Жумагүл Раимжан кызы, ырчы: «ЭРКЕКТЕРДИН АКЫЛЫ, АНДАН КИЙИН ЧӨНТӨГҮ МААНИЛҮҮ»

№805 6-апрель -12-апрель, 2018-ж.

«Оорусаңыз таарынам» деп ырдайт бул кыз. Чын эле бирөө ооруса да таарынып кала тургандай назик, үлбүрөгөн маектешим жашоосундагы акыркы жаңылыктары менен бөлүштү. Бул жолу маек төрүбүздө Оштун сулуусу Жумагүл Раимжан кызы болмокчу.

– Жумагүл, борборго концерт бергени жатыптырсың, даярдыктар кандай?
– Борборго берип жаткан алгачкы концертим. Ош шаарында берип эле жүргөм. Айырмасы бар экен, башка ырчылардай менеджерлер менен иштешпейм. Андыктан уюштуруу иштери чоң иш экен. Буюрса, колдон келген аракетимдин баарын кылып концерт тартуулайын деп жатам.

– Ырчылык жолуң кантип башталды эле?
– Адамдын ары жагында угуту болсо, таланты болсо үйдө отургузбайт экен. Үй-бүлөмдө чыгармачылыкка аралашкан менден башка эч ким жок. Кичинемден ырдап, сынактарга катышып жүрдүм. Кээ бир адамга бат эле ийгилик, атактуулук келип калат. Мен болсо бул нерсеге улам бир кышты коюп жатып акырындап жеттим. Ырчылыкты маңдайыма жазган тагдыр деп билем. Эл алдына чыгып ырдап алсам кадимкидей жеңилдеп калам.

– Ыр тандап жатканда эмнесине маани бересиң?
– Ырды биз эл үчүн ырдайбыз. Андыктан элдин табитин эске алам. Мурун «ырдашым керек» деп эле ырдай берчүмүн. Азыр сөзүнө, обонуна, элге жеткире аларыма көзүм жеткен ырларды тандап калдым. Бир эле акынды же бир эле аранжировкачыны тандап алып иштешпейм. Чыгармачылыгымда ар түрдүү ырлар бар.

– Шоу-бизнести мен жунгли токою катары элестетем. Анда арстаны бар, карышкыры, түлкүсү бар дегендей. Бул жерде жашап кетүүгө сага ким, же болбосо кайсы сапат жардамчы болду?
– Туура айтасыз, баары бар (күлүп). Интригасы көп. Кээ бир учурда ырчылыкты таштап, башка нерсе менен алек болгум келет. Жардам берип, «сен мындай бас, мындай тур» деп акыл айткан адамдар бар. Бир канча пайыз эмгек, анан талант, өжөрлүк керек го. Ырчынын угарманы, жакшы ырлары болуш керек. Анан жашап кетүүгө шарт түзүлөт. Шоу-бизнесте кучакташып кеткен досум жок, өзүмө өтө жакындатпайм. Чайлашып, кучакташып, кечке эле ошону менен болуп кеткендер бар го, анте албайм. Менде дайым чектөө бар. Кайым айтышкан касым да жок. Баарына бирдей мамиле кылам. Менимче, ушул сапатым да мага жардамчы болду.

– Баарына чектөө бар экени сезилип турат. Табиятыңданбы же бир окуялардан улам чектөө барбы?
– Табиятымдан десем болот го. Токтоомун. Көпчүлүктү жактырбайм, азыркыга чейин уялчаакмын, тартынчаакмын. Кээде бир жерге барып, тартынып үйүнө кирбей кетип калган учурларым болгон. Шаан-шөкөттү сүйбөйм. Көп сүйлөбөйм. Кечелерге барып калганда баары эле «артист дагы сендей болмок беле, жоошсуң го» дей беришет. Айрымдар социалдык тармактарда кайсы жерге барганын, көйнөктөрүн, майда-чүйдөсүнө чейин эле сүрөттөрүн коюп, айта беришет. Мен анте албайм. «Инстаграм баракчасынан көп байланышка чыкпайсың» деп да айтып калышат. Мүнөзүм ушундай болсо мен артист болгонум үчүн эле өзгөрө албайт экем. «Өзүңдү пиар кыл, тигини кыл, муну кыл» деп да кеңеш беришет. «Болгонум ушул» деп коём андай учурда. Кээ бир адамдар тез жетилишет го. Мен кеч жетилгендердин катарында окшойм.

– Мисалы, сага бирөө келип «эпатаждуу кылып чачыңды алдырабыз, башкача боёнтобуз» деген сунуш кылса эмне кылмаксың?
– Жок, андай нерсе мага жарашпайт. Андай кадамга барбайм. Ушундай боюнча эле калганым жагат.

– Өтө токтоо адам деле өмүрүндө бир жиндилик кылат, сен кылып көргөнсүңбү?
– Чектен ашкан эч нерсе кылып көргөн эмесмин.

– Жашооңдо из салган адам болду беле?
– Жашоомдо эң чоң из калтырган апам. Ар кандай абалымда, ар кандай маанайымда апама кайрылам. Акылын айтат, жол көрсөтөт. Кээде менин иштериме менден өтүп кайгырып алат. Эч ким энечелик күйбөйт, колдобойт.

– Анда мындай суроо берейин, жүрөгүңө из калтырган адам?..
– Жогоруда айткандай, кеч жетилдим. Сүйүү менен деле көп ишим болбоду. Биз эмнени пландасак да, Жараткан өзү билгендей пландап коёт экен. Көңүлүмө жаккан адам бар. Так маалымат айткым келбейт ал тууралуу. Маңдайга жазганын, буюрганын көрөбүз.

– Сен үчүн эркектердин физикалык түзүлүшү маанилүүбү, же акылыбы, балким, чөнтөгү...
– Эркек адам чыныгы эркектик сапатка ээ болуш керек. Сөзүнө турган, жоопкерчиликтүү, чечкиндүү болгонун баалайм. Демек, акылына карайм. Чөнтөгү да, албетте, маанилүү азыркы заманда.

– Үйү, иштеген иши, темир тулпары бар аялзаты дагы эмнелерди кыялданат болду экен?
– Балалуу болууну кыялданат.

– Эмесе, концертиңди да кыялданганыңдай өткөрүп ал. Ийгилик!


Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg


Жумагүл Раимжан кызы: "Сүйүү мага кеч келди"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(28)
10.04.2018. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Артынан ырларын калтырбай уккан күйөрман эмесмин. Бирок уккулуктуу үнү бар. Ийгилик каалайм
10.04.2018. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Негизи жакшы ырдайт, бул кызга спонсор керекпи же Бишкекке келалбайтавы,айтор,жакшы бир куулонуп чыгалбайтатта
12.04.2018. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aika2013, Ошто деле отумдуу бул кыз!_)))
SUPER.KG видео
10.04.2018. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Консертиң жакшы өтсүн
10.04.2018. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Үй бүлөөмдө чыгармачыл адам жок дептир. Кызык. Атасычы Раимжан Курбанов. Ырдайт, монолог окуйт, дагы башка таланттары бар киши
10.04.2018. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
taalay25,Жумагул Раимжан Курбановдун кызы э́мес болуш керек?
10.04.2018. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Aznazalai,ошонун кызы
11.04.2018. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
taalay25,Раимжан Курбанов каерден болот билесинби. Бул кыз Оштун жапалагынан мен билем тосно. Атасы жонокой киши.
11.04.2018. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sely,Раимжан Курбанов Советтен болот. Жүмагүл анын кызы сиз точно билсеңиз мен 100% билем. Атасы менен апасы азыр чогуу жашабаса эле анын кызы эмес дей бересиңерби? Ишенбесңер өзүнөн да сурагыла!
12.04.2018. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
taalay25, койчу эй! Р.Курбанов Кара-Суунун Монок айылынан болот!
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-13 09:19:04
12.04.2018. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
taalay25, анын кызы эмес ой! Жанында жургондой айтыптырсын го!
14.04.2018. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
BubleGum,сен билесинби же Раимжан менен Жумагул билеби?
14.04.2018. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
taalay25,Атаи каза болгон деп атат ко.
SUPER.KG видео
10.04.2018. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсын Жумагул чыгармачылыгынды аябай сыйлайбыз.Жапалак
10.04.2018. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
86 болсо жаш көрүнөт экенсиз.) Мен 90 91 ойлочумун да. Мүнөзү өзүн алып жүргөнү жакты. Ийгилик!
10.04.2018. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
30 жаштан ашып калыптырда турмушка чыкпайт бекен андан коро же ажырашып кеткенби...
10.04.2018. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын алтын кыз жонокойлуулугундон жазба бактылуу бол.
Медиа-портал
10.04.2018. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын алтын кыз тилегине жетип бактылуу бол.
10.04.2018. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир ыры менен ооруп жургон элем бир убактарда)))
10.04.2018. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирде мен элден озгочо кийинем элдер мен кийип жургон кийимди кийсем чечип салам башка кийбейм деп жыртвк джинси кийип тушкон суроту чыкан болчу. Элдер талап салган эле. Эми токтолуп калыптырда. Жакшы откоруп ал концертини бирок бирда ырын билбейм.
13.04.2018. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aitun,менин эсимде,)
10.04.2018. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жумагул чыныгы талантиын ээси, ырларын да журокко жакын. Бактылуу бол, Мен сени жылдыз эмес да, жаркыган ай деп билем деген ырын менен азыр да ооруйм
11.04.2018. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жердешиме каларым аялдык бакыт калайм
11.04.2018. 04:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Женеси ушул кызды мага туурулаганда ынабай койдум эле Ээ ырчы деп Мумкун ошондо макул болсом азыр экообуз ээрчишип журмокпуз
11.04.2018. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Targarien, ....dep maktanyp aldynyz)) 25ke emi chyksanyz anan kantip?))) Jalgandy kelishtirip koiupsuz))
aijamalkamiljan түзөттү 2018-04-11 19:28:16
11.04.2018. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aijamalkamiljan, жок ошол женеси озунон кичуу бир тууганына тийген экен
13.04.2018. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Targarien, Ооба. Бирок сиз 93-жылкы болсонуз ? Ошого айтканым?
13.04.2018. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
охооо дагы бир 10 жыл чөнтөгү калын жигит издесең.....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо