Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

№805 6-апрель -12-апрель, 2018-ж.

КӨПШӨК КУЙМАКТАР
Көпшөк куймактарды (оладьи) эртең мененки чайга жана шашкедеги шам-шумга берсе эң сонун вариант. Шашылыш бирөө-жарым келип калса дароо бышырып бере койгонго да жакшы.
БАНАН ЖАНА ЖАҢГАК МЕНЕН
2 порция Даярдоо убактысы – 30 мүнөт

Керектелүүчү азыктар:

Банан – 1 даана
Жумуртка – 1 даана
Ун – 80 грамм
Кумшекер – 2 аш кашык
Сүт – 50 грамм
Көбүрткүч (разрыхлитель) – 0,5 чай кашык
Грек жаңгагынын маңызы – 1 кочуш
Өсүмдүк майы – 3 аш кашык
Бал – каалоого жараша

 

Даярдоо ыкмасы:

1. Бананды боткодой майдалап алуу керек. Бул үчүн блендерди кондонсоңуз же кашык менен эзсеңиз болот. Жаңгактын маңызын талкалап, майдалап алабыз.
2. Кумшекерди идишке салып, үстүнө жумуртканы чагып, банан пюресин жана жылуу сүттү кошуп аралаштыруу кажет. Булардын үстүнө эленген унду, көптүргүчтү жана талкаланган жаңгактын жарымынан көбүн кошуп кайрадан аралаштырыңыз.
3. Көмөч казанды ысытып, майды куюп, куймактын камырынан 1 аш кашыктан куюп бышыра беребиз. Бышкандардын үстүнө балдан куюп, жаңгактан себелеп дасторконго суна берсеңиз болот.

 

БЫШТАК ЖАНА АЛМА МЕНЕН
4 порция Даярдоо убактысы – 30 мүнөт

 

Керектелүүчү азыктар:
Йогурт (алманыкы болсо жакшы) же айран – 0,5 литр
Жумуртка – 2 даана
Кумшекер – 4 аш кашык
Быштак – 250 грамм
Сода – бир чымчым
Ун – 6 аш кашык
Туз – бир чымчым
Алма – 2 даана
Өсүмдүк майы – каалоого жараша
Каймак – 4 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Чуңкур идишке йогуртту куюп, жумуртка менен кумшекерди кошуп, жакшылап аралаштырабыз. Эми быштакты кошуп блендер менен чалып, аралаштырабыз. Үстүнө содага 1 тамчы уксус кошуп өчүрүп, аны кошобуз (эгер сизде йогурт болсо). Эгер айран кошуп жатсаңыз анда соданы өчүрбөй түз эле кошосуз. Баарын жакшылап дагы аралаштыруу кажет.
2. Буларга ун менен тузду кошобуз. Камырдын коюулугу коюу каймактай болуусу шарт. Кабыгы аарчылган алманы сүргүчтүн чоң көзүнөн өткөрүп, камырга кошуп аралаштырабыз.
3. Көмөч казанды ысытып, майдан куюп, куймактарды бышырабыз.
4. Бышкан куймактарды каймак (кыям болсо деле болот) менен дасторконго узатабыз.

АШКАБАК ЖАНА КАБАКЧА МЕНЕН
4 порция Даярдоо убактысы – 40 мүнөт

Керектелүүчү азыктар:

Ашкабак – 300 грамм
Кабакча – 300 грамм
Сарымсак – 2 тишче
Жумуртка – 2 даана
Ун – 5-6 аш кашык
Укроп (же петрушка), мурч – каалоого жараша
Өсүмдүк майы – каалоого жараша
Туз
– бир чымчым

 

Даярдоо ыкмасы:
1.
Кабакча менен ашкабактын сыртын жууп, кабыгын аарчып, сүргүчтүн чоң көзүнөн өткөрүп, ашыкча ширесин сыгып алабыз. Сарымсакты жанчып, укропту майдалап туурап алабыз.
2. Сүргүчтөн өткөрүлгөн жашылчаларга туз, мурч, жумуртка, сарымсак, тууралган укроп, унду кошуп аралаштырабыз.
3. Көмөч казанды ысытып, майдан куюп, камырдан салып, эки жагын кызарта бышырып дасторконго беребиз.

 


Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(13)
10.04.2018. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Майга бышкандыктан майлуу болот, майды сүйбөгөндөргө понкейк сунушталат
11.04.2018. 04:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jemile,пэнкейк же пенкейк, англисче pancake деген создон алынган.
13.04.2018. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Zaina,ушул жерде да катаны издеп олуп кетет экенсинер да
16.04.2018. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
crazyloop, турасын айтса жаманбы?
10.04.2018. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кабакча деген кандай осумдук
10.04.2018. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ayka96,обычный кабачок
11.04.2018. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ayka96, баклажандын жашылы
11.04.2018. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кабакча эмес кабачки эле болот го
12.04.2018. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Hurem,кабачки деп орустар айта берсин.
12.04.2018. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Hurem, ашкабактан улам кабакча деп коюшча керек да!
15.04.2018. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сооданы кантип өчүрөт?
16.04.2018. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazi25,кашыктагы соодага уксус тамчылатасын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо