Гүлнур Асанова, ырчы жана актриса: «БАЛАМ БОЛСО УКМУШ СҮЙҮНМӨКМҮН»

№806 13-апрель -19-апрель, 2018-ж.

Интернет өнүгүп социалдык тармактарды күндө сүрөтүн жүктөгөн жылдыздарсыз, аларга комментарийлерди жаадырган сынчыларсыз элестетүү кыйын. Бул ирет ырчы жана актриса Гүлнур Асанова айрым окурмандардын бүйүрүн кызыткан, ал эми хейтерлердин адаттагыдай жаадырган жагымсыз суроолоруна жооп бермекчи.

Edelveis929317
– Бир жумада берген убадаларын кантип аткарып үлгүрөт? Билбейм, экс-күйөөң Супермен эле болбосо, анда таарынсаң болот.
Гүлнур:
– Жеке жашоомо тийиштүү суроолорго мен жооп бербей калгам. Эң негизгиси Кудайга койгом.

DAIN
– Өзүн назик, периште көрсөткүсү келгени менен, иш көп бул сулууда да, теңиңди табасың деп ойлойм.
Г.:
– Рахмат, жок дегенде теңиңди табасың деген сөзүңүзгө.

KIRA.
– Бул шоу-бизнестегилер өздөрүн пиарлап бүтпөйт го, ээ, популярдуу кайсы ыры бар бул айымдын? Бир жаркылдап жүргөнүн көрбөйм.
Г.:
– Мен өзүм муңдуу, лирикалык ырларга жакынмын. Салттуу музыкада хит жаратып жылдыз болуу максат эмес. Башкы вазыйпа – муундан-муунга элдик чыгармаларды бузбай калтыруу, жеткирүү, жоготпоо. Пиар менен алек болгон учурум болгон эмес. Буюрса, эми жаркылдаганымды дагы көрүп каларсыз.

Nanei
– «Орус мектепте окуп, орус мүнөзмүн» дегенди бул да кыпчып кетиптир.
Г.:
– Кыргыз мектепти окуп, ЖОЖду дагы кыргызча аяктагам. Болгону экинчи жогорку билимимде гана орусча окууга туура келген. Болушунча адабий тилде сүйлөгөнгө аракет кылам. Анткени кыпкыргызмын.

saamalya__01
– Балаң барбы сенин, Гүлнур?
Г.:
– Балам болсо укмуш сүйүнмөкмүн. Бир тууган эжемдин баласына төрөлгөндөн баштап каралашып, сүрөткө көбүрөөк түшүп, баракчама чыгаргандан улам «ушул балаңбы?» деп сурагандар көп. Төрөт үйүнөн чыгарган күндү видеого түшүргөнбүз. Жомок токуп менин балам дегендерге эмне дейм эми, ошол видеобузду көрүп кеткиле анда! Жээним апасына таарынганда «мен эжеме бала болом» деп таарынат.

aik951
– Мынча куниксиң...
Г.:
– Ушул суроону берген адамдын өзүнүн бетин көрүп суктангым келди. Ар бирибизди жаратуучу Аллах. Эң негизгиси 12 мүчөм түгөл экенине шүгүр кылам.

kubatova_0711
– Сиздин да көзүңүз минуспу? Кандай дары тамчылатасыз, кандай витаминдерди ичесиз?
Г.:
– Ооба. Врач жазып бергендерден башкасын колдонуп көргөн эмесмин. Көбүнчө көзгө тиешелүү көнүгүүлөрдү жасап турам. Анткени дарылардан көрө көнүгүүлөрдүн пайдасын кадимкидей байкагам.

Asipatapaeva
– Сен да мактанчааксың. Өзүңдү сулуу сезбечи. Такыр жакпайсың.
Г.:
– Беш кол тең эмес, кээ бирлерге жагам.

abdamitov.nursultan
– Эл адамы болгондон кийин сынды көтөрө билиш керек. Баарына тегиз жакпайсыңар өзүнүн майына өзү куурулуп эле жүрөт ушул эже.
Г.:
– Сындын да чеги болот. Туура сын-пикирди көп эле кабыл алам.

musa_barber1991
– Гулнур айым, мен сизди бактылуу кылмакмын, эгер кааласаңыз. Бирок акчам, байлыгым сиздикинен аз.
Г.:
– Азыр мен эч кимге ишенбей калгам.

Asnlieva
– ГКНБ кыларга иши жок «псевдо жылдызга» жазган комментарийлерди аңдып отура беришет бекен?
Г.:
– Аңдыйт деп эч ким айтпаса керек. Бирок мыйзам чегинде баарын аткарса болот.

DAKS
– Качан кабагы ачылат, мурун эле ачылчу эмес эле эми «после развода» такыр ачылбай калганбы?
Г.:
– Тилекке каршы, жасалма жаркылдай албайт экенмин.

keldibekova.janara
– Кандайсың? Ушу жазган ар бир комментарийге жинденип өзүңдү ачууга алдырбай жүр. Ушу жаман жазган комментарийди көңүлүңө алсаң жинди болуп каласың. Сабырың жок экен.
Г.:
– Сабырдуу болуш оңой эмес. Бир күн орун алмашып көрсөк болор эле).

bema3262
– Күйөөгө эмнеге тийдиң эле? Калың алуу үчүнбү же ойноппу?
Г.:
– Калыңды алуу үчүн тийсем, кайтарып бермек эмесмин. Мага бөтөн акча керек эмес! Менде баары Кудайга шүгүр, жетиштүү! Ойноп кайсы кыз тиер экен күйөөгө? Же күйөө оюнчукпу? Күйөөгө ар бир аялзаты бактылуу болсом, балалуу болуп, түтүн булатып сонун көз ирмемди өткөрсөм деген ниет менен тиет! Жашоо оюнчук эмес да, ойноп эскирсе жаңы сатып алгыдай. Же болбосо үйгө келгенде жакпай калып базардан алмаштырып келгидей. Тагдыр, жазмышты кийинчерээк түшүнөт чыгарсыз.

Atahsov
– Гүл кармап колдоруңа муңдуу карап,
Жылмайып турасың го, бакыт самап.
Кудайым жакшы нерсе бере көрсүн,
Кыргыздын керегине койчу жарап.
Г.:
– Рахмат, сизге да Кудай жакшы нерселерди берсин!

muenchen.kg
– Калдарыңды алдыртсаң болот. Меники дагы бар болчу, жакшы врач таап алып салсаң болот. Бул менин жеке оюм.
Г.:
– Бирөөсүн алдырайын деген ой болгон, менин ден соолугума кооптуу экенин айтышкан соң жүрөм да калым менен).


Асхат Субанбеков
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(41)
17.04.2018. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Эн соонун эле кыз,коро албагандар ар нерсенин башын бир суйлойт,ушундай суроолорду бергендер айнып калыптыр?билсенер эгер мен акылдуумун дегендер эчкачан бироонун жаманын айтбайт жана жашырат?кыйын экенсинер силерда ушул айымдай таанымал адам болуп алгыла?
Эжекеси булардын берген суроолоруна баш оорутбагыла?анткени адам денгээли кандай болсо ошондой суроолорду берет?
Эн башкысы Кудайым сиздинда бактынызды ачсын аамин.
17.04.2018. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мага оллло жагат
17.04.2018. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Гүлнур эже бактылуу болуңуз өтө жаман комментарий жазыпсынар ал селерге эмне болду? Эгерде селердин башынарга түшсө ошол иш анда эмне кылмак экенсинер бирөөнүн үстүнөн күлгөнчө өзүңдү ойлоп эртеңки күндү
17.04.2018. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
бул кыз ошондо 2куйоого тийип чыктыбы?
18.04.2018. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bond02,бир эле куйоого тийип ажырашты
17.04.2018. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Жалан гана крышасынан кеткендер жазыптыр, акылдуу адамдар антип жазбайт болчу, биринчи Гулнур чалык болгулачы, жаман куниксинго деген ким экен, мага суротунду жонотуп койчу, канчалык сулуу экенсин коройун
18.04.2018. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Paprikafm,туура айтасын
17.04.2018. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мынча куниксиң деген СУЛУУНУ көргүм келди)). Гүлнурдан сулуу болсоң түзүк эле экенсиң. Гүлнур сонун кыз го. Тантыраган эле суроолорду беришиптир го. Өздөрүнүн даражасын көрсөтүп. Ошондой ойлошсо да ичинен ойлошсун. Бычакты өзүңө ур, оорубаса башкага ур деген.
17.04.2018. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Гулнур эже сизди сыйлайбыз жаман комментарийлерге конул бурбай эле койунуз Кудайдын айтканы болот кудай кааласа бактынызды табасыз
17.04.2018. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Калын менен сулуусун
17.04.2018. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Тытып- жеп коёюн дешиптир го, адамдын конулун оорутуу да чон куноо!
17.04.2018. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бироонун конулун оорутууну ойлобой,жакшы жагынан ойлонолучу!
17.04.2018. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
сын эле тактырып койсо силерге сынчылар телефонуна биро адашып чалып башка бироонун атын сураса канча нерв болгон адамдарды кордум анан бул жактагы эби жок суроолорго кара менда жинденмекминда
17.04.2018. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Суроо берген адамдар өздөрүн укмуш сезишет окшойт. Көрө албастардын суроосу экени даана билинип турат. Гулнурдун чыпалагына тең келбейсиңер өзүңөргө бир карагыла
17.04.2018. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Супер силер дагы не чыгарасынар билбейм, Гулнур эженин журогун оорутуп, мисалы мага ушундайлар келсе 2 жума нерв болуп журмокмун.
17.04.2018. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Коралбагандар ардеме дей беришет
17.04.2018. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сынчынын сынар отугу майрык.Жузунор корунбосо да озунордун канчалык денгеелде адамдык сапатынар бар экенин корсотуп жатасынар урматту мусулман бир тууганым.Эгерде бироону кубанта албасан,анда капа кылба.Сен капа кылгыдай ал сага эч жамандык кылган жок.Турмуштан ажырашса ал балким тагдырдын жазмышы,ага биз канча аракет кылсак да ошол бойдон калат.Бироо жаман десе эле ал адамды жаман деп ойлоодон алыс бололучу,биз ал адамдын кандай экенин билбейбиз го акыры.
17.04.2018. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Суроо берерде ойлонуп коюшса болмок экен. Азыркы заманда кимдин кандай иши бар. Гулнур эже сабырдуу болунуз. Бул кемчонтойлор суйлой берет. Ишинизге ийгилик.
17.04.2018. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Адамдын билим денгээли оозунан чыккан созунон билинет, Гулнур эже капаланбаныз! Ит уро берет, кербен журо берет!
17.04.2018. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Дуйнодо эн мыкаачы адам, конул ооруткан адам болот. Ушунчалык ирип-чирип кеткен адамдар бар, суроо бергенинен эле билсен болот. Бироо менен эмне ишин бар? Эл эмне дейт деп жашасан, ирип-чирип керкен адамдар жогорудагыдай суроолору менен чунчутуп жиберет. Колдон келсе, жооп бербеш керек. Негативный комменттерди окубаш керек. Жек кором! Ушундай суроо менен озун ким экендигин корсотуп коюшат. Гулнурга ийгилик! Арамдык эмне экенин билбейт, ичинде кири жок кыз.
17.04.2018. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшынакай кыз бетиндеги калдары озуно жарашып турат.Ал эми суроо бергендер кудайдан жоо качкандар болуш керек.
17.04.2018. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Молодец жаман создорго да сонун жооп бериптир, чыныгы атактуу деп айтууга болот ушул кызды бактылуу бол,супсулуу жансын.
18.04.2018. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен ушул убакка чейин Гүлнур Асанова тууралуу жакшы ойдо болчумун. Анын актрисалык талантына, ырдаганына баа берчүмүн. Бирок, мындан 1-2ай мурун инстаграм баракчасындагы жарыялаган сүрөттөрүндө "Кыйын болсоңор мендей болуп эл жер көргүлө, кыйын болсоңор фестивалдардан жеңишке жеткиле, меникиндей 2миң сомуңар барбы? Ж.б" жазгандарын окуп алып таң калдым. Макул фейк аккаунттар менен жазып, сындаган 10 адам болсо, аларга жооп жазам деп 100 адамдын пикири өзгөрөт деп ойлобойбу?
18.04.2018. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Турмуш оюн болбосо не 1 ай жашап ажыраштын.Кайсы жинди ошентип той менен тийип жашап ажырашат.Намыс деген болуш керек да.Жонокой адам болсон бир жон элдин баарына жарыя болуп
18.04.2018. 06:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
bul kyz jon ele ХХХХХХХХхх
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-18 10:31:29
18.04.2018. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nora, такталбаган маалыматтарды жазып, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат!
18.04.2018. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Супер ото эле орой суроолорду иргеп койбоптурсунар.байкуш кызды талаттырып карап тамаша кылып тургансып эле калыпсынар.
18.04.2018. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бироонун жашоосу менен ишинер канча,эртенки кунубуз кандай болоорун билбейбиз!Эч бир адам ажырашам деп турмуш курбайт
18.04.2018. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
*Ириген ооздон чириген сөз чыгат* дейт элибизде. Ким кандай сүйлөсө өзү ошондой экенин билдирет. Мен талантыңды баалайм.
18.04.2018. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суроолорду окуп алып бул жакта мен жаман болуп кеттим. Адамдар, башка адамдын жан дүйнөсү жөнүндө ойлобой калышканбы? Жакшылык кылуу колуңдан келбесе анда жамандык кылба дешет го. Сөздү деле чеги менен ойлоп сүйлөп, ойлоп жазган жакшы негизи
19.04.2018. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Naziw, Balshi,
Гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо gazeta@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек!
22.04.2018. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла берген калыңды эмнеге алдырайын дегенсин Ошол калың менен сулуусуң да .
22.04.2018. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ИИ калдарынан бери асылыптырго))ал ар кимдин озунун ишиго ошол калдар менен озгочолонуп туратго.Сыйым бар эле азыр жок бир жумадан кийин ажрашып келгенден кийин.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо