ЧЫНАР КАПАРОВА ЭФИРГЕ КАЙТАТ

№805 6-апрель -12-апрель, 2018-ж.

КТРКнын "Ала-Тоо" маалымат программасынын мурдагы алып баруучусу, диктор Чынар Капарова аталган телекомпаниянын жетекчиси Илим Карыпбековду соттон утуп алды.
Жогорку Соттун басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча Чынар Капарова мурда ээлеген "Ала-Too" маалымат программасынын студиясынын баяндамачысы кызматына кайра коюлат. Ошондой эле КТРК тарабынан Капарованын пайдасына жалпысынан
60 миң 59 сом өндүрүлгөн. Анын ичинде аргасыз ишке чыкпаган учурдагы орточо эмгек акысы – 55 миң 59 сом, моралдык зыяндын компенсациясы – 5000 сом. Калган доо талаптар канааттандыруусуз калтырылган.
Бул тууралуу Чынар Капарова: «26-март күнү Жогорку Соттун чечими чыгып, менин талабымды толугу менен канааттандырып берди. Илим Майрамбекович соттун чечимин толугу менен аткарууга милдеттүү. Бирок мен азырынча маалымат бергенге ашыкпай турам. Соттун чечими колго тийип, аны сот аткаруучуларга алып барып, алар талапты аткарууга милдеттендириши керек. Алар мага кайсы жумушту бергени жатышат. Андан ары эфирге чыгарышабы ошондой маселелер чечилиши керек»,- дейт.
Кошумчалай кетсек, Чынар Капарованы 2016-жылы КТРКнын директору Илим Карыпбеков "Эфирден Сүйүнбай Эралиевди "Эл баатыры" деп туура эмес атады" деп кызматынан алганын айткан.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(6)
10.04.2018. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бир сөздү туура эмес айтканы үчүн жумуштан алса немецтен да өтүп кетиптир го Майрамбекович.Журналист кызды ашаткан Мусабекованы не кылса болот анда.
10.04.2018. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чынара красавица сынба.
10.04.2018. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Молодец экен... Сот ушул жерде туура чечим чыгарыптыр. 1% ишене баштадым соторго.
10.04.2018. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Гулжайна менен Назира канча элди шылдындаса да журушту го. Акырында элдер нараазы болгону учун эле айла жок кетирди. Ага караганда Чынар эде сонун алып барат, коргун, уккун келет. Убагында эскертуу берип эле койсо болмок. Жанылбас жаак, мудурулбос туяк болбойт деп айтылат эмеспи элибизде
15.04.2018. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Anhel, Ошо да выговор берип койсо болмок хотя бы, эми минтип акча толоп берип отурат Илим акебиз
10.04.2018. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чынара эн туура суйлогон адашкан ошол жетекчиси болуп жатбайбы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо