Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Ильяз Абдыразаковдун уулу Розан: «АТАМ КОНЦЕРТТЕ, АНАН ҮЙДӨ ЫРДАЙТ»

№806 13-апрель -19-апрель, 2018-ж.

Ырчы Ильяз Абдыразаков эки уулунан соң кыздуу болуп маңдайы жарыла кубанып турган кези. Атасынын көчүрмөсү, үйдүн улуусу 5 жашка чыгып, чоң жигит болуп калыптыр. Башка балдарга салыштырмалуу токтоо келген Розан менен маектештик.

– Салам, Розан. Канча жаштасың?
– Беш (колу менен беш манжасын көрсөтүп).

– Бала бакчага барасыңбы?
– Мурда барчумун, азыр барбайм. Анткени балдар ветлянка болуп жатышат.

– Бала бакчада досторуң барбы?
– Ооба, Адил, Аделя, анан дагы бир Аделя деген досторум бар.

– Кандай оюндарды ойногонду жакшы көрөсүң?
– Мага стлашилкалар жагат. Ал деген светти өчүргөндө коркута турган оюн. Анан роботтор жөнүндөгү мультфильмдерди жакшы көрөм.

– Розан, сага атаң кандай жомокторду айтып берет?
– Атам мага жомок айтып бербейт. (Бул учурда Ильяз Абдыразаков сөзгө аралашып: «Үйдө орус тилиндеги жомок китептер жок. Бала бакча орус тилдүү, үйдөн апасы орусча сүйлөгөндүктөн, баланын да тили ошондой чыкты»).

– Жакында эле төрөлгөн карындашыңдын аты ким?
– Ага азырынча ат коюла элек. Сестлёнкамды жакшы көрөм. Блатишкамдын аты Арлан, ал жакында 2ге чыгат. Арлан экөөбүз желейка, спрей талашып урушабыз. Спрей деген оозго минтип (колу менен оозуна бир нерсе сепкендей ишарат кылды) чача турган таттуу напиток. Бирок мага кукуруза жагат, апам кукуруза, атам болсо морожный алып берет.

– А колуңдагы эмне?
– Бул деген лазерный меч да. Атам мага көк, Арланга кызыл меч алып берди.

– Розан, сен Ильяз Абдыразаков деген ким экенин билесиңби?
– Ооба, ал ырчы. Концерттерде, анан үйдө ырдайт. А мен ырдай да, бийлей да албайм. Мен чочутканды эле билем. Свет өчкөндө бирөөнүн артынан акырын келип «баа» деп чочутам.

– Атаң сени ыр айтып бере алат деди го?
– Мен садикке бара элегиме көп болду да, ошон үчүн стишокторду унутуп койдум.

– Аа, анда эмкиде көрүшкөндө ыр айтып бересиң, ээ?
– Ладно, пока.

Ильяз менен Розанды машина айдап ойноп жаткан жеринен кезиктирдик.


Алтынай Тынышова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  13 
Комментарийлер(7)
17.04.2018. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Ии жожом десе бактылуу омурлуу бол кырныздын керегинн жараган чыгаан инсан бол.
17.04.2018. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
ий десе ширин бала
17.04.2018. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
аябай ширин балагоо
17.04.2018. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Мен чочутканды эле билем дегеничи ииии козу десе.
17.04.2018. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
бактылуу балалык каалайм
17.04.2018. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Шоколад го шоколад омурлуу болсун
17.04.2018. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мынча ширин бала болбосо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо