Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Артык Саитов, ырчы: «САХНАЛАШТАРЫМДЫ КӨРҮП ШОУ-БИЗНЕСКЕ КАЙТКЫМ КЕЛЕТ»

№805 6-апрель -12-апрель, 2018-ж.

Он чакты жыл мурда өлкөдөгү музыкалык чарттарда биринчиликти бербей, дээрлик ар бир телефондо жаңырып калган «Атага кат» чыгармасы баарыбыздын эсибизде. Бул ирет мына ошол чыгарманын автору жана аткаруучусу, «Артык жана Сапар» дуэтинин ырчысы Артык Саитов менен маек курдук.

– Артык мырза, саламатсызбы? Учурда Орусияда экенсиз, мекенден алыска кетишиңизге эмне себеп болду?
– Салам. Бул жакка миграциянын агымы менен эл катары иштейин деп келдим. Учурда Москва шаарындагы тазалык кызматын сунуштаган компанияда кадр бөлүмүндө менеджер катары эмгек кылып жатам. Шартка байланыштуу ушул жумушта иштегенге туура келүүдө. Былтыр августта Кыргыз жергесине барып, улуу кызымды турмушка узатып келгем. Биринчи жолу кыз берип, башкача сезимдерге ээ болдум. Мындай жакшылыкты толкундануу, толгонуу менен кабыл алдым.

– Кесиптештериңиз чет жерлерде, анын ичинде Орусияда концерт коюп калышат. Алар менен жолугушуп турасызбы?
– Ооба, концерттерге катышып, ал тургай мекендештерибиздин тойлоруна да барып ырдап калам. Элибиздин мени унутпаганы, жакшы кабыл алганы кубандырат.

– Учурунда сиз жазган «Атага кат» чыгармасы калың элдин кыйырына жетти эле. Азыр ал ыр казак, өзбек тилдеринде жаңырууда...
– Сиз атаган чыгарма турмуштан алынгангабы, балким, чындап жүрөктөн чыгып аткарылгангабы, айтор, элге бат сиңип, айрымдар көзүнө жаш алган. Аны былтыр казак туугандар, алардын артынан өзбекстандык ырчылар мени таап чалышып, «Атага катты» ырдап чыгалы» деп уруксат сурашты. Каршы болгон жокмун. Болгону «обону кыргыздыкы экенин кошкула» деген талап койдум. Эң негизгиси элдин жүрөгүнө жеткире аткарылса, ал башкага таасир бере алса, кубанам.

– Чыгармачылыкка аралашкандан кийин андан алыстоо бир аз кыйын болот деп айтышат. Сахнаны сагындыңызбы?
– Ооба, канча жолу «чыгармачылыкты таштадым, болду эми ырдабайм» дегеним менен, жүрөктөн ырлар, обондор оргуштап чыга берет экен. Сахнанын сыры, сүрү болгондой эле, өзүнө тарткан касиети бар экенин билдим. Азыр сахналаштардын ырларын угуп, клиптерин көргөндө шоу-бизнес чөйрөсүнө кайрадан кайткым келет. Сахнаны сагындым.

– 2006-2007-жылдары шоу дүйнө да, күйөрмандар да башкача эле.Тыныгуудан кийин сахнага кайра кайтып, мурдагыдай күйөрмандар болбой калат деп коркпойсузбу?
– Ал жылдар ошондо сахнага чыккан баарыбыз үчүн жемиштүү болду окшойт. Ал учурдагы күйөрмандардын алды азыр бала-чакалуу болуп калышты. Ошентсе да ыр дүйнө муунга карабайт деп ойлойм. Чыгарма жүрөктөн чыгып аткарылса, азыр да ыр сүйүүчүлөрү чыгат деп ишенем.

– Бишкекке келгениңизде чыгармачылыкка киришем дедиңиз. Качан келесиз? Кандай жаңылык күтсөк болот?
– Буюрса, жакында мекениме барам. Жеңди түрө чыгармачылыкка катуу киришем деп турам. Учурда «Бир тууган», «Жалгыздык» деген чыгармаларды камдап койдум. Мекенге баргандан кийин эл менен кайрадан сахнадан көрүшүп каларбыз.

– Күтөбүз. Маегиңизге рахмат.

«Атага кат» биз үчүн ак жолтой чыгарма болду».


Алтынай Тынышова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(9)
10.04.2018. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Омой озу жаш болсо,кызы куйоого тийдиби?
10.04.2018. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Stervamyn, өзү 40га кирген болсо керек. Кызы 18-19дадыр
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-10 10:56:39
10.04.2018. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Учурунда жакшы чыккан. Булардын продюсери бир аз алкымы чон болуп калды. Ал эжеНин атын айтпай эле койоюн. Кече жүз метр чучук беш бармак жасашканда уюштуруучу катары жүргөн экен. Ошол эже продюсер болгондон кийин.түз жолго салса болмок. Акчаны ойлобой бир аз арканды узун ташташса азыр минтип россия жүрбөйт эле.
10.04.2018. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Tyty1990,Дана Абдыкадырова
11.04.2018. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ казакча вариантын кайдан тапсак болот?
12.04.2018. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ECMA, https://www.super.kg/media/audio/211195 Султан Садыралиев "Аурма аке"
11.04.2018. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр кандай болуп калды экен
13.04.2018. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Күтөбүз. Үнү жакшы болчу ырлары уккулуктуу
13.04.2018. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ, Артык Саитовдун "Даткайым" деген ырын кайдан тапсак болот?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо