Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Назира Бердигулова, актриса: «ЖОЛДОШУМДУН МУРУНКУ ЖУБАЙЛАРЫ МЕНЕН СЫЙ МАМИЛЕДЕМИН»

№805 6-апрель -12-апрель, 2018-ж.

Актриса, телеалпаруучу Назира Бердигулованын айланасында бойдок кезинде кеп-сөз кандай көп болсо, турмуш курганда деле азайган жок. Буга себеп эмне? Актриса ал нерсени «демек, мен элге кызыктуу адаммын. Эң негизгиси сөз жабышса да, чөп чабышпасын» деп кабыл алат.
SUPER.KG порталына конок болгон Назира айымдын түз эфирдеги маегинин кызыктуу учурларын сиздерге сунуштайбыз.

– Тасмаларда жакшы аткарасыз. Актрисалык билимиңиз барбы же жөн гана таланттуусузбу?
– Актрисалык билимим жок. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, актриса Калича Сейдалиева эжебизден дикция, актёрдук чеберчилик боюнча сабак алып келем. Аракет, эмгек менен ушул даражага жеттик. Андан сырткары туура багыт койгон күчтүү режиссёрлор менен иштешкеним үчүн жакшы ролдорду жараттым окшойт.

– Жолдошуңуз сизге чейин эки ирет үйлөнгөн экен. Мурунку жубайлары менен бет келишкенсизби? Катышасыздарбы?
– Ооба, жолдошум мага чейин эки ирет үйлөнгөн. Биринчи жубайынан бир, экинчисинен да бир кызы бар. Ал айымдар менен сый мамиледемин, сүйлөшүп турабыз. Кыргызда жамандык-жакшылык бар эмеспи, катташабыз. Майрамдарда мен кыздарыбызды тамактанууга же эс алууга чакырып, колумдан келген жардамымды көрсөтөм. Бул менин аялдык милдетим деп эсептейм.
Турмушта ажырашуу кимдин гана башына түшпөйт. Мен жолдошума «кой, алар менен сүйлөшпө» деген күндө деле ал кабар алып турушу шарт. Мен деле энемин, андай нерсени жакшы түшүнөм.

– Турмуш деген оор экен да. Бирок сен сыр бербей жашап кеттиң. Жолдошуң кыздарына алимент төлөйбү?
– Албетте, толук төлөйт. Колунан келген жардамын берип келет.

– Эжеге бир эле суроо, үйүңөрдө канча машинаңар бар?
– Бул суроого жооп бербейм (күлүп)... Ар бирибиздин бирден машинабыз бар, ошол жетет го. Негизгиси унааларыбыз жолдо калтырбайт. Машина ошон үчүн керек да.

– Табигый сулуусуң. Келбетиңе кантип кам көрөсүң?
– Рахмат. Мен жашоодо идеал туткан адам – апам. Апам кичинекей кезибизден чачыбызга айрандан маска жасап берчү. Азыр деле кызым экөөбүз айран, чалкан, жумурткадан чачыбызга маска кылып турабыз. Анан да мен жер-жемиштерди көп жейм, ошонун чоң пайдасы бар. Кымбат баалуу косметикаларга көп акча коротпойм. Табигый азыктарга көңүл бөлөм.

– Жолдошуңуздун биринчи жубайы айыккыс дартка кабылып, элден жардам сурап жүрүптүр. Силер акчалай көмөк көрсөттүңөрбү?
– Ооба, ал айым ооруп жатат. Мен кол сунганмын. «Кайрымдуулук фонд менен биргеликте концерт өткөрүп берейин» деп телефон чалып байланышкам. Концерттен канча каражат чогулушун алдын ала билбейм да. Бирок жардам берейин дегем. Тилекке каршы, ал «эл билишин каалабайм, башкалар эмне деп ойлойт?» деп баш тартып койду.

– «Бирөөнүн көз жашына бакыт кура албайсың» деген кыргызда сөз бар го. Ошол макалга кошуласызбы?
– Жаракат болсо аны эч качан бүтөй албайсың. Жашоодо эч качан айым тандабайт, мырза тандайт. Мырза сага колдоо көрсөттү, сени сүйдү, сени менен турмуш курам деди. Демек, анын чечими болду. Ал кыялындагы таппай жүргөн айымын жолуктурду. Мындай ашыктык болгондо эч ким жолтоо боло албаса керек. Эгер түгөйлөрдүн ортосунда тунук махабат болсо, ал үй-бүлө эч качан бузулбайт деп ойлойм.

– Стресске кабылган учурлар болгонбу? Андан кантип чыккансыз?
– Стресс дайыма эле болот. Биздин баскан-турганыбыз стресс менен коштолот. Мен стрессти спорт менен чыгарам. Чуркаганды жакшы көрөм, 8-9 чакырымга чейин жөө басам. Кээде баламды велосипедине салып алып, жаан, суукка карабай алыска чейин кете берем.


ТҮЗ ЭФИРДЕН СОҢ...

– Атактуу болом деп бала кезден кыялданчу экенсиң. Атактуулук сага эмне берди?
– Кичинекей кезимде чын эле атактуу болсом деп тилек кылчумун. Анда экранга супсулуу болуп чыкканга кызыксам керек. Анын артындагы түйшүктү билчү эмесмин да. Көрсө, сулуу болуп чыгыштын өзү деле эмгекти талап кылат экен. Атактуулуктун артынан тааныш күттүм, дос күттүм, колум узарды.

– Ар бир адамдын кемчилиги, артыкчылыгы болот. Сен өзүңдү кандай мүнөздөйсүң?
– Кемчилигим – ишенчээктигим, ачыктыгым. Өзүмдүн сабырдуулугума баа берем.

– Турмуштан кандай сабак алдың?
– Жашоодо айымдардын ортосунда эч качан дос болбойт экен, мен ошого ынандым. Сен сыйлап, ашыңды коюп, ыйласа кошо ыйлаган айымдар оңой эле сатып кетишет экен. Азыр менин эң жакшы курбум – бул жаздык. Ыйласаң да, кыйкырсаң да унчукпайт.

– Айрымдар «үй-бүлөдө аял көбүрөөк сүйүш керек» десе, айрымдар «эркек сүйсө үй-бүлө бекем болот» дешет. Сенин оюң кандай?
– Мырза көбүрөөк сүйүш керек. Мырзанын сүйүүсү бийик болсо, бүт нерсени жеңет. Аялзаты жакшыбы-жаманбы баарына чыдайт. Эркектер сен сулуусуң, сен мыктысың деп дайым мактап, колдоп турса ошол бизге чоң дем болот.

– Азыр ажырашуулар көп болуп жатат. Буга эмне же ким себеп деп ойлойсуң?
– Эч нерсе жөн жерден болбойт. Аракет кылып, ал жагынан карманасыңбы, бул жагынан карманасыңбы жашооңду өзгөртө албайсың. Демек, ал Кудайдын буйругу. Эгер мырза башканы сүйүп калса, аялзаты бир гана белди бекем бууп, жашоого тике карап, «күйөөсү таштап кетти» деген кепке калбай аракет кылышы керек. Эркектин артынан чукулап, жамандаган бул алсыздык деп эсептейм. Албетте, балдардын баары ата-эне менен өскөнү жакшы. Эркек менен аял ажырашам деп чечтиби, алардын иши. Ортодо кыйналган эле балдар.


Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg


Назира Бердигулова: "Жолдошумдун мурунку аялы ооруп, жардам колун сунгам. Ал кабыл алган жок"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(18)
SUPER.KG видео
04.04.2018. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Алып баруучу Максат суроолорду аябай жакшы бересин,оз учурунда берип жооп аласын.
SUPER.KG видео
05.04.2018. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эмне чоюлуп жасалма болуп калган
SUPER.KG видео
05.04.2018. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен Назираны силер ойлогондон да чон элестетип журот элем. Жаш корунот ушу эже деп корсо жаш турбайбы озу. Бирок суйлогону чын эле чон адамды да муютуп сонун создорду таап суйлойт экен. Мага аябай жакты суйлогону. Бактылуу бол дагы коп балдарды берсин кудайым!
SUPER.KG видео
05.04.2018. 03:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Мдаа-а.. Грециянын борборун,1 кг канча грамм, H2O ну билбегенден кийин,мен очтум,очтум,очтум.Бул 2 класстын программасы. Эртен мн мектепке баламдын китебин салыштырам дейт ошондо бир ачып корсо болмок,бутун Кыргыз элине дагы бир жолу орусча айткандай очередной раз Лажа болду го. Супер инфонун жамаатына Чон рахмат!
lika83 түзөттү 2018-04-05 03:26:53
SUPER.KG видео
05.04.2018. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Максат Орзумбетов!Красавчик!красава!
lika83 түзөттү 2018-04-05 03:24:38
SUPER.KG видео
05.04.2018. 07:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Мен 4 аял алыш керек дегенге дайыма каршы чыоып келем.Аткент аял табиятынан кызганчаак келет?тез стресс болот.Жаш аял алып алса биринчи аялы стреске батып ооруп,же тез картайып кетет.Экинчи аял баарыбир бир жерде болбосо бир жерде суу куюп кетет.Акчасы барда билинбейт.Эже айыгып кетсин батыоаак,бирок куноо куйоосу менен ушул кызда болот деп ойлойм. Кайтар дуйно деп коет..
SUPER.KG видео
05.04.2018. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
ит ав дейт болуш керек дейт го,беймаани сүйлөп, жасалма назик боло бергендин эмне кереги бар^o^
SUPER.KG видео
05.04.2018. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Отто эле ыр окугандай суйлоптур го.Каттуу даярланып тыр жаттап.Бирок тааныбайт экем.
SUPER.KG видео
05.04.2018. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Баарын эле калп дей бериптир жооп бербейм деп шамал болбосо чоптун башы кыймылдабайт
SUPER.KG видео
06.04.2018. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Бир дагы жакшы суроо берилбептирго. Коп суроолорго жооп бербептирго жооб бербейм деп. Бирок жаман болуп кетип жатты го. Ушундай прошлыйы болгондон кийин эл астына чыкпай эле койбойбу тем более туз эфирге. Уят эле болуптурго
10.04.2018. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Качан болбосун, озун СУЛУУМУН дегенден эч тажабай келет, тооба
10.04.2018. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ит уро берет кербен журо берет
10.04.2018. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жизнь бумеранг
11.04.2018. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Маегинин маанисине караганда уй - булоолуу эркекти суйдуруп тийип алгандай го. Озу жаш, сулуу болуп туруп бойдок жигит таппады бекен.
12.04.2018. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кемчилигин ишенчектигин эмес обу жок мактанчаактыгын.
12.04.2018. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
буну унутуп койуптурму кыйраткан деле эч нерсеси жок жон эле мактаныш учун эле журот эмне болуп суйлоп калганы суроо берсе созуз мактанып кететко чиркин
12.04.2018. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азаматсыз!Ийгилик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо