Гүлзаир Сагынова, ырчы: «КОМУЗУМА КЫЗЫГЫШСА КЫРГЫЗ ЭКЕНИМЕ СЫЙМЫКТАНАМ»

№805 6-апрель -12-апрель, 2018-ж.

«Мен ырдап жылдыз болуп кетейин деп максат койгон эмесмин. Жан дүйнөмдү азыктандыруу үчүн ырдайм, улуттук аспаптарда ойнойм»,- дейт Гүлзаир. Бир эле учурда эки жактан билим алып жаткан ырчы кыз чыгармачылыгым өз нугунда кете берсе, экономисттик кесибимди улантсам дейт.

Туулган жылы, күнү
– 1994-жыл, 9-август
Туулган жери – Нарын облусу, Кочкор району, Исакеев айылы
Билими – КЭАУда менеджмент факультетин быйыл, Улуттук консерваториянын элдик ырдоо бөлүмүн кийинки жылы аяктайт.
Репертуарындагы чыгармалар – «Кайра келчи, каркырам», «Ак таң», «Табышмактуу сезим», «Өмүр» жана башкалар
Жактырган гүлү – Ак роза
Унаасы – Лексус RX 300
Ойногон музыкалык аспаптары – Комуз, ооз комуз, жыгач ооз комуз. Кыл кыякты да профессионалдык деңгээлде өздөштүрсөм дейт.


– Кандайсың, Гүлзаир? Өзгөчө болгон атыңдын мааниси кандай?
– Жакшы, рахмат. Мындай атты мен деле көп укчу эмесмин. Үйдөгүлөргө да «эмнеге башка ысым койгон эмессиңер?» дей берчүмүн. Мага ысым коюп жатканда маанисине деле көңүл бурушпаса керек. Өзүм изилдеп көрсөм, эски арабчадан которгондо «ачык» дегенди билдирет экен. Маанисин билгенден кийин кубанып калдым.
Каарман тууралуу

– Үйдүн эркеси экенсиң, тентектик жайың бар беле?
– Менин 6 байкем бар, жалгыз кызмын, коргоочуларым аябай көп (күлүп). Кичүүсү болгонум үчүн да эрке өстүм, аны танбайм. Балдар менен ойнойт элем, бирөө бир нерсе десе дароо мушташа кетчүмүн. Бирок байкелеримдин жашы менден бир топ улуу болгондуктан өзүмдү үйдө жалгыз сезип, эжем болсо деп самачумун. Менин эң биринчи коргоочум атам болду. Бирөөнүн үнү катуу чыкты дегиче «ата-а» деп чуркап жөнөчүмүн. Атам «менин кызыма тийбегиле» деп жүрөр эле. Азыр ошолорду эстесем уялам.

– Ырчылыкты тандашыңа ким же эмне себеп болду?
– Бул жаатка кокусунан келген эмесмин. Тайларымдын баары чыгармачыл адамдар. Үйдө комуз бар болчу, бала кезден эле комуз колумдан түшкөн жок. Мен устаттардан жолдуу болдум, окуучу кезимде залкар комузчу Зайнидин Иманалиев комуз үйрөтүп, ырдоо боюнча Кенже Кубатовадан сабак алгам. Салттуу музыка боюнча түшүнүк берген Нурланбек Нышанов болду. Азыр вокал боюнча устатым Токтобек Асаналиев.

– Сахнага чыгууну качан чечтиң?
– Улуттук консерваторияда 2-курста окуп жүргөнүмдө «мен даяр эмесмин, окушум керек, сахнага чыкчу деңгээлге жете элекмин» дечүмүн. Бирок күтүлбөгөн жерден алгачкы «Ак таңым» деген чыгармам жаралып, сахнага чыгып кеттим.

– Чет өлкөлөргө көп чыгат экенсиң. Кандай таасирде кайтасың?
– Азыр чет жакты эстрада менен таң калтыра албайсың. Биз өзүбүздүн улуттук кийим, улуттук аспаптарыбыз, байыртан бери нотасы жазылбай, ооздон-оозго калган музыкаларыбыз менен дүйнөнү таң калтырабыз. Чет өлкөгө чыкканда мен комуз ойногондон кийин сөзсүз музыканттар келип, аспаптарыбызды кармалап кызыгып кетишет. Ошол убакта патриоттук сезимдер ойгонуп, кыргыз болгонума сыймыктанам.
Бизди фестивалдарга, маданий иш-чараларга көп чакырышат. Көбүнчө бала бакча, мектеп, университеттерде, көчөдө топтолгон элге концерттер уюштурулат. Чет жакта ошентип элдин дүйнө таанымын өстүрүп, музыка менен сугарышат. Башка улуттун өзгөчөлүктөрүн көрсөтүшөт. Ошол нерселер бизде да өнүксө дейм.

– Бир кезде «Ордо сахна» этно-фольклордук театрында ырдаган экенсиң?
– Ооба, ал жакта эки жылдай иштедим. Мен максаттарыма жеткенден кийин алдыма башка жаңы пландарды коём. Учурда өз кесибим менен иштеп, өзүмдү сынап көрсөм деп жатам. Ошол себептен «Ордо сахнадан» кеттим.

– Маектин аягында жеке жашооңо токтоло кетсең. Эрке кыздын көңүлүн тапкан мырза барбы?
– Жүрөгүмдүн ээси бар. Ал чыгармачыл чөйрөдөн эмес. Мен эркектердин сөзүнө турганын, чечкиндүүлүгүн баалайм. Сөзүнө турган жигит гана эркек деген сөзгө татыктуу болот.


Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(6)
10.04.2018. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик жолун болсун үнү жакшы
10.04.2018. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ото таланттуу деп эсептейм. Тилеке каршы азыркы фонограмшик, звездамиштердин колокосунон жарк эте чыга албай жатканы окунучтуу.
"Ак таным" чыгармасын мыкты мыкты гана аткарып койгонсуз. Тажабайм угамго.
10.04.2018. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодец. Ийгилик.
10.04.2018. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен билгенден тогуз бир тууган өзү менен
10.04.2018. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун ырдайт. Азамат онорун оркундой берсин
10.04.2018. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ак таңым ыры менен ооруган элем)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо