№805 6-апрель -12-апрель, 2018-ж.
Өлкөдө ак илбирсти коргоо боюнча жаңы меморандум түзүлдү. Меморандумга өкмөткө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Арсен Рыспеков, ак илбирсти коргоо боюнча «Snow Leopard Trust» коммерциялык эмес бирикмесинин директору Чарудаг Мишра жана «Snow Leopard Foundation in the Kyrgyz Republic» коомдук фондунун директору Кубанычбек Жумабай уулу кол койду. Меморандумга ылайык, республика аймагында био ар түрдүүлүктү сактоого инвестиция тартуу жана ак илбирсти коргоо боюнча иш-аракеттерди активдештирүү каралган. Кыргыз жеринде ак илбирсти коргоо боюнча иш-чаралар көп өткөрүлөт. "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |