ырчылар олдунорго чекеден эле ажырашып ,турмуш силерге оюнчук сыяктуу болуп калыптыр. ХХХХХХХХ анан тушунбостуктор келип чыккандыр. Болбосо кантип эле сразу бир чечимге келип эле ажырашып кетишсин. Кетирген катачылыкты ондоп ажырашпай эле жашаса болот. Бул менин жеке оюм.
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-10 10:55:14
10.04.2018. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Арман кылган адамга деле окшобойсун. Кароче бир соз менен ХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-10 10:56:10
SUPER.KG видео
10.04.2018. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Chyn kommentaryiler ayabai tuura,ayalyn mn jaraw ХХХХХХХ kechke surotko tuwo berbei balandy erkeletip parkatarga baryp uibulon mn es al,Guljaina &Nazira mn juro berbei ,,wawtyrsa ele uilonup algydai senin ozundun planyn jokpu,siler artister baaribir eken bugun ajyrashyp erten kaira bawkany alyp ,jyldyzybyz keliwpei je bir biribizdi tuwunboi dep owol sozdun maanisin bilbeile suiloi beret ekensiner
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-10 11:10:43
10.04.2018. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Озун атасыз осон эмне учун аракет кылбадын .Озун эле чет олколордо жыргай бербей силерди жалгыз кыйналып чонойткон апанды да ала барсан соонун болмок.Турмуш деген энендин оюну эмес чыдаш керек .
10.04.2018. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
мыкты эле адам. аялына чан жугузбайм дегени жакты.
10.04.2018. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Озун ойной бербей баланды аялынды да ойнот да
10.04.2018. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Жиним келип жаман ком.тр жазайын дегем.Жогоруда жакшы билдируу окубадым мен жазбай эле коёюн ошол жетээр сага.Дайырды эл мактаганын эч укпайм
10.04.2018. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Анжелика экөө үйлөнсө супер инфо жарылып кетсе керек мактана беришип
10.04.2018. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Айтор аман бол..... Кандай достор менен эс алып жургонунду коооп эле адам билет.....Бирок коп мактана бербечи....
10.04.2018. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Сырты жалтырак, ичи калтырак адам болупсунго?! Уй було баладан башталат. Помпойгон баланды коруп деле, жашоого болгон оюн озгорбодубу?
10.04.2018. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Неге арман кыласын жарашканга аракет кылда.Аял жакшы создун эле кулу.Аракет кылсан аялын деле каршы эместир эне баласы учун баарына даяр хотя сен жаман болсон да.Арман деп ар олкодо саякаттавай жараш катын балан менен.Арман имиш
10.04.2018. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ажырашсадагы аялы жонундо эч жаман соз айтпаптыр азаматсын...Озу эмне себептен ажырашкан болду экен? Ошентседагы уулун аялын аябай жакшы корушу суйлогон создорунон эле билинип турат. Аялы дагы кечирип эле ортодо уулу учун жашайберсе болмок эркеке аял табылат, аялга эркек табылат, бирок уулга ата эне табылбайт. Эгер ХХХХХ ХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-10 18:28:44
17.04.2018. 08:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
koktalaa,когда говорит Лев Толстой а на деле хер простой деген соз бар. Суйлоп, соз менен акылдуу, куйумдуу болуу баарынын колунан келет. Айткандары чын болсо башкача кадам жасамак, жалган кайгырымыш болуп коюп анан дуйно кезип жыргабай
10.04.2018. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Банкир ,медик достордун ориентацияснына комуноум бар ХХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-10 18:31:20
10.04.2018. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Негизи атасыз оскон балдар турмушка чыдамсыз.болобу деген ой келди,айрыкча аялы менен куйоосу урушканда дуйнодо ошолор эле урушуп,бактысыз башкалар хч качан урушпай,бактылуу жашап жаткандай сезилип.Себеби атасыз оскондор аял менен куйоосу экоосунун ортосундагы урушту корбой,ал нерсе конумуш жана ар бир жубайлардын ортосунда болчу нерсе экенин тушунбойтго.Ажырашып башканы алсам бактылуу болом деген ой бар сыяктуу.
SUPER.KG видео
10.04.2018. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Daiyr jakshy bala.misaly maga jagat araketchil emne ele jaman komentaryi jazganga daiarsynar ? Menin oiumcha kyzganychtan chykty ajyrashuu
Konechno aialy boiunda bolso Daiyr gastroldop jurso.Jainagul ,Naziralar menen kyzganatta baikush aialy. ХХХХХ ХХХХХХХ Daiyr kaira jarash soonun balan bar eken,kelinchegin da yimanduu korunot.ХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-11 10:19:59
10.04.2018. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Неге ушул Дайырды ХХХХХХ ХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-11 10:21:46
10.04.2018. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nevestkaa,ХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-11 10:23:47
10.04.2018. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Nevestkaa,ХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-11 10:24:20
10.04.2018. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ачык айтканда Дайыр ХХХХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-11 10:27:06
11.04.2018. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ушул баланын эркектерге окшоп суротко тушконун эч корбодум.
11.04.2018. 04:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Дайыр ХХХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-11 10:27:45
11.04.2018. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Targarien, T-1000, vikidiki, Nevestkaa,
Эскертүү!
Такталбаган маалыматтарды жазып, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат!
SUPER.KG видео
11.04.2018. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ким менен кимдин жумушу бар? Ар ким озу каалагандай жашоого милдеттуу, суйлойт дессе эле андан ары кеткенинер жакпайт да... Жакшы соз суйлоп кичине конулунун которуп койгула да, же силерден акча алып эс алып журобу?...
Sake_86 түзөттү 2018-04-11 09:50:56
11.04.2018. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялын менен жарашып ал озундун характеринди билип калыпсын аны кайталабай жашасан болот
11.04.2018. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Озунун жарашкысы жок, женил ойлонуп жатат. Жанараны торотканадан чыгаргандан кийин даже алып кетейин деп да айтпаган экен. Чогу жашаганга эркек кадам койбосо аял мени алып кет деп зордой албайт да. Атагын менен жаштыгын туболуктуу эмес экенин унутпа.
12.04.2018. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы бала арекет кылам деп атат жарашканга кичине колдоп койсонор боло опытныйлар кара шылдындабай атайын кылбагандыр
12.04.2018. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Сүйлөйт десе эле,оозуңарга келгенди сүйлөйсунор да.Бирөө жаман баштаса, болду кудай берди калганы кошулуп алат.Жашоо ушундай, ар бир адам маңдайга жазганды көрөт. Оюн айтты, болбойт жашай албайбыз деп атат. Алардын үй бүлөсундо эмне болгонун ким билет. Өзүнүн жашоосу, өзү билет эмне кылса да. Молодец ошентип эл, жер кыдыр. Ал ар бир адамдын кыялы. Өйдөдө жазгандардын да кыялы.
13.04.2018. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жарашып алышса жакшы болмок
15.04.2018. 03:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге Дайырдыле куноолойсунор уруш эки тараптан тең чыгат. Менин оюмча аялынын харектири да өтө капризный. Тоюндагы видиолорунан көрүп байкасаңар да болот Дайыр ушунчалык кубанып турса Жанара колундагы гүлүн да көтөргүсү келбей улам-улам Дайырга карматат. Бири-биринди түшүнүп жарашып алгыла. Чымчыктын да уясы бузулбасын. Аялдар чыдамдуу болуш керек, күндө ичип-чегип, сабаган эркектер менен да жашашат элдер айла жок баласы үчүн ага салыштырмалуу Дайыр жакшыле
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо