СҮЙЛӨШКӨН КЫЗЫН ӨЛТҮРГӨН ДЕП ЖИГИТИ КАРМАЛДЫ

№805 6-апрель -12-апрель, 2018-ж.

24-мартта Бишкектин четиндеги Ак-Ордо-2 жаңы конушунда киши колдуу болуп каза тапкан 25-30 жаштардагы аялдын жансыз денеси табылган. Көп өтпөй анын ким экендиги аныкталып, сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилген. Андан соң аны өлтүргөн деп шектелип 25 жаштагы Т.Б. аттуу Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын биринин тургуну кармалды.


«МАРКУМ ӨТКӨН ЖЫЛДЫН ДЕКАБРЬ АЙЫНДА ӨЛТҮРҮЛГӨН»
Бул кылмыш тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын кызматкери Нургүл Нусупова төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 24-март күнү Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Ак-Ордо-2 жаңы конушундагы жер тилкелеринин биринен белгисиз аялдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган дарекке барган ыкчам иликтөө тобу ал жерден буту байланып, үстүнө таш ташталган 25-30 жаштардагы аялдын өлүгү жатканына күбө болушкан. Бул факт боюнча Сокулук РИИБинин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин натыйжасында маркумдун ким экендиги аныкталып, ал 1992-жылы туулган А.Н. аттуу Талас облусунун тургуну болуп чыккан. 29-мартта бул кылмышка шектелип 25 жаштагы Т.Б. аттуу Бишкектеги жаңы конуштардын биринин тургуну кармалып, ал Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Алгачкы тергөө иштеринин жыйынтыгына караганда, кылмыш өткөн жылдын декабрь айында болгон. Кылмышка шектүү менен маркумдун ортосунда уруш чыгып, ал маркумдун өлүмүнө алып келген. Шектүү кылмыш ишин жашыруу максатында маркумдун денесин жаңы конуштардын бириндеги жер тилкелерине алып барып, үстүнө таштарды үйүп салган. Б.Т. таксист болуп иштеп жүргөн. Учурда тиешелүү соттук-экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.


«НЕБЕРЕМ ИШТЕГЕНИ БИШКЕККЕ КЕТКЕН ЭЛЕ»
Маркум Түркияга барып иштеп келүүгө даярданып, жол киресине акча топтоп жүргөн. Бул тууралуу аны кичинесинен тарбиялаган таятасы айтып берди. Небереси тууралуу Талас облусунун Бакай-Ата районунун 66 жаштагы тургуну Жаныбек Сооронбаев буларга токтолду:
– Неберем 1 жарым жашка чыкканда кызым менен күйөө балам ажырашып кетишкен. Ошондон баштап ал биздин колубузда тарбияланды. Атасы менен апасынын башка үй-бүлөсү бар. Неберем мектепти аяктагандан 2 жылдан кийин өзүбүздүн айылдык жигитке турмушка чыккан. Бирок кийин кайненеси менен келише албай жолдошу экөө ажырашып кетишти. Жолдошу экөөнүн ортосундагы уулу азыр 5ке чыгып калды. Ал баланы багышып жардам берүүгө менин алым жетпейт, кемпирим 4 жыл мурун каза болгон. Ошондуктан неберем баланы күйөө балама таштап, иштегени Бишкекке кеткен. Ал жакта шаурма жасап саткан жайда иштеп жүргөн.
Акыркы жолу 2017-жылдын октябрь айынын аягында үйгө келип жолугуп кеткен. Ошондо ал Түркияга барып иштеп келем деп айтып жаткан эле. Декабрдын 15теринде келиним менен да телефон аркылуу сүйлөшүп, 20ларында Түркияга кетерин айтыптыр.


«ТУУРА ЭМЕС АДАМДАРГА ИШЕНИП АЛГАН ОКШОЙТ»
– Ошол бойдон дайыны жок болуп кетти. Телефонуна чалсам, өчүк болуп туруп алды. Издеп баштадым. Бишкекке барып досторунан, чогуу иштегендеринен сураштырсам эч ким билбейт, таппай койдум. Түркияга кетип калган окшойт деп кызымдын телефон чалышын күтүп жүргөм. Анан эле интернетке чыккан сүрөтүн балдарым көрсөтүп калышты. Мындай окуя болот деп ким ойлоптур? Анын өлтүрүлүшү тууралуу жаман кабарды укканда өзүмдү жоготуп коюптурмун.
Сөөктү айылга алып келип, 26-мартта жерге бердик. Неберемди өлтүрдү деп шектелип анын сүйлөшүп жүргөн жигити кармалыптыр. Неберем ал жигит тууралуу бизге эч нерсе айткан эмес, жигити бар экенин да билген эмесмин. Ошол жигит өлтүргөнүн моюнуна алыптыр деп уктум.
Менин божомолум боюнча неберемди 1 эмес, 2-3 адам биригип пландап эле өлтүрүп, анын Түркияга кетүүгө жол кире үчүн чогулткан акчасын алып коюшкан. Көтөрүп жүргөн сумкасынын боосу менен эле муунтуп өлтүрүшүптүр. Аны өлтүргөн адам колу менен кылганын моюну менен тартсын. Мыйзам чегинде жазалансын. Кызым ак көңүл, ишенчээк эле. Минтип туура эмес адамдарга ишенип алган окшойт.


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(24)
10.04.2018. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+31
Озу дээги эле бироонун баласын бироо онойле олтуруп ,зордуктап,алдап, муунтуп асып коюу,оной эле болуп калыптыр,кундуго бир шумдуктуу окуялар болуп кетип атат,коркосун,жаштардан ыйман кетип атат,чондордон ынсап кетип атат, мындай кетсек балдарыбыздын келечеги кантет!Кудайды эстеп журолукчу!
10.04.2018. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Не деген заманда жашап жатабыз?олум жазасын киргизсе,мумкун азаймак кылмыштар
10.04.2018. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эмне себеп болуптур өлтүргөнгө?тергөө учурунда кылмышка шектүү айтпаптырбы а?
10.04.2018. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
ziash85,аны супердин кийинки санынан окуйбуз.Баарын бир жазып койсо материал калбай калбайбы
g.roza түзөттү 2018-04-10 22:43:13
14.04.2018. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
g.roza,хаха тура айттын
10.04.2018. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Акыйкаттык жок эч жерде. Бул да ашып кетсе 1 жыл отуруп анан чыгып кетет. Адам олтуруш оной эле болуп калды! Тергоочулорго да ишениш жок. Баштарына баштык кийгизип и.т.д эптеп эле бейкуноо бей бечаранын баласын сабап атып эле кылмышты мойнуна илип ишти жаап салышса болду! Кедей, эч нерсеси жок олко болсок да мейли, Жок дегенде акыйкаттуу, кылмышкерлер жок Мамлекет болбойт белек?! Эхх, крим болуп кеттигооо бут эле. Ыйман берсин, башка не дээр элек
10.04.2018. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Олум жазасын киргизген учурда деле байкуш колунда жоктор жазага тартылып,акчалуулар кутулуп кетишет
11.04.2018. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Урматтуу Президенттибизден умут кылабыз. Коррупцияга малынган сотторду тазалап, олкого акыйкаттуу сот иш алып баруусун талап кылсын. Ошондо олкодо кылмыштар азаят
11.04.2018. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ажырашып таятасына таштап кеткен апасына мин наалат каралашып кабарлашбайбы,бир бактысыз шордуу болгон экен да байкуш кыз
15.04.2018. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jasa,ошо да, муштайынан тагдыры талкаланган экен да байкуш кыз. Ата, Апа мээрим берип чогуу чонойтконго жетпейт баланы.
11.04.2018. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Олум жазасын киргизсе олкобуздун жарымын жоготуп алабызго...
11.04.2018. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар бир адам ыймандуу болсо, себепсиз кумурсканы да олтурбойт эле...
11.04.2018. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сызда жаткандан коро ыссык тошокто жатпайсынбы ошол кызга уйлонуп.
12.04.2018. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
aialyn tashtap ketkender erkekter urgan da soigondor tonogondor da aldagandar da erkekte r krim info erkekterge tolup ketti akcha tabam dep tytyngandar aialdar bazarda. erkekter alsyz bolup baratat akcha tapkandy bilbeit
12.04.2018. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунун баары келип жумушсуздука такалат.Болбогон акчага кызыгып адам өлтүрүү жана тоноого барып атышат.Таксист болуп иштеген күндө деле жаратып таппаса керек да.азыр эмне көп такси көп
Lina түзөттү 2018-04-12 23:45:28
13.04.2018. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jeki95 эмне азыр кобоюп жатабы анан,андай ХХХХХ ХХХХХХ бизде болбой калды бирда тартип жок, мыйзам иштебейт.
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-13 15:08:25
13.04.2018. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Lirka ХХХХХХХХХХХХХ акчасы коптор чыгып кетет айласын табып. Анан баягы эле карапайым колунда жоктор эле калабыз. Андан коро ыйманыбызды тилеп жашай берели.
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-13 15:08:54
13.04.2018. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мумкун башка бироо олтургондур тообо адамды адам кантип олтурот тируу малды сой десе коркосун жанын ачышып
13.04.2018. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХХХХХХХХХ турмого чогултуп алып, жон эле бага бербей, курутуш кк, коомго зыяны тиет анан дагы.
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-13 17:38:24
14.04.2018. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамды олтуруп коюп, кенири такси кылып иштеп жургонун коркпой
16.04.2018. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым ай 5жаштагы баласына эле кыйын болуптур
16.04.2018. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аял заты назик алсыз болот ошол учун Аллах Таала кызды биринчи ата энеге экинчи куйоосуно аманат кылат . Балким Барга жокко каниет кылып озунун уйундо баласын карап иштесе да озуно жакын жерде иштесе балким мындай иштер болбос беле. Алыс жерде аял затынын жалгыз журушуно Аллах Таалам тыю салган. Аны менен кошо махрам болгон эркек журушу керек эле.Ар ким дин менен жашаса бактылуу болмок. Бирок аны копчулугу тушунбойт.
17.04.2018. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
agnesa,
Копчулук адамдар тушунбойт дагы сиз айтып жатканды.Туура.Дин менен адам бактылуулук табат.
17.04.2018. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо